Categories

Жеңил атлетчи Маслова 1 млн сом сыйлык алат

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан Кыргызстандын куржунуна 2 медаль салып берген чемпион Дарья Маслова жеңил атлетика федерациясынан 1 миллион сом сыйлык алат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлады.

Дарья өлкө тарыхында чоң мелдеште биринчи жолу эки медаль тагынган спортчу болду Жөө күлүк кызды беш жылдан бери Виктор Борисов машыктырып келет.Аба-ырайынын катаал шартына карабай экинчи жарышына аз убакытта даярдыксыз чыкса да алдыңкы орунду багындыра алган. 

Кечээ Дарья Маслованы “Манас” аэропортунан жакындары, күйөрмандары жана машыктыруучулары  салтанаттуу түрдө тосуп алган.

Маслова Индонезияда өткөн Азия оюндарында 10000 метр аралыкка чуркап алтын медаль, кийинки эле күнү 5000 метр аралыкта күмүш медаль уткан. Өкмөттүн буйругуна ылайык,спортчулар  Азия оюндарынан алып келген  алтын медаль үчүн 1 млн 250 миң сом, күмүш медаль үчүн 750 миң сом алышат.

 

 

 
Categories

“Азия ханышасы 2016” наамын жеңген бийкеч жол кырсыгына учурады

Кече Бишкекте  саат 19:00 чамасында К.Маркс көчөсү менен “Космопарк” көңүл ачуу борбору тарапка бара жаткан учурда жол кырсыгы катталган. Тагыраагы окуя Юнусалиев жана Медеров  көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Сулуулук боюнча бир нече сынактардын жеңүүчүсү,модель Айжамал Осмонова өзүнүн унаасы менен бара жатып ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген кайтаруу күзөт башкы башкармалыгынын кызматкеринин унаасы менен кагышып кеткен.

Эки унаа тең айып жайына токтотулуп,учурда кырсыктын эмнеден улам чыккандыгы такталууда.

Айрым басылмалардын айтымында кырсыктын кесепетинен Осмонованын баш мээси чайкалып, Республикалык ооруканага жаткырылган.

 
Categories

Грузиянын президенти 28 – октябрдагы шайлоодо ат салышпайт

Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили 28 –  октябрда боло турган президенттик шайлоодо талапкер болбой тургандыгын айтты.

Маргвелашвили Латвиянын мурунку президенти Валдис Затлерсти Тбилисидеги президенттик сарайында кабыл алды. Маргвелашвили менен Затлерс андан кийин университет студенттери менен жолугушуп суроолорго жооп берди.

Маргвелашвили бул жерде сүйлөгөн сөзүндө 28 –  октябрда боло турган президенттик шайлоого байланыштуу: «Шайлоого катышпай тургандыгымды силер менен бөлүшкөнү келдим бирок башка жол менен өлкөбүзгө кызмат кылууну улантам»-деди.

Грузин калкынан абдан чоң колдоо алгандыгын белгилеген Маргвелашвили калкына,үй-бүлөсүнө жана тобуна рахмат айтып, шайлоонун акырында бийликке келе турган президенттин калктын жана өлкөнүн биримдиги үчүн аракет кылууну улантышы керектигин айтты.

Маргвелашвили 2013 –  жылдагы шайлоодо жеңиш менен чыгып президент болуп шайланган.

 

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ар бир жаңы мектеп — илим-билимге, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» конушундагы № 96 мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат бөлүмү маалымдоодо.

Мамлекет башчысы мектептин жамаатын жана окуучуларды 1-сентябрь — Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. Президент белгилегендей, Билим күнүндө республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Жылдын аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп  окуучуларды кабыл алат.

Сооронбай Жээнбеков: «Мына ошол жаңы билимканалардын арасында бүгүн салтанаттуу түрдө ачылып жаткан силердин мектебиңер да бар. Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат. Ар бир жаңы мектеп — бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол. Биздин негизги милдетибиз — сапаттуу билим, келечектүү жаштар жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо. Ар бир баланын таланты, шыгы жана өнөрү жакшы тарбия жана мыкты билим бергенде гана ачылат. Ошондуктан, педагог-тарбиячылар, ата-энелер биргелешип, жаңы муунду тарбиялоо жоопкерчилигин татыктуу жүзөгө ашырууга тийиш. Силер өлкөбүздүн келечегисиңер. Канчалык билимдүү, маданияттуу, акылдуу, адептүү жана мекенчил болсоңор коомубуз да ошончолук тазарып, өлкөбүз өнүгө баштайт», — деди.

Андан соң мамлекет башчысы жаңы мектеп ак жолтой болуп, көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады. Ошондой эле мугалимдерге кайрылып, алар окуучуларга терең билим берүү үчүн билимин тереңдетип, замандан артта калбай өсүшү керектигин, алар канчалык көп билсе, окуучулар да ошончолук билимдүү, тың болушарын айтты.

Ата-энелерди балдардын келечеги үчүн мектептин чыныгы күйөрмандары, колдоочулары болуп, мугалимдер жамааты менен бир үй-бүлөдөй болууга чакырды.

Соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков мектептин директору Гүлянда Асановага окуу китептерин, мультимедиялык жабдыктарын жана керектүү спорт жабдыктарын сатып алууга 300 миң сомдук сертификат тапшырды жана мектептин имаратын, кабинеттерин көрүп чыкты.

 
Categories

Бүгүн жергебизге Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын келиши күтүлүүдө

Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн расмий сапар менен жергебизге келиши күтүлүүдө. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тууган Түрк мамлекетинин  лидери президент Соорронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келе жатат.

Алгач эки өлкө лидерлери эки мамлекеттин ортосундагы  экономикалык, саясий  кызматташтыкты талкуулашат. Мындан ары карай аны тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелерди ортого салышат. Ошондой эле, эл аралык жана аймактык маанидеги коопсуздук маселелерине да токтолушат.

Кыргызстан жана Түркия ортосундагы  кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин IV отурумуна катышат. Жыйынтыгында боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Андан соң  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышат.

 
Categories

Бүгүн мектептерде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ачык сабактар болот

Бүгүн 1- сентябрь жаңы окуу жылынын башталышы. Бул күнү өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Ал маалыматтарга караганда, бул күнү республиканын баардык мектептеринде ачык сабактар жана майрамдык салтанаттар жана билим күнү өткөрүлөт.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ачык сабактар болот. Ал эми аталган күндүн урматына Ош шаарында жүргүнчү ташыган автобус, троллейбус жана маршруттук унаалар мектеп окуучуларын акысыз ташыйт.