Categories

Ростов-на-Донудан Бишкекке түз аба каттамы ачылды

29-сентябрда Ростов-на-Дону шаарын Бишкек менен байланыштырган жаңы аба каттамы ачылды. Бул тууралуу “Эл аралык “Манас” аэропорту” ААКтын басма сөз кызматынан кабарлады.

“Манас” эл аралык аэропортунда салт боюнча аба кемесинин биринчи каттамы “триумф аркасы” – суу аркасы менен коштолду.

Белгилей кетүүчү нерсе, жиберүү аба майдандарында каттамга майрамдык маанайда каттоодон өтүштү. Биринчи болуп билет сатып алган жүргүнчүлөргө ташуучунун маршруттук тармагы боюнча бекер учууга сертификаттар тапшырылды.

Эске салсак, каттамдарды “Азимут” авиакомпаниясы төмөнкү ырааттама боюнча аткарат:

Ростовдон учуп чыгуу жума күнү саат 23:25те, Бишкекке конуу ишемби күнү саат 06:20да. Ишемби күндөрү Бишкектен учуп чыгуу саат 07:40та, Ростовго конуу 08:35те.

 
Categories

Иракта президенттик үчүн 7 талапкер ат салышат

Иракта 2 –  октябрда өтө турган президенттик шайлоодо 7 талапкер жарышат. Алардын ичинен бирөөсү аял. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ирак парламентинен берилген маалыматта президенттикке Сердар Абдуллах,Сирва Абдулвахид, Абдуллатиф Решид, Өмер ел  –  Берзенжи, Абдулкерим Абтан ел – Жебураи, Берхем Салих жана Фуад Хүсейин экендиги билдирилди. Маалыматта президенттик үчүн 31 кишинин кайрылгандыгы билдирилип, жооптуу мекемелердин баа берүүсү менен 7 кишинин талапкерлигинин кабыл алынгандыгы маалымдалды.

Шайлоодо Бехрам Салих менен Фуад Хүсейиндин жеңип чыгуу ыктымалынын жогору экендиги тууралуу божомолдор айтылууда.

Иракта 2003 –  жылы группалардын арасында расмий болбогон келишимге караганда президент күрттөрдөн, премьер  – министр шииттерден, парламенттин спикери сунниттерден шайланууда.

 

 
Categories

Орусиянын президенти В. Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапары күтүлүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун чакыруусун кабыл алгандыгын жана жакынкы мезгилде Кыргызстанга расмий иш сапары менен келе тургандыгын КРнын Тышкы иштер министри Э. Абдылдаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Бирок визиттин так күнү азырынча тактала элек (учурда визиттин убактысы макулдашылып жатыптыр).

 
Categories

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, өлкөбүздө жыл башынан бери кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 429га жеткен. Бейтаптардын көбү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары.

Бул оору менен көбүнчө кызамыкка каршы эмделбеген жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен 5-6жаш арасындагы наристелер жабыркоодо. Себеби сасык тумоо болгондо ооруканага даарыланууга жатып,ошол жактан жуктуруп алышууда.

Учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарга толуп калган. Аталган орукана 400 адамга ылайыкталган. Учурда бейтапканага жаткырылгандардын саны 470ке жетип калган. Мындан улам аларга коридорлордо жатып дарыланууда.

Быйылкы жылы Кыргызстанга кызылчага каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 30 миң доза вакцина алынган.

Эске салсак, 2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун киши ооруган.

 

 

 
Categories

Президент карыларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады

1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп табылган. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. 28 жылдан бери кыргыз эли бул майрам күнү карыларга жылуу сөзүн айтып, жакшы тилектерин билдирип, кадырлап келет. Бүгүн дагы бир нече иш-чаралар белгиленген.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрь- Карылардын эл аралык күнүнө карата жалпы кыргызстандыктарды куттуктады.

Ардактуу аталар жана энелер!

Сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Улууларын сыйлоону, өткөнүн унутпай, тарыхын урматтоону -кутман элибиз жаркын келечекти жаратуунун негизги өбөлгөсү катары баалап келген. Муундардын тыгыз байланышын сактоо менен аталардын улуу жолу уланат, бабалардын көөнөргүс каада-салты урпактарга жетет, келечекке көрөӊгү болуп берет.

Сиздер Улуу Ата Мекендик согушта душманды жеңип, тылда эмгектин эрдигин жаратып, кийин ак ниет эмгек менен чарбаны өнүктүрүп, мамлекетибиздин байманасын арттырдыңыздар. Жалындуу жаштык кайратын, бүт өмүрүн өз мекенине арнаган улуу муунга камкордук көрүү — мамлекеттин түздөн-түз милдети. Кыргызстанда ар бир карыябыздын сапаттуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек.

Сиздердин өрнөктүү өмүр жолуңуздар, бай тажрыйбаңыздар жана акыл-насаатыңыздар — Кыргызстандын баа жеткис байлыгы. Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматын каалайм!», -деп жазылат куттуктоодо.

 
Categories

Ош мэриясынын кызматкерлери майыптарга берилген үйдү бөлүштүрүп алганбы?

Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бериле турган үйлөрдүн Ошто мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү аныкталды. 2017-жылы Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн берилген батир ээлеринин сегизинде тийиштүү документтер жасалма болуп чыккан. Бул туурасында УКМК билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө 8 жаран турак жайы жоктугу туурасында жасалма маалымкат алып, 32 адамдын батир берилгенге чейин Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында үйлөрү болгону аныкталды. Мындан сырткары үчүнчү топтогу 9 майып адам мыйзамсыз батир алган. Негизи мыйзам боюнча биринчи жана экинчи топтогу майыптар биринчи кезекте турак жай менен камсыздалышы керек”, — деп айтылат билдирүүдө.

Расмий маалыматта Ош мэриясынын жана турак жай, тиричилик комиссиясынын жооптуу адамдары жең ичинен иш бүтүргөн деп  айтылат. Бул фактынын негизинде Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш ишин ачып, тергөө башталды.

 
Categories

Швецияда ислам динине акаарат кылганга абак жазасы

Швециянын Йёнчёпинг шаарында жашаган 65 жаштагы бир аял социалдык баракчасына исламга акаарат кылды деген негиз менен 3 ай абак жазасына тартылды.

Швеция мамлекеттик телеканалы SVT’нын  маалыматтында бир  аял фейсбук эсебине ислам динине карата акаарат кылып, “мусулмандардын акыл жашы өнүкпөгөн”деген сыяктуу какшыктоо сыяктуу  сөздөрдү жазган.

“Жек көрүү кылмышын” иштеди деген негиз менен доо ачылган аял Йёнчёпинг сотунда далилдер жетишсиз деген негиз менен күнөөсүз деп табылган. Бирок соттун чечимин бузган Гёты жогорку соту 8 жолу исламга жана мусулмандарга карата акаарат кылгандыгына күнөөлүү аялды 3 ай абак жазасына тартты.

 

 

 
Categories

Европада калктын 12 пайызы жүрөк пристубунан улам көз жумат

Европада статистика боюнча алып караганда калктын 12 пайызы жүрөк пристубунан улам каза болору аныкталды. Бул  “29 –  сентябрь дүйнөлүк жүрөк күнүнөн” улам 

жарыяланган.

Жүрөк пристубунан эң көп киши каза болгон  өлкө Литва болуп андан кийин Латвия жана Словакия турат. Бир тараптан жүрөк пристубу 6пайызды түзүп эң аз катталган  өлкөлөр  Франция жана Нидерландия болду. 

Маалыматта Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө жүрөк пристубунан каза болгон эркектердин саны аялдарга караганда дагы жогору экендигин көрсөттү.

Жүрөк пристубу болгон эркектердин 53 пайызы каза болсо, бул көрсөткүч аялдарда 47 пайызды түзөт.

 
Categories

Индонезияда зилзаладан 400гө жакын адам каза болду

  Индонезияда эки жер титирөө катталып, анын себебинен 384төн кем эмес адам каза болду. Курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

Көптөгөн имараттар толугу менен же жарым-жартылай кыйроого учураган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө кечээ, 28-сентябрда катталган. Анын очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Палу аэропорту жабылып, тик учактарга гана конууга уруксат берилди.