Categories

Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликс кылмыш жоопкерчилигине тартылабы?

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна макулдук бергендигине байланыштуу Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Марлес Феликс Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан четтетилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Ошентип бир кездерде кол жеткиске айланган сотторго да “кол” жете баштагандай. “Мамлекеттин колу узун”- деп, президент Сооронбай Жээнбеков бекер айтпаса керек?

 
Categories

ЖЭБге берилген 20 млн. доллар гранттын дареги жок

Учурда Жогорку Кеңештин тармактык комитети ЖЭБде көчмө жыйын өткөрүшүүдө. Жыйынды депутат К. Рыспаев алып барып жатат. Жыйынга депутаттардан сырткары тийешелүү укук коргоо мекемелеринин кызматкерлери, ЖЭБдин жетекчилиги катышууда.

Алар өткөн жылы ЖЭБдеги авариянын себептерин жана ошондой эле ЖЭБге берилген кредиттердин жумшалуусун иликтешүүдө.  Жыйын суроо-жооп иретинде уланууда. Негизинен депутаттар ЖЭБге бөлүнгөн 386 млн. доллардан сырткары 20 млн. доллар гранттын тагдырына кызгышууда.

Андагы маалыматтарга караганда, Датка Кеминге ТВЕА компаниясы ал гранттан техника алууга 1 млн. доллар бөлгөн. Ошону менен катар эле техникаларды сатып алууга Кара Кечеге 3 млн. доллар берген.

Тийешелүү финансы мекемелеринин маалыматына караганда, ЖЭБге 300 млн. долларга мебел сатып алынган. Калган каражаттар боюнча так маалымат жок болгондуктан кагаз жүзүндө ЖК депутаттарына маалымат бермей болушту.

 
Categories

А. Атамбаев: “Таба албайт”- деген, каражат табылды

Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолуна 68,5 млн доллар насыя, 9,5 млн доллар грант берет

Буга чейин Жалал – Абад – Балыкчы авто жолунун Жумгал – Балыкчыга чейинки жерине каражат табуу керектиги айтылып келген. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков  жолго акча таппайт дегендей сөздөр экс – президент А. Атамбаев тарабынан айтылгандай да болгон. Расмий бийлик аталган жолго каражат табылгандыгы тууралуу билдирүу таратты.

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 430 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Бишкек-Торугарт багытындагы, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев  маалымдады.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 68,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш.

Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

 
Categories

Ж. Рустенбековду Тажикстандын элчилигине аттандырууда

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жаныш Рустенбековду Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Талапкерди депутаттарга тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова тааныштырды.

Белгилей кетсек, Жаныш Рустенбеков буга чейин Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келген. Анын 3 жылдык дипломатиялык мөөнөтү жаӊыдан аяктады.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Түркия Республикасынын негизделгендигинин 95-жылдыгына арналган иш чараларга катышуусунун алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылар 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык Жогорку кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарды камтыган эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

 
Categories

Кыргыз делегациясы Японияга сапар алды

2018-жылдын 28-октябрынан тартып 3-ноябрына чейин саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен жарандык коомдун өкүлдөрү Японияга сапар алышты. Алар аталган өлкөнүн саламаттык сактоо сектору менен таанышып кайтат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сапар учурунда алынган тажрыйба менен идеялар келечекте Кыргызстандын саламаттык сактоо секторундагы ЛСА долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылаары күтүлүүдө. Япониянын саламаттык сактоосунун медициналык системасындагы ыкмалар менен тажрыйбаларды Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторуна интегралдаштыруу жана адаптациялоо боюнча идеяларды жүзөгө ашыруу жана биргелешип иш алып баруу максатында биргелешкен жумушчу топту түзүү пландалууда.

2018-жылдын июнь айында президент Сооронбай Жээнбеков менен ЛСА Эл аралык кызматташтыгынын Япон агенттигинин Президенти Шиничи Китаоканын жолугушуусунда саламаттык сактоо тармагындагы программаларды жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Дегинкиси, буга чейинки айрым ЖКнын депутаттары, министрликтин жетекчилери сыяктуу ичимдик ичип, кайра келишпесе болду.

 
Categories

Индонезияда кыйраган учактан тирүү жүргүнчүлөр табылган жок

Индонезияда өзгөчө кырдаалдар агенттигинин өкүлү “Боинг-737” кулаган суунун тереңдиги 30-40 метрди түзөрүн билдирди.

Lion Air авикомпаниясына таандык учактын ири сыныктары деңизден табылганы тууралуу маалыматты биринчилерден болуп кырсык болгон жерде өтүп бараткан кемедегилер билдирген.

Жакартадан Индонезиянын Банка аралындагы Панкалпинанг шаарына жол тарткан лайнер учуп чыккандан болжол менен 13 мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголгон. Учак Ява аралынын батыш жээктеринде деңизге кулаган. Анын бортунда 189 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү болгон.

“Lion Air” – Индонезиядагы эң чоң менчик авиакомпания. Анын карамагында 100дөн ашык учак бар жана өлкөнүн 126 шаарына, андан тышкары Сингапур, Вьетнам, Малайзия жана Сауд Арабиясына каттайт. Кыйраган учак 2018-жылдын август айынан бери ырааттуу түрдө уча баштаган. Boeing 737 MAX 8 модификациясы 2016-жылы пайдаланууга берилген жана фирманын тарыхында эң көп сатылган учактардан болуп калган.

 
Categories

Тоолору, токойлору окшош Швейцарияда орточо жаш 83, Кыргызстанда 73

Бул тууралуу Eurostat статистикалык кызматы маалымдоодо.

Учурда Швейцарияда орточо жашоо курагы 83,7 жаш. Экинчи орунда 83,5 жаш менен Испания турат. Мындан сырткары 74 -75 жаш менен Болгария, Латвия, Литва мамлекеттери ээлейт.

Буга чейин Ден соолукту баалоо институту  2040 – жылга чейин узак жашоонун рейтингин жарыялаган болчу. Анда биринчи орунга 85,5 орточо жаш курак менен Испания чыккан. Экинчи орунду 85,4 жаш менен Япония, үчүнчү орунду Италия, ал эми алдыңкы 7 орунга Израил, Франция, Люксембург жана Австралия кирген.

Атайын специалисттердин маалыматына караганда, узак жашоонун өбөлгөсү катары жерортолук деңиздин диетасы менен жашоо белгиленген. Алар жер жемиштер, балык азыктары эсептелет.

Ал эми биз кыргыздардын орточо жаш курагы 70 жаштын тегерегинде белгиленген. Бир кезде мурдагы президент А. Акаев Швейцария курам деп, талпынды эле. Ал тилек аягы коррупция, революция менен аяктаганы маалым. Азырынча ал өлкөгө экономикабыз, жашоо деңгээлибиз окшошпосо да токойлорубуз, тоолорубуз окшошуп турганына топук кылып туралы дегенден башка арга жок…

 
Categories

Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 3 баллга жеткен жер силкинүү болду

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды. Бүгүн эрте менен сегизден жыйырма эки мүнөт өткөндө  Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул маалыматты Сейсмология институту кабарлады.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Азырынча алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 
Categories

Айыл чарба министрлигинде 4500 кызматкер эмне жумуш аткарат? (видео)

Айыл чарба министрлиги рыноктук шартка ылайыкташа албай келет. Анын бир себеби,  айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө дыйкан, фермерлерге маалыматтын жоктугунан кайсыл бир продукцияны рыноктун керектөөсүнөн сырткары, ашыкча өндүрүп алуу жылда кайталанууда. Жыйынтыгында  сатууда жана экспортко чыгарууда көйгөй жаралууда.

Ошенткен менен Айыл чарба министрлигинде иштегендердин маянасына эле мамлекеттен бир жарым миллиарддан ашык сом жумшалат…