Categories

И. Өмүркулов: ““Мени КСДПдан чыгаруу партиянын ичинде тартипсиздикке алып келет”

ЖКдагы КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов  аталган партиянын саясый кеңешинин чечими менен партиядан чыгарылуусун  мыйзамсыз деп, атады. Мындай билдирүүнү маалымат жыйынында билдирди.

Иса Өмүркулов: “Мени партиядан чыгаруу боюнча протоколду көргөн жокмун. Мен аны өз көзүм менен көрүшүм керек. Саясый чечимге кимдер катышты? Ал чечимдин печаты барбы” – деди.

Ал эми журналисттердин Сиз “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын демилегесин колдойсузбу деген суроого да жооп берди. “Менин партиядан чыгаруу партиянын ичинде тартипсиздикти алып келет. Өлкөнүн саясый абалына да таасир этиши мүмкүн. КСДП коомубузда таасирдүү партия. Партиянын лидери А. Атамбаев менен азырынча мамилем жакшы. Муну мен өз жагымдан айтып жатам. Ал кандай ойлойт, мен билбейм” – деди.

 
Categories

Апрель революциясынын баатырлары, маркумдар А. Касымов менен Э. Кыштообаевдин артында жетимдер калды”

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары күн тартибиндеги ар кандай маселелерди айтышууда.

Депутат Р. Момбеков: “Апрель революциясынын баатырлары  А. Касымов менен “снайпер” деген каймана атка ээ болгон Эмил Кыштообаев алган жаракатынан улам каза болушту.Э. Кыштообаев Нарын районунун Эмгекчил айлында жерге берилди. Бири 7 – апрель күнү УКМКдан БТР  алып келип аянттагы элге жардам берсе,  бири автомат менен ак үйдүн ичиндеги снайперлерди аткылаган. Экөөсү тең Нарын облусунун кулундары. Кыштообаевди жерге берүүдө президент өзүнүн өкүлүн жиберип, 100 сом жардам бердирди.

Мен барып жерге берүү аземине катышып келдим. Касымовдун апасы баласынын эмгеги унутулуп калганын айтып, ыйлады. А. Касымов менен Кыштообаевдин артында бештен, жетиден жетим калды. Ушулардын турак жай маселеси чечилбептир. Өкмөттөн эч ким басып барган жок. Вице-премьер – министр К. Боронов басып барган жок. Нарын облусунун губернатору менен акими жүрдү. Алардын турак жайын өкмөт чечип бериши керек” – деди.

 
Categories

Өзбекстанда шишкебекке ууланып, 4 бир тууган каза тапты

Ташкент шаарына караштуу Чилонзар аймагында тамакка ууланып бир бүлөдө 4 бала каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү өзбек басылмалары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда,  балдардын апасы Умида Хаитова 30-октябрь күнү кечинде үйүнө 5 даана шишкебек сатып алып барган. Тамакты 3 кызы жана 1 уулу менен жеген.

Аялдын өзүнүн айтымында түнкү саат 23:30дар чамасында башы катуу ооруп, көңүлү айланган. Ошол эле учурда балдары жаткан үйдүн эшигин ачып караса, ооздорунан көбүк чыгып, эс-учун жоготкон абалда көрөт. Ыкчам түрдө тез жардам кызматына чалып чакырган. Ак xалатчандар келген учурда Хаитованын кыздары 22 жаштагы Азиза Акбарова, 17 жаштагы  Эзоза, 15 жаштагы Ирода Акбарова жана 6 жаштагы Фарруx Акбаров эчак эле жан бергендиги айтылат.

Аталган окуя боюнча учурда  Башкы прокуратура, ИИМ ошондой эле Санэпидемилогия кызматтарынын адистери биргеликте коммиссия түзүп, териштирүү иштери уланууда. 

 
Categories

Мира Карыбаева Президенттик Аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Карыбаева Мира Аскеровна ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 
Categories

2019-жылы биометрикалык паспортуң жок болсо ажылыкка бара албайсың

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2019-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады. Бул тууралуу муфтияттын  маалымат кызматы билдирди.

Ажылык  иштери мындан ары электондоштурулат. Андыктан муфтият биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы болуп жаткандыгына байланыштуу 2019-жылдан тарта ажылык сапарына барууну каалаган жарандарга биометрикалык  паспорттун негизинде каттоо жүрө тургандыгын эскертип, биометрикалык  паспорт алууга чакырууда.

 
Categories

Мунай өндүрүү боюнча АКШ Орусия атаандаштыгы

Сентябрда Кошмо Штаттар бир күндө 11, 346 миллион баррель мунай өндүрүү менен Орусиядан алдыга озду. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги энергетикалык маалымат боюнча америкалык федералдык башкармалыкка шилтеме берүү менен билдирди. Орусия күндө орто эсеп менен 11,21 миллион баррель мунай өндүргөн.

Техас, Колорадо жана башка айрым штаттардагы сланец кендерине инвестиция салууга дем бере турчу көмүрсуутектин баасы көтөрүлгөндүктөн, АКШда бир жыл ичинде мунай казуунун көлөмү рекорддук чекке жетти. Нью-Мексико штатындагы эн ири кенде дагы өндүрүш биртоп өстү.

Ошол эле маалда иран мунайына санкция киргизилгендиктен, Орусия менен Сауд Арабиясы да өндүрүштү көбөйтүүнү колго алды.

Божомолдор боюнча 2030-жылга карата АКШ күнүнө 16,5 миллион баррель нефт өндүрөт. Citigroup иликтөөчүлөрүнүн маалыматына караганда, келерки жылы америкалык өндүрүүчүлөр АКШнын керектөөлөрүн толугу менен камсыздап, чет жакка көбүрөөк өлчөмдө мунай экспорттой башташат.

АКШ бир нече жылдан бери энергоресурстарды өндүрүү боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. 2009-жылы Кошмо Штаттар жаратылыш газын чыгарууда Орусиядан озуп кеткен.

 
Categories

35 миң жумушчу орундуу индустриалдык-логистикалык парктын курулушу башталды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушу жүргүзүлчү жерге капсула коюу салтанатына катышты.

Долбоор Өкмөт тарабынан кабыл алынган Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программасын аткаруу алкагында ишке ашырылуда. «Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧК башкы директору Адилет Кубанычбеков Өкмөт башчыга маалымдагандай, парктын аймагында тигүү, текстилдик жана бут кийим продукциясын өндүрүү боюнча 112 профилдик фабриканын курулушу пландаштырылууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, бүгүн чоң майрам орун алууда, алсак, 70 га аянтта жайгашкан жана 35 миң жумушчу орунду түзө турган аймактагы көлөмдүү индустриалдык-логистикалык парктын курулушу башталууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын ишке ашыруу алкагында Өкмөт тарабынан калктын жашоосун жакшыртуу, атамекендик өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынууда. Жаратмандык – бул күнүмдүк талыкпаган эмгек. Бүгүн эгемендүүлүк жылдары ичинде алгачкы ирет жергиликтүү ишкерлер жеке инвестицияларын өлкө ичиндеги экономикалык долбоорлорго тарта алуу мүмкүндүгүн көрсөтүп жатат. Масштабдуу долбоорго тартылган каражаттын көпчүлүк бөлүгү – бул жергиликтүү ишкерлердин инвестициясы. Аларды Кытай жана Түркиянын инвесторлору колдоого алды. Жалпысынан алганда аталган индустриалдык-логистикалык парктын курулушуна 200 млн АКШ доллары багытталат», – деди.