Categories

ЖКнын депутаттары эртеңден баштап шайлоочулар менен жер-жерлерде жолугушушат

Жогорку Кеӊешинин депутаттары эртеңден баштап  8-11-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде жолугушууларды өткөрүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому жаңы жылдын алдында кабыл алынгандыгын Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

 
Categories

Мас айдоочулар кармалышты паракор инспекторчу?..

1-январдан тарта жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузганга айып пул кымбаттагандан баштап  Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлоруна да көзөмөл күчөтүлдү. Өкмөт башчынын буйругу менен аталган кызматкерлердин пара алуусуна каршы иш аракеттерди жүргүзүү тапшырмасы тийешелүү күч түзүмдөрүнө тапшырылды.

Себеби, коомчулукта айып пул кымбаттаган менен мамлекеттин казынасына пайда түшпөйт, инспекторлордун капчыгын кампайтат?… деген сыяктуу күмөн саноолор арбын.

Бирок, тилекке каршы азырынча бир нече мас айдоочулар кармалышып, айып пулдар салынган менен паракор инспекторлор каттала элек. ИИМ эгерде инспекторлор тарабынан укук бузуу, пара талап кылуу, опузалоо, коркутуу сыяктуу көрүнүштөргө күбө болгондор болсо аталган министрлик ички иликтөө кызматына чалууну сунуштоодо.

Ички иликтөө кызматынын телефон номери — 0704 99-99-18, нөөмөт бөлүмү — 0 (312) 66-23-31.

 
Categories

Балдары майып ата-энелерге 4900 сомдон төлөнө баштайт

Майып балдарын баккан ата-энелерге 2019-жылдын 1-январынан баштап 4900 сомдон төлөнө баштайт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабарлады.

Улукбек Кочкоров: «1-январдан тартып бул ата-энелерге беш миң сомго жакын суммадагы айлык төлөнө башталат. Кийин биринчи топтогу чоң майыптарды караган адамдарга да биз келечекте мүмкүнчүлүккө жараша акча төлөөнү караштырып атабыз», – деди.

Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 420 миллион сом каралган. Маалыматка ылайык, майып баласын баккан ата-эненин эмгеги мамлекет тарабынан расмий таанылып, кийин пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон. Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.

 
Categories

Ө. Текебаевге ырайым кылуу сунушу каралууда

Саясатчы Ө. Текебаевдын абактан жаңы жылга чейин чыгышы тууралуу коомчулукта катуу кеп-сөз болгону маалым. Ага экс – президент Роза Отунбаеванын 25-декабрда өлкө башчысына Ө. Текебаевге  ырайым берүү боюнча кайрылганы негизги себеп болгон. Ал кайрылууну ЖКдагы фракция лидерлери толук колдошуп кол коюп беришкен.

Учурда Өмүрбек Текебаевди камактан чыгаруу боюнча президентке берилген сунуш президенттик аппаратта каралып жаткандыгы тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева маалымдоодо.

Эске сала кетсек экс- президент Роза Отунбаева “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып,  мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.

 
Categories

Премьер-министр М. Абылгазиев жолдордо паракорлорду кармоону буюрду

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев  Ички иштер министрлигине жана  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жолдордо паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу негизде атайын рейддерди жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жарандардын нааразычылыктарын жана сын-пикирлерин жаратууда. Бул КР Ички иштер министрлиги өз ишин жакшыртуу жана коррупциялык тобокелдиктердин тамырын кыркуу боюнча таасирдүү чараларды көрүүгө тийиш экенин айтып турат. ИИМ жолдордо тартипке келтирүү сыяктуу кеңири жана абдан зарыл иштерди акча табуу ыкмасы катары караган кызматкерлерден арылуусу керек.

Дал ушул ЖКККББ кызматкерлери жол коопсуздугу тармагындагы реформалардын башкы кыймылдаткыч күчү болуулары кажет. Башкы милдет – айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин бузбоого тийиш. Жол кырсыктарынан адамдарыбыз майып болуп жана өмүрлөрү кыйылбашы керек. Бир катар ички антикоррупциялык иш-чараларды өткөрүү керек. Ички иштер министрлигине КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жолдордо паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу негизде атайын рейддерди жүргүзүү зарыл.  Биз жолдорубуздун коопсуз жана ыңгайлуу болушун каалайбыз, анткени учурда өлкөдө жолдордун абалы али татаал бойдон калууда. Авариялуулук жогору бойдон турат. Ошондуктан биз биринчи кезекте инспекторлор өз милдеттерин натыйжалуу аткарууларына  жетишүүгө тийишпиз, алар жол коопсуздугун камсыздап жана жарандардын ишенимине татыктуу болуу үчүн умтулууга тийиш», — деди.

Премьер-министрдин айтымында, жарандар жол кыймылынын эрежесин бузгандар үчүн жаңы айыптардын натыйжалуулугуна  Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын милдеттерин так аткарбаган, өздөрү сактоого милдеттүү болгон мыйзамдарды бузууга барган кызматкерлерине жана сапаттуу алдын алуу иштеринин жоктугуна байланыштуу күмөн санап жатышат.

Ошондой эле өлкөдө автоунаалардын санынын өсүү тенденциясын эске алуу менен Премьер-министр жол кыймылын, айрыкча борбор шаардын кыймыл жыш жолдорунда башкаруу механизмдерин жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

 
Categories

Ажылыкка талапкерлерди каттоо 9-январдан 31-январга чейин жүргүзүлөт

2019-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу биометрикалык паспорттун негизинде 2019-жылдын 9-январынан 31-январь күнү саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Талапкерлер Кыргыстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынышмакчы.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.