Categories

И. Өмүркулов КСДП партиясынан чыгарылды

КСДП партиясынын лидери, экс – президент А. Атамбаев Москва шаарында жүргөндө Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын мүчөлөрү менен жолукканы, алардын иш аракетин колдогону коомчулукка маалымдалган эле.

Бул окуяга бүгүн аталган партиянын саясый кеңеши баа берүү максатында жыйын өткөргөнү, Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алынганын билдиришти.

Ал маалыматтарга караганда, Иса Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы аракеттерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.

Ошондой эле 2019-жылдын 6-апрелинде партиянын XVIII съездин чакыруу керектиги айтылган. Ал эми ЖКда ар дайым КСДПнын саясый кеңешинин аракеттерин колдоп келген Ирина Карамушкина  партиянын төрагасынын орун басары болуп шайланган.

 
Categories

Бишкек шаардык соту И. Илмияновдун баш коргоо чарасын карайт

Учурда Бишкек шаардык соту Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти карайт. Буга чейин анын УКМКнын бир адам кармалуучу камерасына которулганы маалымдалган болчу.

Азыркы тапта аталган соттун имаратынын алдына бир нече ондогон тарапташтары жана жакындары чогулгандыгы маалымдалууда.

И. Илмиянов ишкер тараптан 150 млн. доллар алган деп, айыпталууда.

 
Categories

Балыкчы – Корумду жолунун жумушчулары үч айдан бери айлыктарын ала элек

Балыкчы – Корумду жолу 2015 – жылы курулуп баштагандан баштап чырга айланып келет. Ал жерде иштешкен жумушчулар жылда айлык жок экендиктерин айтышып, иш ташташкан учурлары арбын. Бүгүндөн баштап кайрадан аталган жолдун куруучулары иш ташташты. Алар айлыктарын үч айдан бери ала электерин айтышууда.

Транспорт жана жол министрлиги жумушчулардын айлык маянасын бир жуманын ишинде чечип берерин айтышууда.

 
Categories

Сирияга 100 миң доллар жиберген адам кармалды

2018-жылдын 14-октябрында УКМК тарабынан өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чараларынын жыйынтыгында, Бишкек шаарынан Кыргыз Республикасынын жараны, 1990-жылы туулган эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү О.У. кармалды. Аны текшерүү учурунда  А.Р. аттуу адамга тиешелүү, мурда Сирия согуш аракетинде катышып жүргөн ЭТУ согушкерине таандык  жасалма паспорт табылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган адам Сирияда согушкерлеринин ЭТУ мүчөсү болуп, согушкерлерге ар кандай көмөк көрсөтүп, финансылык каржылоо менен алектенип, чет өлкөлөрдө жашыруун ячейкалардын катарында жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча О.У. 100 миң АКШ долларын Сириядагы ЭТУ согушкерлерин каржылоо катарында жиберген.

О.У. карата УКМК тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-1 беренеси (Террорчулук ишти финансылоо), 299-1 беренеси (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) жана 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козголду.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

 
Categories

Калыгул Жунушбеков: ” Биздин билим берүү тармагыбыз Европадагыдай болбогонуна ичим ачышат “

“Жети элдин тилин бил, жети түрдүү билим бил” – деген сөздүн тамыры тереңде жатат. Дал ошондой жети түрдүү билим алуу үчүн чет жакта окуп жүргөн жаштарыбыздын саны арбын. Алардын бири Калыгул Жунушбеков билим кербенин улап Европа өлкөлөрүндө жүрөт. Ал жактагы жашоосу, билим берүүсү, максаттары жөнүндө маек курдук. 

Кереметтүү Ысык-Көлдөн Европага болгон билим сапары…

Атым Калыгул, өзүм Кыргыздын бермети аталган Ысык  Көл районуна караштуу, Темир айылынан болом. 6-класска чейин окуумду айылдагы орто мектептен окуп, кийин Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Сапат лицейинен бүтүргөм. Мен алгач мектепти аяктаганга чейин эле чет мамлекетте окуу кыялым болчу, ошентип ал максатым мектептеги окуумду бүтөр жылы ишке ашты. Бакалаврга Румынияга тапшырып, үстүбүздөгү жылы ийгиликтүү аяктадым. Андан кийин Германияга магистратуралык даражаны окуганы келип, учурда окуп жаткан чагым.

Европанын мамлекеттери кооз, бири биринен өтөт. Бирок ошолордун ичинен Румыния менен Германия мен үчүн өзгөчөрөөк. Румынияда бакалаврды окуп жатканда, Германияга 6 ай окуп келүүгө жолдомо утуп алгам. Мурда 7 айдан ашык жашап кеткем , учурда да бул жактамын. Бул жакта чындыгында  мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Аталган өлкө технологиянын, индустриянын мамлекети болгон үчүн, тышка абдан чоң көлөмдө өндүрүм  экспорттойт. Өндүрүм компаниялары көп болгон үчүн, жумушчу орундары да абдан көп. Эгерде немис тилин жакшы деңгээлде билсең, бул жакка келип иштөөгө, окуунун жолдору көп. Башка мамлекеттен келген, өз кесибин жакшы билген адистерге бул жакта жашоого жеңилдетилген шарттар түзүлгөн. Себеби Германия мамлекети ар тармактуу кесиптин ээси болгон адамдарга муктаж.

Мекенден алыста жашоо, сагыныч, кусалык…

Кыргызстандан тышка чыкканыма буйруса 4 жылга жакындап калды. Эн сагынганым бул ата-энем. Аларды кантип ыраазы кыла алам, кантип үмүтүн  актай алам? –  деп,көп ойлоном.  Төөнүн өркөчүндөй, бири-бирине уланган ак мөңгүлүү тоолорду, кереметтүү Көлүмдү сагындым. Тамак-ашын да албетте сагына албай койбойсун. Үйдөгүлөр менен сүйлөшкөндө айтып калышат “ канча күндөн бери үйдөн  тамак жасап жей элекбиз” деп. Бул жакта биздикиндей аш – той түшүнүк жок.

 Немистер өзүлөрүн  абдан тартипке салышкан, баардыгы мыйзам  түрүндө.  План менен жашаганды үйрөнүп, убакытты аябай барктайсын. Университеттеринен кадимкидей академиялык чөйрөнү байкайсың. Студенттеринин арасынан окууга болгон атандашуу да аябай күч, бул нерсе мага жакты.  Эртең менен китепканаларына барсаң, ачыла электе эле студенттердин катарга туруп калганын көрөсүң. Сабактарда да немис студенттеринин күчтүүлүгүн байкайсың, себеби көп нерсени мектеп курагында эле өздөштүрүп коюшкан эле. Алар бир окуса, биз аларга жетиш үчүн алардан да көп окууга туура келет. Бул көйгөйдү чет мамлекетте окуган  көбүнчө студенттерибиз сезсе керек. Мындай көрсөткүчтөр аркылуу мамлекетибиздин билим берүү системасын айгинелей алсак болот.

Эң көп берилген суроолордун бири Мамлекетибизге кайтып келесизби” – деген.Ат айланып казыгын табат”- дегендей, убагы келгенде кайтып барамын. Жеке университетинен теориясын окуп, ишин үйрөнүп анан барайын деп буюрса пландап жатам.

Эң алгачкы эстен кеткис элестер..

Бир жолу  Франкфурттан өзүм жашаган шаарга билет алып, башка шаарларды айланып өтүүчү туура эмес поездге отуруп алыпмын. Чынында эки поезд тең мен жашаган шаарга барат, бирок башка багыттар менен. Мен туура эмес багытты алганымды поездден билетимди текшергенде гана билдим. Абалымды түшүндүрсөм ” Мен болгону ишимди аткарып жатам. Аны темир жол (Deutsche Bahn) комиссариятына чалып же онлайн түрүндө жазышып көр”- деп 60 евро же 4800 сом өлчөмүндөгү  жаза төлөө керектигимди айтып кетти. Онлайн  түрүңдө  жазышып, абалымды  түшүндүрүп  берсем “Сиз бактылуу адамсыз! Темир жол комиссиясы 60 евро жаза төлөөңүздү  жокко чыгарды, Күнүңүз жакшы маанайда  өтсүн” – деп жооп беришти. “ Ой- тобоо – деп таң калып отуруп калдым.

Чет жерде бир туугандай болгон мекендештер…

Азыркы тапта Германияда Кыргызстандын каттосунан 4860 жаран өткөн. Ал эми немистердин статистикасы боюнча 8575 адам жашап, эмгектенип келет. Элчилик  футбол, концерт жана башка иш чараларды уюштуруп турат. Ошондой эле ар кайсы региондордо уюмдарыбыз бар. Жакында эле 27-октябрда Kyrgyz club Germany уюмунун Франкфурт шаарындагы майрамдык кечесине барып келдим. Германиянын ар кайсыл тарабынан, жана башка Европа өлкөрүнөн 130дай Кыргызстандык топтолдук. Патриоттук сезимдерди ойготкон  “Көк Бөрү” тасмасын да көрдүк. Мындай кечелер башка шаарларда да болуп турат. Кыргызстандыктар арасында ынтымак жакшы денгээлде деп айта алам. Жалпысынан октябрь айында жана ноорузда чогулуп турабыз.

 Тил билсең кор болбойсуң..

Менин окуум негизи англис тилинде, бул тилди эң жакшы билемин. Ал эми немис тилин керектүү даражада, буйруса дагы өнүктүрүүнүн аракетиндемин. Бир тилди  практика  аркылуу абдан жакшы  үйрөнөсүң . Практика кылуу үчүн да башында эрежелерди, бир канча сөз да билишиң керек анан англис тилинде сүйлөгөн бир дос күтүп ошо менен  сүйлөшүүнү сунуштайт элем. Биз уялчаак калк келебиз,бирок билим алууда уялбаш керек. Көп ката кетирсек да тартынбай сүйлөп алдыга карай умтулуу зарыл.

 

Бул жактын билим  берүүсүнө дагы деле суктанып бүтө албайм. Ошол эле учурда ичим да аябай ачышат. Мамлекетибиз экономикалык жактан артта калса мейли, бирок билим жактан да аябай артта болгонубуз абдан өкүндүрөт. Европада билим берүү тармагы эң жогорку деңгээлде. Ар бир окуучу, студентке мамлекет  жетишээрлик  кам көрөт.  Эгерде ата – энеси баласынын окуусун камсыздай албаса, жоопкерчиликти мамлекет өз мойнуна алат. “ Сен оку, шартты биз түзүп беребиз ” – деген сөз  өлкөнүн девизиндей. 

Ааламдашуу доорундабыз.

Азыр ааламдашуу доору абдан тез  жүрүп жатат. Бул доорду башка мамлекеттер жакшы деңгээлде колдонуп жатат. Биз,  ошону эч пайдалана албай келебиз. Ушул макаланы окуп жаткан окурмандарга, инилериме, карындаштарыма айта турчу эң биринчи насаатым – кесипти туура тандагыла. Изилденгиле. Кийинки 10- 20 жылдыкта  көптөгөн кесиптер жоголуп, жаңылары пайда болот. Силер ошол доорго ылайыктуу кесиптерди тандагыла. Азыр информациялык технологиянын заманы болуп жатат. Ким окуп билим алса – дүйнө демек аныкы. Көбүнчөсү IT, программист, биотехнология, финансист жалпысынан технологияга багытталган кесиптерди тандасаңар болот. Англис тилинен эл – аралык TOEFL,IELTS, SAT жана немис тилинен TestDaf, DSH тесттери бар, ошолорго даярданып тапшыргыла. Аракет аркасында берекет бар. Мезгил бизди күтпөйт андыктан жетишип жашоо керек. Жаңыча  жашоону азыр баштагыла. Китепти көп окуган адам эч качан караңгыда калбайт.

Маектешкен: Гүлзада Абдырахманова 

 
Categories

Мас айдоочулардын акчасына кызыккан соттор

Соттордун “сологой” иштеринин бети ачылып баштады. Мындай кылыктарынан улам алардын айрымдары кызматынан бошотулуп, жоопко тартылууга уруксат берилүүдө.  Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликстин мисалын айтсак болот. Марлес мырза президенттин буйругунун негизинде кызматтан бошотулуп, мыйзамсыз аракеттери үчүн жооп берүүдө.

УКМК кызматкерлери Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьялары жол инспекторлору менен биргеликте мас абалында машине башкарган айдоочулардан өндүрүлгөн акчалай айыпты мамлекеттик бюджетке төкпөй жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жүрүшкөндүгү үчүн шектелүүдө.

Ал маалыматтарга караганда, башка райондук соттор да мындай кылмыштык аракеттерден кур болбошу мүмкүн. Алардын иш аракеттери да текшерилүүдө.

 
Categories

Ош шаарында диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өтүп, имамдарга тренинг уюштурулду

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы «Мутакалим» коомдук уюму менен биргеликте Ош шаарында Жалал-Абад, Баткен, Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облусунун жана Ош шаардык казыяттарына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөр жана мугалимдер арасында спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөргө белек-бечкектер берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Волейбол оюну боюнча кыздар арасында:

1 орунду Нарын, Ысык –Көл жана Талас облустарынан куралган «Ассорти» командасы

2 орунду «Жалал-Абад» командасы

3 орунду –«Чүй» командасы

Футбол оюну боюнча эркектер арасында:

1 орун «Баткен» командасы

2 орун  «Ош облусу» командасы

3 орунду Нарын, Ысык –Көл жана Талас облустарынан куралган  «Ассорти» командасы жеңип алды.

Муну менен катар бул күнү «Ден соолук негиздери» аттуу тренинг уюштурулуп, анын ачылыш салтанатына КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов, КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов, Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары, UNFPA өкүлү Толгонай Бердикеева жана «Мутакалим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы катышты.

Тренинг алкагында жалпы катышуучулар ден соолукту сактоо жана табият менен таттуу мамиледе болуу боюнча бир катар көнүгүүлөрдү жасашты. Ошондой эле диний лидерлердин өздөрүнүн аймагындагы дараметин жогорулатуу, аларга альтернативдүү жана ийгиликтүү идеяларды берүү, радикалдашуунун, зордук зомбулуктун, экстремизмдин алдын алуу жана аларга жол бербөө темалары боюнча лекциялар окулду. Иш чаранын соңунда катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.

 
Categories

Самара Каримова жетекчилик кызматка дайындалды

КРнын Эмгек сиңирген артисти, Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязалы Борошев атындагы  музыкалык окуу жайдын жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматт Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Самара  Каримова буга чейин Сулайман-Тоо музейине директор болуп дайындалып, бирок кызматтан баш тарткан. Ырчы 27 жашта. Эмгек сиңирген артист наамынын ээси.

 

 
Categories

И. Илмиянов бир кишилик камерага которулду

Буга чейин И. Илмияновдун өзүнчө бир кишилик камерага которуу боюнча суранганы маалымдалган болчу. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов айтып чыккан.

Эми анын талабы канаттандырылып, УКМКнын өзүнчө камерасына которулганды маалым болду.

Эске сала кетсек, И. Илмиянов алдамчылык боюнча шектелүүдө.

 
Categories

«Көк бөрү” эл аралык оюнга айланса “Көкпар” болуп калбайбы?

Кыргыз эли каада-салтка, үрп-адатка бай эл болуп саналат. Жакында эле “Көк-бөрү” аттуу кино тасмасы чыкты, ал фильмде комедия, айыл жергесиндеги чыныгы жашоо сүрөттөлгөн. Чынында бул-чыныгы жигиттер тууралуу тасма. Фильмде көрүүчүнүн бүйүрүн кызыткан чапчаң кыймылдар, курч окуялар жыш.

Мени бушайманга салган 2- 3 жылдан кийин Көчмөндөр оюнубузду тарттырып жибербесек деген көйгөй?

А бирок, чындап эле чет элдин бул оюнга кызыгуусу курчуп, күчөп бараткансыйт. Көк-бөрү оюну ушундай деңгээлде дүйнө элине тараса эң жакшы көрүнүш. Бирок, биз кыргыздар “Көкпар” кылып Казактарга тарттырып жибербесек болгону…

Таалайбек уулу Данияр, студент