Categories

Өзбекстандын белгилүү куудулу Абыд Асомов дүйнө салды

Өзбекстандын белгилүү куудулу Абыд Асомов 14-декабрда 55 жашында дүйнө салды. 

Бул маалыматты өзбек басылмалары жазып чыкты. 

11- декабрь күнү куудулду ооруп жатат деген маалымат тарап, бирок аны продюсери четке каккан болчу. 

 
Categories

“Жер-Үй” качан жемишин берет? (видео)

Өлкө башчынын жарлыгы менен 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганы маалым. Буга байланыштуу Талас облусунда бир катар алгылыктуу иштер аткарылды.

Атап айтсак, азыркы тапта ал жерде жолдор курулуп облустагы “Жер- Үй” алтын кенин иштетүүгө  болгон бардык аркеттер көрүлүүдө. Эгерде алтын кен ишке кире турган болсо, Таластын эле эмес, бүтүндөй өлкөнүн экономикасын алдыга сүйрөмөкчү.

“Жер-Үйдү” иштетүү укугун 2015-жылы май айында орусиялык “Орус планетасы” корпорациясынын курамына кирген “Восток геолдобыча” компаниясы утуп алган. Кийин ал кенди иштетүү үчүн Кыргызстанда “Альянс Алтын” ишканасы түзүлүп, 2015-жылдын 28-августунда эки лицензия алып, иш жүргүзүп келүүдө.

 
Categories

Тоо лыжа сезону 22-декабрда ачылат

Тоо лыжа сезонунун расмий ачылышы  22- декабрда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрилигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Кышкы лыжа сезонунун ачылуу аземине премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу да  күтүлүүдө.

Иш-чара Чүй облусунун тоо лыжа базаларынын биринде өтөт, азырынча кайсы базада болоору так чечиле элек.

Эске салсак, Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы бар. Заманбап тоо лыжа базалары негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

 

 
Categories

Президент Калиловду эмнеге жемеледи? (видео)

Бүгүн болуп өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынында Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кайдыгерлик көрсөткөндүгү үчүн Президент Сооронбай Жээнбековдун сынына кабылды.

Өлкө башчы Калиловдун орун басары ири суммадагы пара алып өлкөнү дүйнөгө уят кылып жатса да, кызматта кыңк этпей отургандыгы үчүн айыптады.

Ошондой эле министрликте катталган жемкорлукка тиешеси барлардын баары жооп бериши керектигин кошумчалады.

 

 
Categories

Дарыгерлер бейтаптын жараатын скотч менен таңып берген

Орусиянын Амур облусунун прокуратурасы Благовещенск шаардык ооруканасын текшерет. Аталган медициналык мекемеде операция жасалган оорулуунун жаратын таңган кезде скотч пайдаланылган деп жазды РИА Новости басылмасы.

Бул тууралуу 63 жаштагы бейтаптын кызы прокуратурага кабар берген. Анын айтымында, операциядан кийин апасынын жарасына дарыгерлер марлинин үстүнөн канцелярдык скотчту пайдаланган.

Ден-соолукту сактоо министрлиги аталган ооруканын хирургиялык бөлүмүндө ошол учурда лейкопластырь калбаганын айтып, бирок башка бөлүмдөрдө болгонун кабарлаган. Скотчту пайдалууна болбой тургандыгын дагы кошумчалаган.

Териштирүү иштери учурда жүрүп жаткандыгын прокуратура порталга билдирген.

 

 
Categories

Оюндан от чыгып, 7 тонна чөп күйүп кетти

Сузак районунун Үч -Малай айылында жаш балдар ойноп жатып, 7 тонна чөптү күйгүзүп жиберишкен.  Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматта,  кечээ, 13- декабрь күнү саат 15:50  чамасында  Үч-Малай айылындагы ачык аянтта жыйылган 7 тонна чөп, 200 түк саман жана 200 боо жүгөрү сабагы күйүп кетти.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:02 чектөөгө алынып, саат 18:20 толук өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби деп  жаш балдар от менен ойноп жатып чыккандыгы айтылды.

 

 
Categories

Пара алууга шектелген милиция кызматтан алынды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүмүнүн (ШИИББ) кызматкери Э. Кадыралиевге карата кызматтык иликтөө аяктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жакында социалдык тармактарда Бишкек ШИИББдин кызматкери Э. Кадыралиев мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айыбы угузулганы менен азыркы учурга чейин иштеп келгендиги боюнча билдирүү жарык көргөн.

“Азыркы учурда КР ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кадыралиев ички иштер органдарынан айдалды”, – деп берилет маалыматта.

 
Categories

Азиянын эки жолку чемиону Дарья Маслова турмуш жолуна аттанды

Азиянын эки жолку чемпиону жана  Азия оюндарынын жеңил атлетика боюнча жеңүүчүсү Дарья Маслова сүйүктүүсүнүн колун кармап,  турмуш  сапарына аттанды.

Маслова кечээ, 13-декабрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

23 жаштагы жөө күлүк кыз жолдошу менен төрт жылдан бери сүйлөшүп келген. Ал Александр Бакалов аттуу мырза

 
Categories

КРнын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиевдин жубайы көз жумду

КРнын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиевдин 40 жыл бирге түтүн булаткан жубайы Зоя Токторбаев узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу алып баруучунун жакын санаалаштары соцтармактагы баракчаларына жазып билдирди.

Жумалиевдин жубайынын сөөгү эртең, 15 декабрда Кичи Кеминде жерге берилет.

Белгилей кетсек, Зоя Токторбаева убагында театрдын жылдызы болуп, Бакен Кыдыкееванын “прима-актриса” деген баасына арзыган. Ал эми жолдошу экөөнүн ортосунда 1 уулу жана 2 неберси бар болчу.

 

 
Categories

Автобуска кечигүү менен лотореядан 50 миң доллар утуп алган

58 жаштагы америкалык күндөгү адатын өзгөртүп, башка дүкөндөн лотерея сатып алган.

АКШнын Балтимор шаарынын тургуну Кевин Фенвик балдарынын мектеп автобусунан кечигүүсүнүн аркасында джекпот утуп алды.

58 жаштагы Фенвик белгилүү бир дүкөндөн ар дайым лоторея сатып алчу,  ал күнү балдары автобусуна кечигип жаткандыктан башка жерден билет алууга мажбур болгон. Күндөгүдөй көңүлсүз лотореянын код жазылган  жерин өчүргөн, бир убакта 50 миң доллар утуп алганын көрүп ишенбеген, деп жазды сегодня порталы.

“ Өз көзүмө өзүм ишенбедим! Билетти аябай карадым. Бирок  “50 миң доллар” деген жазууну көрдүм”, – деди бактылуу болгон адам.

Буга чейин АКШнын Нью-Джерси штатында жашаган 47 жаштагы Ричард Уол Mega Millions лотореясынан 533 миллион доллар утуп алган.