Categories

Тоо булбулу Токтогулдун музейи (видео)

Улуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун чыгармалары жана музыкалык аспаптары Токтогул районунун Чолпон-Ата айылындагы  мемориалдык музейинде сакталып турат. Музей 1989-жылы акындын 125 жылдыгынын урматына курулган. Кененирээк музей төмөнкү сюжетте.

 
Categories

К.Турапов Опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды

Турапов Каримберди Ырысалиевич А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске сала кетсек, Керим Турапов буга чейин көп жылдар Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда башкы директор кызматында да иштеген.

 
Categories

Кочкордо үйлөрдүн короолорун суу каптады

Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы Жоон-Арык суусу тоңуп муз катмары  пайда болуп, 20 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч жок.

Жерине КР ӨКМнин Кочкор райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Кочкор райондук №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, айыл башчысы жана  айыл аймак тарабынан 1 экскаватор тартылган.

Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана тактоо  иш-чаралары жүргүзүлүп, тартылган техниканын жардамында суунун жээгин бекемдөө жумуштары аткарылган. Иш-чаралар 31-январь күнү улантылат.

 
Categories

Коомдук-саясий күчтөр референдумга чамынууда

Кыргызстандагы коомдук-саясий күчтөр 10 000 кол топтоо жолу менен референдум дайындоо боюнча документтерди Юстиция министрлигине тапшыргандыгын маалымдашууда.

Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бузурманкуловдун маалыматына караганда, референдум колдоо таап калса, анда негизинен үч суроо коюлат.

1)  Кыргызстандын эли тарабынан шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдарынын аткарган ар жылдык иштери Элдик Курултайларда (Элдик бийлик) каралышын жана саясий-коомдук баа берилишин колдойсуңбу?

Ооба                                   Жок

2) Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын (түрүн) колдойсуң?

– Парламенттикпи?    Ооба                      Жок

– Президенттикпи?     Ооба                      Жок

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары кандай шайлоо системасы менен шайланышын колдойсуң?

– Пропорциялык (100% партиялык тизме менен)                Ооба                          Жок

– Можаритардык (Бир мандаттуу шайлоо округунан)        Ооба                            Жок

– Аралаш (Пропорциялык-Можаритардык(50/50%))   Ооба                                    Жок

 
Categories

Суталиновду абактан бошотуу боюнча сот жылдырылды

Апрель окуясы боюнча соттолгон УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча сот жараяны 7-февралга жылдырылды. Буга ишти карап жаткан Бишкектин Ленин райондук сотуна прокуратуранын өкүлү келбей калганы себеп болду.

Анын жактоочусу Тимур Карабаевдин маалыматына караганда, Суталинов кезектеги химиятерапиялык курстан өткөн. Медициналык документтер боюнча анда рецидив байкалып, ден – соолугу начарлап жатат. Оорусу күндөн күнгө күчөөдө.

 
Categories

Өткөн жылы кыргыз спортчулары 499 медалды жеңип алган

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө 2018-жыл атамекендик спорт үчүн абдан ийгиликтүү жылдардан болгондугун баса белгиледи.  Жалпысынан алганда, 2018-жылы атамекендик спортчулар ар кыл ири эл аралык спорттук иш-чараларда 499 медалды жеңип алган.

Алтынай Өмүрбекова: «2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын жана спорттук стипендияларды жогорулатуу, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде бардык эл аралык стандарттарды эске алуу менен олимпиадалык борбордун курулушун баштоо жөнүндө чечим биздин спорттун келечектүү өсүүсүн өбөлгөлөйт деп ишенебиз», – деди.

Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, спорттук жалпы иш-чараларды жайылтуу жана өлкө калкын сергек жашоого үндөөнү күчөтүү боюнча иштерди активдештирүү зарыл.

 
Categories

Мунапыска 4 миӊ 172 адам илиниши мүмкүн

Жогорку Кеӊештин жыйынында “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбооу боюнча демилгечилердин бири Исхак Масалиев баяндама жасады.

Ушул мыйзам долбооруна ылайык, мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен, жазык жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү негизги жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөндөгүлөрдү бошотуу сунушталат:

1) беш жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жетпеген адамдар;

2) 60 жаштан улгайган эркектер, ошондой эле 55 жаштан улгайган аялдар;

3) I жана II топтогу майыптар;

4) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;

5) анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.

Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен, ушул мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна дал келбеген адамдардын жаза өтөлбөгөн мөөнөтү төмөндөгүдөй кыскартылары сунушталат:

1) жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорго – жарымын;

2) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алгандагы мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго – үчтөн бирине;

4) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго – бештен бирине;

6) тарбиялык жатак-абактарында жаза өтөп жаткан, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгон жашы жетпегендерге – жарымын.

Ошентип, бүгүнкү күндө мунапыска 4 миӊ 172 адам, алардын ичинде, 1-берене менен 285 (адам жазадан бошотулат) туура келет. Талкууда 2 миӊ 172 адамдын 285и түрмөдөн бошоп,  калганы жаза мөөнөтүнөн кыскартылаары белгилүү болду.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

 
Categories

Жалал-Абадда 10 тонна чөп күйүп кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын Жылкоол айылындагы ачык аянтта жыйылган 10 тонна чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 29-январдан 30-январга караган түнү саат 00:36да чектөөгө алынып, саат 02:05де толук өчүрүлгөн. Учурда тилсиз жоонун  келип чыгуу себеби такталууда.

 
Categories

Сокулуктун тургундары муктаж үй-бүлөлөргө 10 миң сомдук азык-түлүк тапшырышты

Сокулук районундагы Чак-Көл айылынын имамы Кудаяр Мусаев  жергиликтүү эл  менен биргеликте айылдагы муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө 10 миң сомдук азык-түлүк тапшырышты.Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Кудаяр Мусаев: «Айыл эли сунушубузду колдоп, муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө күнүмдүк турмушка керектелүүчү азык-түлүктөрдү тапшырдык. Айылыбыздын тургундарына ыраазычылык билдирем жана келечекте ушундай эле кайрымдуулуктарды жасап турууну максат кылдык»,-деди.

 
Categories

Кыргыз драма театры февралдагы репертуарын жарыялады. Тизме

Театр – маданияттын очогу. Кыргыз театрларынын флагманы болгон Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын үстүбүздөгү жылдын февраль айындагы репертуары менен таанышып алыңыздар.

Театр сүйүүчүлөрүнө жалпы 11 спектакль көрсөтүлөт. 

Спектаклдердин баары саат 18.00дө башталат.

7-февраль — “Тумар ханыша”, Бактыгүл Чотурова;

8-февраль — “Күүгүм”, Юлия Дамскер;

9-февраль — “Саманчынын жолу”, Чыңгыз Айтматов;

10-февраль — “Үйлөнүү”, Николай Гоголь;

12-13- февраль — “Кылым карытар бир күн”, Чыңгыз Айтматов;

15-февраль — “Вестсайд окуясы”, Эрнест Леман;

17-февраль — “Чыңгызхандын ак булуту”, Чыңгыз Айтматов;

19-20-февраль — “Оо, кыздар”, Султан Раев;

21-февраль — “Тагдыр”, Рахымжан Отарбаев;

22-февраль — “Абийир кечирбейт”, Токтоболот Абдумомунов;

24-февраль — “Күйөө бала”, Саид Ахмад.