Categories

Роналду Италияда даарыланып жаткан кыргызстандык кызды көргөнү барды. (сүрөт)

Дүйнөгө белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналду Италияда дарыланып жаткан кыргызстандык кызды көргөнү барды. 

Бул тууралуу Улуттук онкология жана гемотология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери Дамира Байзакова соцтармактагы өздүк баракчасына жазып чыкты.

“Юна аттуу кыргызстандык кыз рак илдетинен сөөктөрү жабыркаган. Биздин ооруканадан химиотерапия алып,кийинки даарыланууну Италиянын Турин шаарынан улантууга кеткен. Дарылануунун эң оор этаптары артта калды. Юнаны көргөнү келген  италиялык “Ювентус” клубунун оюнчуларына жана Роналду менен анын жубайы Джоржина Родригесге ыраазычылык”, -деп жазган Байзакова 

https://www.facebook.com/100000931452185/posts/2464855240222167/

 
Categories

“Ак шумкар” – Филиппин 3:1

Кыргыз футболчулары үчүнчү беттешүүсүндө болуп көрбөгөндөй оюн көргөзүштү. Филиппин командасы менен болгон беттешүүсү футбол күйөрмандарын алдыдагы оюндарга шыктандырып койду. “Ак шумкар” командасы Филиппиндерди 3:1 эсебинде утту.

Жыйынтыгында плей-оффко чыгып, кийинки оюндарга катышууга укук алды.

“Ак шумкар” командасы кийинки оюнду 21 – январда Бириккен Араб Эмиратынын командасы менен ойношот.

 
Categories

“Ак шумкар” – Филиппин 2:0

“Ак Шумкар” командасы кыргыз футбол күйөрмандары күткөндөй эле ойношууда. Оюндун биринчи таймын 1:0 эсебинде аякташкан.

Оюндун экинчи таймынын башталышы да “Ак шумкар” командасы үчүн жемиштүү башталды. Таймдын алгачкы он мүнөттүн ичинде экинчи голду атаандаштары Филиппиндин дарбазасына киргизишти. Натыйжада 2:0 эсебинде кыргыз футболчулары алдыда.

 
Categories

“Ак шумкар” командасы Филиппин командасына бир гол киргизди

Учурда кыргыз футболчулары “Ак шумкар” командасы менен Филиппиндин командасы беттешүүдө. Оюн кызуу өтүүдө. Оюндун 21-мүнөтүндө чабуулчу Виталий Люкс  биринчи голду Филиппиндин дарбазасына күтүүсүз киргизди. Натыйжада Кыргызстан утушка ээ болуп, 1:0 эсебинде биринчи тайм аяктады.

 
Categories

Таштандыда жаткан бешик интернетте ызы-чуу жаратты

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири Илим Курмушуев деген жаран колдонуучу таштандыда жаткан бешиктин сүрөтүн чыгарып, “Бети жок” аталышындагы ыр жазган.

Бала бөлөгөн бешикти таштандыга таштаган адамдарга наалат айтып, “маңкурт” деп атагандар дагы бар.

Колдонуучулардын бири, “Небереме бешик таппай жүрсөм, кандай тарбиясы жок адам таштады экен”, -деген пикирин жазган.

Ата-бабадан мурас калып, ушул күнгө жеткен бешик бир үйгө батпай, таштандыда жатканын көрүп кейийсиң.

БЕТИ ЖОК ! ,, БЕТИ ЖОК ! " – деп мени да, башкаңды да,Бешик жатат береги таштандыда!Көз тунарып, көөдөнүм…

Опубликовано Ilim Kurmushuev Понедельник, 14 января 2019 г.

 
Categories

Орусияда жол кырсыгы катталып, 2 кыргызстандык жабыркады

????????????????????????????????????

Орусиянын Рязанск облусунда «Газель-Валдай» жана ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, кесепетинен кыргызстандык 2 жаран жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдирди.

ВАЗ 2107 унаасын кыргызстандык 22 жаштагы жаран башкарып бара жаткан. Анын баш мээси чайкалып, учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Мындан тышкары жеңил унаанын жүргүнчүсү да жаракат алган.

«Полиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат», -деп билдиришти элчиликтен.

 
Categories

Парламентке көйнөксүз келген өкүл жыйындан чыгарылды

Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов көйнөк эмес футболка кийип келгени үчүн парламенттин жалпы жыйынынан чыгарылды.

“ Сиз ордуңуздан турсаңыз. Бул жер эмне базарбы? Атайын тартип бар дал ушул кийим-кече, жүрүм-турум боюнча.”, деп уяткарды вице-спикер Мирлан Бакиров. Ал өкмөттүн аппаратына муну көзөмөлгө алууну тапшырды.

Жыйынга чакырылгандардын  арасында да Тынысовдун аты-жөнү жок болгондуктан, спикердин талабы менен залдан чыгып кетти.

Футболка кийип келдиң деп Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгарылды.

Опубликовано Rasul Murat Среда, 16 января 2019 г.

 
Categories

Элчи Ж.Кулубаев «Kazakh Tourism» компаниясынын төрагасынын орун басары Т.Дуйсенгелиев менен жолугушту

Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Ж.Кулубаев «Kazakh Tourism» АК улуттук компаниянын төрагасынын орун басары Т.Дуйсенгелиев менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ж.Кулубаев  жолугушуу учурунда 2019-жылында Кыргызстандын туризм тармагында боло турган иш-чаралар, ошондой эле Казакстан жана аймактагы кошуна өлкөлөр менен туризм секторунда кызматташтыкты тереңдетүү иш- аракеттери жөнүндө маалымат берди. Өз учурунда Т.Дуйсенгалиев кыргыз тарабын Казакстанда уюштурулуп жаткан «Мандалак жолу», «Кɵчмɵндɵр дүйнɵсү», «Apple Fest» аттуу фестивалдар, “Алтай – түрк маданиятынын бешиги” аттуу конференция сыяктуу эл аралык иш-чараларга активдуу катышууга чакырды.

Жолугушуу учурунда эки тарап биргелешкен туристтик долбоорлордун ɵнүгүүсүн, Борбордук Азия аймагына туристик агымдарды тартуу жана ушул тармакта ɵз ара пайдалуу ɵнɵктɵштүктү колдоо үчүн атайын шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

 
Categories

Дача СУ айылындагы авиа кырсыктын 2 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү(фото)

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Президенттин Аппарат жетекчиси Досалы Эсаналиев 2017-жылдын 16-январында Дача СУ айылында  «Боинг-747»  жүк учагынын кыйрашынан каза болгондордун эстелигине гүл коюу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Учактын кыйрашынын 2 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына ошондой эле каза тапкандардын жакындары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада маркумдарга куран окутулду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын айылында  «Боинг-747»  жүк учагы кырсыкка учурап, анын кыйрашынын кесепетинен 39 адам набыт болгон, 4 экипаж мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны.

 
Categories

К. Исаев: “Японияда мугалимдерге элчинин кол тийбестиги берилип, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн”

9 – класстан кийин 9754 бала орто билим алууну улантпай, кесиптик – техникалык адистикке ээ болууга да жол таппай, көчө өспүрүмдөрүнө айланганын статистикалык эсептер ачыктоодо. Жылдан – жылга бул көрсөткүчтүн өсүп жаткандыгы да өкүнүчтүү. Ошондуктан, мындай абалды ооздуктоо максатында “КР Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

ЖК депутаты Канатбек Исаев: “Мектепти 9 – класстан кийин улантпай калган улан – кыздарды милдеттүү түрдө кесиптик – техникалык окуу жайларында окутуу зарылчылыгы белгиленген. Ошондуктан, кесиптик – техникалык окуу жайлардын базасын жакшыртуу иштерине да көңүл бурулат. Японияда мугалимдердин кадыр – баркы жогору бааланат. Анткени, аларга элчинин кол тийбестиги берилип, аэропорттор менен соода жайларында жеңилдиктер каралып, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бизде да мугалимдерге көрүлгөн камкордук талаптагыдай болушу шарт, – деди.