2018-жылга салыштырмалуу ИДП 110 млрд сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өскөн. 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикага келген инвестициялардын көлөмү 580 млн АКШ долларын түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу өсүш 67,3% түзгөн. Мындай маалыматты Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев: “Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү. 2019-жылы республикага 8,5 млн чет элдик жаран келген, бул 2018-жылга караганда 1,5 млн көп», – деди.

Андан соң өкмөт башчысы 2020-жылы «Жерүй», «Чаарат ЗААВ», «Этибакыр-Терексай», «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз текстиль», «Металл кен», «Баден сервис» сыяктуу ири инвестициялык долбоорлор ишке кирерин билдирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.