Учурда Жогорку Кеңештин мурунку спикери Ахматбек Келдибеков, мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев жана ага таандык болгон «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун үстүнөн жазган арызы боюнча Октябрь райондук соту иш баштады.
Даттануучулар сөз сүйлөшүүдө.
К. Дүйшөбаев: “Мен экс- президент Атамбаев менен соттошууну өмүрүмдө ойлогон эмесмин. Убактылуу өкмөттө канча иш жасадык. Бул болуп жаткан окуя бизге жана Атамбаевге да абийир алып келбейт.
Атамбаев биздин ар- намысыбызды тебеледи. Эгерде Убактылуу өкмөт учурунда жакшы иш кылбаса Атамбаев премьер-министр да болмой калмак. Атамбаевдин учурунда силер мени сактагансыңар- деп, бизди кучактап алып ыйлаган учуру болгон.
Биз Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү убактысы келгенде бир команда болуп иштедик. Убактысы келгенде кызматты таштап кеткенбиз. Андан эч нерсе талашкан эмеспиз.
2016 – жылы 1 – августа ал бизге карата мамилесин табышмактуу түрдө өзгөрткөн. Ошондон бери биз менен салгылашууларга өтүп алды. Биз ойлогонбуз, президенттик кызматы бүтсө токтойт дегенбиз. Бирок, тилекке каршы андай болгон жок. Кайрадан бизди басынтканга өттү.
Ал: “Курултай өткөрүп аткандар ким? Төрагасы Дүйшебаев. Мен аны президент болор менен кызматтан айдагам. Учурунда тамеки, пирожки сурап жүргөн. Азыр анын канча мүлкү бар”- деди. Мен тамеки тартпайм. Мен офицермин, пирожки да сурабайм.
Чынында мени ал жумуштан айдаган эмес. Атамбаевдин сунушу менен ИИМдин алдындагы Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болгом. Мен барбайм десем болбой ал кызматка алып барган. Андан кийин да ал кишинин сунушу менен жогорку кызматтарда иштегем. Анан кайдан айдаган болуп калат?
Буга чейин сөз эркиндиги болуп жатат деп унчуккан эмеспиз.
Эске сала кетсек, алар экс-президенттен моралдык зыянга учуратканы үчүн жалпысынан 18 миллион сомдук компенсация талап кылышууда. Эгерде сотто утуп калышса каражатты жетим балдар үйлөрүнө жумшаарын маалымдашууда.