Categories

Трамп Путин менен жолукпай тургандыгын айтты

Орусия президенти В. Путин менен АКШ президенти Доналдь Трамп жолукпай тургандыгын  кабарлады. Ал мындай билдирүүсүн өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Буга чейин маалым болгондой эки лидер “Чоң жыйырманын” жыйынынын алкагында жолугушмак.

Анын себеби катары Украинанын кемелеринин жана аскер адамдарынын Россиянын куралдуу күчтөрү тарабынан кармалышы, камалуусу негиз болгон.

Москванын маалыматына караганда, президент В. Путин “Чоң жыйырманын” жыйынына катышат. Бирок, эки лидердин жолугушуусу Аргентинада болбой калгандыгы тууралуу маалымат расмий түрдө бышыктала электигин билдирүүдө.

 
Categories

Мээримдүү жүрөгү жашоосун өзгөрткөн кайырчы бала (Котормо)

Кээ бир адамдардын колунда байлыгы, бийлиги жок болгону менен алардын мээримге толгон жүрөгү бар.

 Бул окуя Кениянын борбор шаары Найроби калаасында болгон. Өңү кара, кийген кийими эскилиги жеткен баланы ким көрсө да ууру же көчөнүн кайырчысы деп ойлойт. Ооба, ал көчөдө жол боюнда өткөн машиналардан кайыр сураган бала. Өспүрүмдүн ысымы – Жон. Ал күнү да Жон күндөгүдөй унаалардан кайыр сурап жүргөн. Кезектеги машинага келип, козун созуп туруп калды. Ал унаада өпкө оорусунун эң оор этабы менен ооруган Гледис Каманде бар болчу. Кычкылтек (кислород) бере турган кичинекей кошумча моторду  көргөн Жон анын эмне экендигине кызып сурады.  Гледис өзүнүн дарты жөнүндө  айтып бергенде ал үнсүз ыйлай берди. Дал ушул күнгө чейин ал өзүнүн көчөдөгү өмүрүн эң кыйын, эң оор өмүр  деп эсептечү. Бирок оорулуу аялдын абалын көргөн соң өзүнүн абалынан дагы Гледистин абалы оор экенин түшүндү.   Көз жашын токтото албаган бала оорулу аялдын колун кармап, кудайдан анын айыгып кетүүсүн тилейт. Кийин өзүнүн кайыр тилеп жыйнаган акчасынын баарын аялдын колуна карматат. Бул көрүнүштү  кокусунан сүрөткө тартып алган адам  окуя тууралуу социалдык тармактарга жарыялайт.
Натыйжасында социалдык тармактарда миңдеген адамдардын жүрөгүндөгү сезим ойгонот. Болгону 4 күндүн ичинде 3млн шиллинг (30 миң доллар) жыйналат. Андан соң, акчага Гледис Индияга барып эмделип, айыгып келген соң көчөдө кайыр сурап жүргөн Жонду асырап алат. Мектепке сабакка кирген Жондун өмүрү түбү менен өзгөрөт. Азыр анын үйү да, апасы да бар.
Кайырчы болсо да баланын аракети адамзат үчүн акча менен байлыктан да жогору, чын пейил менен ак көңүлдүк баарынан да кымбат экенин айкындаган эле…..

Которгон: Баян Дүйшөбаева

 
Categories

Кытайдын Акчий районунан кармалган кыргыздар 22 миңге жетти

Кытайда кармоолор уланып жатканын бирок, ал диндик көз караштарга байланыштуу эмес экенин кытайлык кыргыздардын бул жактагы туугандары билдиришүүдө.  Учурда “Кайра тарбиялоо лагерлерине” кармалгандардын саны Акчий районунан 22 миңге жетти. Мындай маалыматты маалымат жыйында Кытайдагы кыргыздарды коргоо комитетинин өкүлү Алманбет Осмон уулу билдирди.

Ал эми аталган райондо болгону 40 миң кыргыз жашашат.

Алманбет Осмон уулу: « Динден алыс адамдар деле кармалып жатат. Мисалы, беш убак намаз окубаган профессор Мамбеттурсун Мамбетакунов бар.   Менин тууганым Нурманбет Осмон кесиби боюнча  журналист. Аны террорчулукка айыптап жатышат», -деди.

 
Categories

Орусияда жол кырсыгы катталып, 5 казак жараны каза болду

Орусиянын Оренбург облусундагы Елшанка айылынын жанында казакстандын жарандары жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматта, окуя 28-ноябрь күнү саат 13:00 чамасында катталган. Оренбург-Соль-Илецк унаа жолунун 52-чакырымында MAN жүк ташуучу унаасы менен Volkswagen Sharan үлгүсүндөгү машина кагылышкан.

Жеңил унаанын ичинде 7 казакстандын жарандары болгон. Каргашалуу кырсыктан алардын бешөөсү ошол жерден көз жумуп, экөөсү жакын жердеги ооруканага жөнөтүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, көз жумгандардын үчөөсү Актөбө облусунун, экөөсү Кызылордо облусунун жарандары экендиги тастыкталган.

 

 
Categories

К. Бокоев: “Кирип-чыгып соода кылган өзбек жарандары патент менен иштеши керек”

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Ар кыл маселелер” саатында шайлоочулардын койгон талаптарын айтышты. Ал талаптарды иш жүзүнө ашыруу аткаруу бийлигине жүктөлдү.

Депутат Кенжебек Бокоев кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 100 миңдеген өзбек жарандары кирип-чыгып соода-сатыгын кылып жатканын айтып, өлкө бюджетин толтуруу максатында аларга патент менен иштөөсүн шарттоо керектигин сунуш кылды.

Ошону менен катар депутат Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессорлук-окутуучулук жамаатынын ичинде куугунтук, саат кыскартмай сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр тыйылбай, тескерисинче улантылып келе жаткандыгын ортого салды.

 
Categories

М. Сыдыков дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду багындырды (видео)

24-25-ноябрында  Азербайжандын Баку шаарында  «Серхедчи» спорттук  олимпиада комплексинде “Алпагут” боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Дүйнөлүк чемпионатта  18  өлкөнүн  бардык курактагы топтордун  500гө жакын спортчулары катышышты.  Чемпионатта  Кыргызстан,  Казакстан, Түркия, Германия, Пакистан, Украина, Афганистан, Венгрия, Иран, Индия, Грузия, Непал, Камерун, Түркмөнстан, Нигерия жана  Өзбекстандын спортчулары чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк чемпионатка  Жогорку соттун Аппарат кызматкери Мурат  Сыдыков дагы  ийгиликтүү  катышып келди. Анын  айтымында, бардык атаандаштар жакшы даярдыкта келишип,   күрөш чеберчилиги боюнча  дүйнөлүк  чемпионат жогорку деңгээлде уюштурулган. М. Сыдыковдун билдирүүсү боюнча  “Алпагут”  таймашынын  эрежеси  төрт системадан: жарым ай, батур, джаймаз жана бел курдан турат.

Мурат Сыдыков  65  килограмм салмактагы, 24 жаштан 43 жашка чейинки   кикбоксерлордун арасында экинчи  орунду алган.  Ал  ошондой эле  ММА дагы катышып, 65 килограмм  категория салмагындагы катышуучулардын арасында үчүнчү орунду  багындырган.

Ошондой эле  “Алпагут” боюнча биринчи  дүйнөлүк чемпионатта  Кыргызстандын атынан  Акун Алмаз жана  Бакыт Кадыров чыккан. Алар   грэпплинг боюнча өздөрүнүн салмактык категориясында жана ММА боюнча  алтын медалдарды жеңип алышты.

Мурарт Сыдыков  10 жылдан бери спорт менен машыгып, кол күрөш  менен дагы кызыгып келет.  2015-жылы  ал Казакстандын Астана шаарында өткөн  кол күрөш боюнча таймашта  чемпион болуп, ошондой эле 2015-жылы  Кыргызстанда өткөн  кикбоксинг  боюнча республикалык  чемпионатта чемпион наамын жеңип алган болчу.

Айта кетүүчү жагдай, “ Алпагут”  “ ыйык аскер” дегенди түшүндүрөт. “Алпагут” – бул түрк элдеринин  бирдиктүү маданий көз карашын   көрсөткөн жана пропагандалаган спорттун бир түрү болуп саналат.

 
Categories

Чаткал районунун тургуну М. Кайназаров жакыр үй бүлөгө тай берди

Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылынын имамы Раталы Бүркүтбаевдин демилгеси менен айылдагы турмуш шарты оор Жаныбектин  (аты үй ээсинин суранычы менен  өзгөртүлүп берилди)  үй-бүлөсүнө бир тай берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Кайрымдуулук саамалыгы айыл тургуну  Мирлан Кайназаров тарабынан ишке ашырылып, ал  өздүк чарбасынан аталган үй-бүлөгө малынын  зекетин тапшырган.

Раталы Бүркүтбаев: «Бул үй-бүлө эч жерде иштешпейт жана балдары мектепте окушат. Бир топ карызы да бар бар экен.  Облус казысынын тапшырмасына ылайык аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында  элет жеринде жашап жаткан калкка кызмат көрсөтүп, алардык социалдык абалын жакшыртуу программасы боюнча уюштурула бермекчи”,-деди.

 
Categories

Окумуштуулардын айтымында түйүлдүктө жаткан баланын ДНКсын өзгөртүүгө болот

Кытайлык окумуштуу Хэ Цзянькуй түйүлдүктө жаткан кезинде  ДНКсы өзгөртүлгөн дагы бир наристе жарыкка келери тууралуу жарыялады. Аалымдын айтымында, төрөлүүчү баланын апасы кош бойлуулуктун акыркы айларында, мындай учурда алдын ала бир нерсе  айтуу  кыйын.

Associated Press агенттиги 28-ноябрда берген маалыматында, мындан мурда да  Хэ Цзянькуй ДНКсы өзгөртүлгөн эгиз кыздардын туулгандыгын айткан.

Цзянькуйдин айтымында, ал эгиз кыздардын ДНКсын өзгөчө технологиянын жардамы менен өзгөртүп, атасынан өткөн ОИТВ оорусунан аарылтууга жетишкен.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө гендерди мындай изилдөөлөргө колдонууга тыюуу салынган, бирок Кытайда бул нерсеге уруксат берилген.

Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо улуттук комиссиясы Хэ Цзянькуй өткөргөн изилдөөлөрдүн канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин текшерүү керек деп билдирген.

 
Categories

М. Калыков прокурорду кокусунан атып алгандыгын айткан

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча жаңы маалыматтарды Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн тескөө боюнча башкармалыгын башчысы Замир Бейшекеев маалымат жыйынында айтты.

Ал маалыматтарга караганда, шектелип жаткан Мелис Калыковдун ишине прокурор А. Жакыпов бир нече жолу текшерүү жүргүзгөн. Андан кийин иш козгойм деп, айткан. Текшерүүнүн жыйынтыгында 10 миң сом айып салынган.

Суракта М. Калыков уучулукка бара жатканда экөөсүнүн ортосунда кайым айтышуу болгонун билдирген. Ошол учурда мергенчилик мылтыгы менен прокурорду кокусунан башына атып алган. Ал учурда шектүү мас болгондугун билдирген.

Эске сала кетсек, М. Калыковдун туугандары, жердештери Баткен облус прокуратурасынынын уучулукка кошо барышкан кызматкерлерин да жоопко тартылышын, сурак адилет болушун талап кылышып, митинг кылып келишет.