Categories

Өзбекстандык таксист Москванын аэропортунда мекендешин тоногон

Ташкент- Москва багытында Орусияга учуп барган өзбек жараны таксист тоноочулардын курманы болду. Бул тууралуу белгилүү өзбек басылмасы жазып чыкты. 

Атын атагыс келбеген жигит 7миң рубль берип уурулардын колунан кутулган.

Аны тоногондордун бири өзбек жараны болгон.  

” Ташкенттен Домодедово аэропортуна учуп келдим. Жанымс 35-37 жаштардагы адам келип Хоразм диалектисинде сүйлөдү. Таксилер 1000-800 рублдан алып кетерин, ал шашып жаткандыктан 100 рубль берсем жетерин айтты. Жолдо келе жатып башка жакка буруп кетти, мен эмнеге бурулганын сурасам май куюп алуу керек экендигин айтты. Белгисиз  бир жерге келгенде аркада уктап жаткан шериги ойгонду. 

Акча сурады, мен 100 рулб бердим. “Сен 6750 рубль төлөйсүң! ,- деди. Менде акча жок экенин айттым, ошол учурда биздин жаныбызга ДПС келди. Терезелерди уруп жардам сурап кыйкырдым, бирок алар көрмөксөн болуп койду. Акыры досторум алардын картасына акча жөнөтүп андан соң мени бошотушту”,- дейт уурулардын курманы болгон жигит.

Домодедово транспорт милициясы мындай жагдайда тез милиция бөлүмдөрүнө кайрылуу керек экендигин кабарлайт.

 
Categories

Лейлекте аялы күйөөсүн балта менен чаап өлтүрдү

Баткендин Лейлек районунун Арка-2 айылында күйөөсү аялынын колунан каза тапты. Бул маалыматты Баткен облусунун милициясы тастыктады.

Маалыматта, окуя 25-ноябр күнү болгондугу маалымдалды.  Лейлек районунун тургуну 50 жаштагы аял күйөөсү менен спирт ичимдигин ичип, андан соң уруша кетишкен. Жини келген аялы күйөөсүн балта менен уруп, 51 жаштагы киши алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген.

Айрым маалыматтарда, аял психикалык жактан оорулуу болгондугу айтылууда.

Аталган факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иши жүрүүп жаткандыктан алардын ысымдары сыр бойдон сакталат. 

 
Categories

Бишкекте көчөдө уктап калган адамдын чөнтөгүндө 400 миң сому болгон(видео)

Ушул жылдын  27-ноябрь күнү Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери кечкисин шаардын коопсуздугун карап жүргөн учурда аларга бир жаран кайрылган. Ал көчөдө отургучтардын биринде мас адамдын уктап жаткандыгын айткан. Милициянын эки кызматкери  барып ал кишинин жанында өтө чоң суммадагы акча бар экенин, бирок өзү эс учун билбеген мас экендигин аныкташкан. Тез жардам кызматын чакырып салышып, мас абалындагы адамдын телефонунан апасын чалып чакырышкан. 

Төмөндөгү видеодон дарыгер тартип сакчыларынын көзөмөлүндө  акчанын санап, аялга өткөрүп берип жатканын көрүүгө болот. 

 

Биздин чыгармачыл топ алкоого татыктуу иш кылган милициянын эки кызматкерин таап, өздүгүн тактады. Алар Мырзабек Турмаxанбетов жана Тилек Садыкбековдор.  

 
Categories

Орусиянын “кара тизмесинен” 35 миңге жакын кыргызстандык чыгарылат

Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына чейин Орусиянын “кара тизмесинен 35 миңге жакын кыргыз жарандары чыгарылат.

Бул жөнүндө КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов “Республика – Ата-Журт” фракциясынын отурумунда билдирди.

Ибраимжанов билдиргендей, алардын маалыматы боюнча Россиянын Миграция кызматынын “кара тизмесинде” 70 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар. “Көпчүлүк бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, ал тизмеден чыгып кетет деп үмүттөнөбүз”, – деди ал.

Анын айтымында, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында ал тизмеден 7 миң кыргызстандык чыгарылган.

 
Categories

Адамдар барып жашаганы үчүн аларга акча төлөгөн дүйнөдөгү 7 өлкө

Дүйнөдө кээ бир өлкөлөр мигранттардын тобунан баш тартып жатса, айрым мамлекеттер аларга муктаж.

Башка өлкөдө жашагандыгыңыз үчүн сизге акча төлөгөн жашоону кыялданып көрдүңүз беле? Эгер жообуңуз ооба болсо, бул мүмкүнчүлүк сиз үчүн. Дүйнөнүн кээ бир мамлекеттери  келип жашагандар үчүн жетиштүү деңгээлде акча төлөөгө даяр. Биздин тизмебизде Америка, Канада, Испания жана Нидерланды өлкөлөрү дагы бар.

  1. АКШ, Мичиган штаты, Детройд шаары 

“Батыш Париж”, “Америка автоунаа борбору”. Кароосуз калган шаар мындай кереметтерин XX кылымдын экинчи жарымында жоготкон.  Учурда АКШ болгон аракети менен мурунку калыбына келтирүү аракетинде. Жергиликтүү башкаруу органдары жаңы “Challenge Detroit” аттуу программа ишке киргизген. Анда дал ушул шаарга келип жашап иштеген адамдарга 2500 доллардан берип туруу каралган.

 

2. Аляска 

Эгер сиз кыш мезгилин сүйүүчүлөрдүн катарында болуп, жай темптеги жашоону сүйсөңүз бул жер анда сиз үчүн. Жергиликтүү бийлик ал жактагы калктын саны кескин азайып жаткан региондорго барып иштеген адистерге акча төлөп берет. Бир гана шарты Аляскада кеминде бир жыл жашаган болушу керек.

3. Канада, Саскачеван провинциясы

Канада бийлиги окууну жаңы бүтүп, эмне жумуш кылаарын билбей турган  жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Жаш адистерге алар 20 миң канада долларын беришет. Провинцияда жашап, иштөөсү кажет.

4. АКШ, Ниагара шаркыратмасы

Дагы бир фантастикалуу мүмкүнчүлүктөрдүн бири дал ушул жерде, чындык экенине ишенип, ишенбей кетесиң. Планетанын эң бир кооз жеринде жашагандыгың үчүн акча алуу деген кандай керемет. Башкаруучулар универстетти аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн 7 миң доллардан төлөп берүүгө даяр.

5.  Испания, Понга 

Бул жомоктогудай кыштак тарыхка бай Испаниянын аймагында жайгашкан. Башка өлкөлөрдөн айрымаланып мында жаш жубайларга мүмкүнчүлүктөр көп каралган. Себеби жаңы үйлөнгөндөргө 3миң евродон, андан тышкары ар бир төрөлгөн бала үчүн дагы 3 мин евродон берилет.           

6. Нидерланды, Утрехт 

Нидерланды бүт дүйнөгө өзүнүн терең гуманитардык жана коомдук илимдери менен таанымал. Социалдык изилдөөлөрдүн бири: 1000 доллардан алып жашаса эмне болот?

 

7. АКШ, Кертис шаары 

Бизде ар бир калаа тургуну жергиликтүү бийлик шаар үчүн эмне кылып жатат, эч нерсе кылбай эле жатат деп айтуудан тажабайт. Кертис шаарында каалаган адам эгер идеясы болсо жерди бекер алууга болот. Шаарды ушул жол менен өнүктүрүүгө болот деп эсептешет.

 

 

 
Categories

Ч. Айтматов сыйлыгы казак эл акыны Олжас Сулейменовго ыйгарылды

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйынынын алкагында Жогорку Кеңеш тарабынан берилүүчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды. Сулейменовдун талапкерлигин уюмдун курамы толугу менен колдоп берген. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова  салтанаттуу тапшырды. Ал эми Олжас Сулейменов кыргыз парламентине ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин мындан аркы иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле казак эл акыны:  “Чыңгыз Айтматов менин устатым жана досум эле. Ал бир гана жазуучу эмес, көрөгөч, даанышман болчу. Ушундай улуу адамдын атындагы сыйлыкка ээ болуу мен үчүн чоң сыймык”,-деп белгиледи.

Сыйлык тапшырган соң Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Асел Кодуранова Олжас Сулейменов менен баарлашып, эстеликке сүрөткө түштү.

Эске салсак, 2012-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан негизделген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык адабият жаатында ийгилик жараткан инсандарга ыйгарылат. Кыргызстандан бул сыйлыкка эл акыны Шайлообек Дүйшеев ээ болгон.

 
Categories

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык сынактарга катышууга үндөөдө

Жаңы 2019-жылды тосууга даярдыктарды кѳрүү максатында, 1-декабрдан тартып жаңы жылдык эң мыкты кооздолгон район, жаңы конуш, имарат боюнча сынак башталат. Мындай маалыматты мэриянын маалымат кызматы билдирди. Сынак жаңы жылдык маанай тартуулоо   максатынды ѳткѳрүлүүдѳ. Жаңы жылдык сынакты шаардык муниципалитет уюштуруп, 2018-жылдын 31-декабрына чейин сынактын арыздарын райондук администрациялар кабыл алат.

Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору, министрликтер, административдик ведомстволор, бюджеттик мекемелер, чарба субъектилери, жеке ишкерлер, турак жай ээлеринин шериктештиктери, үй жана квартал комитеттери жана МАБдар катыша алышат.

Сынак тѳмѳнкү номинациялар боюнча ѳткѳрүлѳт:

-Эң мыкты кооздолгон район. Бул номинацияга тѳрт сыйлык каралган. Биринчи орун-50 миң сом, экинчи орун-40 миң сом, эки үчүнчү орун – 30 миң сомдон.

– Бишкек шаарынын эң мыкты кооздолгон жаңы конушу. Жергиликтүү аймактык башкармалыктары тарабынан 30 миң сомдук төрт сыйлык каралган. 1-этапта райондук администрациялар,  2-этапта конкурстук комиссия тандайт.

– Мыкты кооздолгон короо. Жергиликтүү аймактык башкармалык тарабынан 20 миң сомдук төрт сыйлык берилет. 1-этапта райондук администрациялар,  2-этапта конкурстук комиссия тандайт.

-Министрлик жана административдик ведомстволордун мыкты кооздолгон аймагы жана имараттарынын фасады. Бул номинацияга үч сыйлык каралган. Биринчи орун-50 миң сом, экинчи орун – 40 миң сом, үчүнчү орун – 30 миң сом.

-Ири соода комплекстеринин, борборлорунун жана базарларынын мыкты кооздолгон аймагы, имараттарынын фасады. Бул номинацияга үч сыйлык каралган. Биринчи орун-100 миң сом, экинчи орун – 70 миң сом, үчүнчү орун – 50 миң сом.

– Соода-сатык, кызмат көрсөттүү жана кеңселердин мыкты кооздолгон фасады. Биринчи орун — 70 миң, экинчи — 50 миң, үчүнчү — 30 миң сом менен сыйланат.

– 1-2 мүнөткө созулган жеке жана жамааттык видео куттуктоо жана “Жаңы жылың менен, сүйүктүү шаарым!” темасында селфилерге сынак жарыяланат. Куттуктоолор Бишкек- 312  мобильдик колдонмосу аркылуу кабыл алынат (сѳзсүз түрдѳ байланыш телефондорун калтыруу керек). Аталган сынакка жарнама негизиндеги, адамдарга шек келтирген роликтер кабыл алынбайт.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 21 уюм (жаңы жылдык жасалгалоо үчүн), 30 киши же жамаат  (жаңы жылдык видео ролик үчүн) сыйланышат.

Уюштуруучулардын чечими боюнча аталган номинацияларга ѳзгѳртүүлѳр киргизилип, кошумча байгелер коюлушу мүмкүн.Урматтуу шаар тургундары! Жаңы жылдык сынакка катышыңыздар! Баарыбыз биргеликте жаңы жылдык маанай жараталы!

 
Categories

Өзбекстан чет элдик пенсиядагы мамлекеттик кызматкерлерди жумушка алат

Өзбекстан өкмөтү чоң тажрыйбага ээ чет элдик мамлекеттик кызматкерлерге муктаж. Бул тууралуу өзбекстан басылмалары жазып чыкты. Өзбекстан  каржы министри Жамшид Кочкоров:

“Бизде жетиштүү ресурстар бар, тышкы карызбыз абдан эле аз. Алдыга өнүгүүгө абдан жакшы шарттарга ээбиз. Баары ушул тууралуу айтат. Болгону биздин бир кемчилигибиз, бүгүнкү күндө билим жана тажрыйбага муктаждыгыбызда. Азыр ушул иштин үстүндө аракет кылып жатабыз. Жакында эле Орусиянын белгилүү банкынан бир адамды ишке алдык. Убакыттан пайдаланып айтып коеюн бизге чет элдин пенсиядагы мамлекеттик кызматкерлери дагы керек.  Үйдө отурганча бизге келип кеңешчи болуп иштешсин”,- деди каржы министри жыйында отурган чет элдик элчилерге кайрылып.

Каржы министринин айтымында, Өзбекстандын 14 аймагындагы жетекчилерге  кеңешчилер керек. Ошондой эле министрликтерге дагы керек.

 

 

 
Categories

Грузиянын тарыхында алгачкы жолу аял киши президент болуп шайланды

Өлкөдөгү президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Саломе Зурабишвили шайлоочулардын  59 пайыздан ашык добушун алуу менен жеңишке жетишкендигин аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.

Анын атаандашы Г. Вашадзе 40 пайыз добуш алды. Г. Вашадзе оппозициялык кыймылдын талапкери болчу. Учурда анын талапкерлери шайлоодо добуштардын сатып алынгандыгына нааразычылыктарын билдиришип, митингге чыгуу керектигин айтышып, элдерди козутуп жатышкандыгы маалымдалууда.

Шайлоодо жеңишке жетишкен С. Зурабишвили буга чейин өлкөнүн сырткы саясатын жакшыртуу керектигин айтып келгендиги маалым.

Эске сала кетсек, Зурабишвили Францияда төрөлүп, Грузияга 2003-жылы гана келген.

Грузияда президенттин инагурациясы 16-декабрда өтөрү айтылууда.

 
Categories

Өзгөндө коопту аймактагы 960 үй- бүлө көчпөй жаткандыгы маалымдалууда

Министр Нурболот Мирзахмедов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандар отурукташкан Ынтымак айылында жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуу учурунда министр Н.Мирзахмедов айылдын тургундарына кайрылып: “ Мамлекеттен жардам алып, бирок бүгүнкү күнгө чейин кооптуу аймакта жашап жаткан үй — бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүп келүүгө үндөңүздөр , үлгү бериңиздер. Себеби, “кырсык каш кабактын ортосунда” дегендей адам өмүрү — бул баа жеткис байлык” , — деди.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусунун Өзгөн районунда иш-сапары менен жүрөт.  Жалпы Өзгөн району боюнча бүгүнкү күндө жалпы коопту аймакта 1966 үй-бүлө көчүрүүлүгө сунушталып, 960 турак үйдүн ээлери мамлекеттен жардам жана жер тилкелерин алып, көчпөй жаткандар, ал эми 1006 үй-бүлө жер тилкелерин ала элек.