Categories

Иса Өмүркулов: «Өкмөт эскиче иштеп, экономика өнүкпөй жатат”

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында Өкмөттүн аткарган иши, Бизнести жүргүзүү (Doing Business) жана Глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү индекси (The Global Competitiveness Index) рейтингдеринде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү жөнүндө маселе каралууда.  Бул тууралуу  Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркуловдун пикиринде, жалгыз айыл чарбасы менен тигүү өнөр жайын карап отура бербей, тамак-аш сындуу тармактарды да экспортко чыгаруу жолдорун караштыруу зарыл.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркуловдун: «Кыргызстан ЕАЭБ алкагынан четтеп калуу коркунучу бар, биз андан сүрүлүп калбашыбыз керек. Коӊшу өлкөлөр өз товарларын Кыргызстандын базарына толтуруп салды. Мисалы, Беларустан сүт азыктары келүүдө, а эртеӊ чегара жабылып калса эмне болот? Биз азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла алабызбы?», – деди. Ал Өкмөттүн эскиче иштеп, стратегиясы жок экенин, ошондон улам экономика өнүкпөй, ири ишкерлер четке кетип жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина аймактарда жерди отоо басып, ишканалар жабылып жатканын айтып, Өкмөттө кадрдык тазалоо зарылдыгын белгиледи.

Ирина Карамушкина «Көп кызматкерлердин мүмкүнчүлүгү чектелүү, башка бирөөнүн мойнунда отурушат. Кимдир бирөөлөр жетелеп келген жек-жаатыӊарды калкалаганды токтоткула. Алардан тезинен кутулуп, дасыккан адистерди тартыш керек. Президент аймактарды өнүктүрүүгө даяр, бирок мындай кадрлар менен аны ишке ашыра албайбыз. Айрыкча Айыл чарба министрлигинин ишине көӊүл бурулууга тийиш», – деди.

 
Categories

Түркияда аэропортто каза болгон адам казак жараны экени такталды

Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда бийиктен секирип, каза тапкан адам Казакстандын 37 жаштагы жараны экенин аныкталды.Бул тууралуу “Азаттыкка” Стамбул шаарындагы Сади Конук мамлекеттик ооруканасынын дарыгери Мустафа Саалем билдирген.

27-сентябрда айрым түрк басылмалары “Кыргызстандын жараны Ататүрк аэрпортунда өз жанын кыюуга аракет кылганын, абалы оор экенин” жазып чыгышкан.

Эске салсак, кечээ 27-сентябрь күнү Тепкичке чыгып, боюн таштаганы жаткан  кишини башка адам артка кайтууга көндүрүүгө аракет кылган. Бирок, бул аракеттен оң жыйынтык чыкпай, ал тепкичтердин ортосундагы бош жерге боюн таштаган. Өз өмүрүнө кол салган адам эки кабат төмөндөгү бетон төшөлгөн жерге кулап түшкөн. Кан көп кеткендиктен кечке жуук каза болгон.

Анын сөөгү Стамбул шаардык прокуратурасынын судмедэкспертиза мекемесине жөнөтүлдү.

 
Categories

Көз ооруларын дарылоодо жаңы ыкма

Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин изилдөөчүлөрү, көзү начар көргөндөрдүн көрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу максатында интернет аркылуу көз кыймылдары менен гана ойнолгон компьютер оюндарын иштеп чыгышты.

Оюндар аркылуу кишинин өз ыктыяры менен белгилүү жерге, белгилүү мөөнөткө карашы жана багытталышы камсыздалып, чындап эле карап же карабаганы так байкалат. Классикалык реабилитация процесстерине караганда, кызыктуу система болгондуктан көпкө чейин көнүгүүлөрдү жасоого болот.

Ушунун негизинде көз алсыздыгы (амблиопия же жалкоо көз) ылдам түрдө калыбына келет.

Экранды карап тургандар, компьютер экранында бир калыпка келтирүү, секирүү, байкоо, сүрөт бөлүү, борбордук жана чөйрөнү көрүү сыяктуу категорияларда ар түрдүү оюндар менен көз көнүгүүлөрүн оңой эле жасай алышат.

 
Categories

Кытайда жасалма жүрөк жасалды.

Кытайдын Космостук илим жана технология компаниясынын (CASC) карамагында иш алып барган Кытайдын ракета учуруу технолгиясынын академиясы жана Тиянжин Теда Жүрөк-кан тамыр ооруканасы биргеликте жасалма жүрөк иштеп чыкты.Бул тууралуу жериликтүү басылмалар жазып чыкты.

Кандайдыр бир нерселердин аппараттын жардамына муктаж болбостон магниттик талаа менен кыймылдашына мүмкүнчүлүк түзгөн магниттик суюктук технологиясы жасалма жүрөктөгү чайпалуу жана титирөөнүн азайтат.

Мунун негизинде жасалма жүрөктүн дагы таасирдүү согушу камсыздалса, энергия булагы жүрөккө  узак мөөнөт күч бере алат. Ушундай жол менен жасалма жүрөктүн дагы көп убакыт согушуна кепилдик берилет.

Аны иштеп чыккан технологиядан улам «космостук жүрөк» деп да аталган жасалма жүрөк, алгач бир канча сыноолордон өтүп жаныбарларда сыналат. Көбүнчө жүрөк көчүрүүнү күтүп жатканда же көчүрүү мүмкүн болбогон учурда колдонулган жасалма жүрөктөр, орточо баасы 152 миң доллар болгон импорттолгон жасалма жүрөктөргө салыштырмалуу дагы арзан болушу күтүлүүдө.

Дүйнөдө алгач ирет 2013-жылы толугу менен жасалма болгон жүрөк Франциядагы Жорж Помпиду ооруканасында 70 жаштагы оорулууга көчүрүлгөн болчу.

 
Categories

Бишкек-Ош жолунда 6 жашар наристени сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкек-Ош жолунда 6 жашар баланы жол тандабас унаасы сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын 6 жаштагы тургунун белгисиз айдоочу Тойота-Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткен. Кесепетинен бала ошол жерден жан берген.

Учурда унаанын айдоочусу изделүүдө.

 
Categories

Насыпбек Асанбаев: Орусту аягандар окубасын..

Мен бул макаланы майрам-сайраны жок эле жазайын деп жүргөм. Анан эле тил майрамы да келип, киргиздерден бери «кыргыз тили» деп дуулдап калышкан соң жазайын деп чечтим…

Канчадан бери китеп-ситеп, чыгарма-сыгарма которуп жүрүп, акыркы убакта укук маселеси дегенге такалчу болдум. Мисалы, бир жакшы чет элдик китепти окуп, жактырып, анан «кой ушуну да элиме тартуулай кетейин» деп киришейин десең эле кашайып «которуу уруксаты» деген маселе чыгып калат. Уруксатсыз которо албайсың… Билсе өзү соттойт, билбесе абийириң соттойт… кыскасы, кыргыз тилине кичине да салым кошо албайсың. Кошом десең эле кылмышкерсиң… А антип отурсак, китеп которо албасак, кино которо албасак, чыгарма которо албасак, программаларды которо албасак, макалаларды которо албасак (баары эле акча), анда кыргыз тилин кантип өнүктүрөбүз? Жо, өнүктүргөндү кой, кантип тирүү алып калган атабыз?

Мына үйдөн балаңа кыргызча сүйлө деп какшап, бир-эки саат насаат айтканың менен, телевизордон, же интернеттен бир-эки мүнөт мультик көрүп калса болду, орусча быдылдап калат. Ал үчүн сага караганда орусча сүйлөп аткан каармандары жакын, ошолор кыйын, заманбап сезилет. Анан кантип кыргызча үйрөтөсүң балага? А тиги мультигин кыргызча которо салалы десең анын акчасына менин эмес, мамлекеттин чач кирпиги чак келбейт. Деги акчасы жеткен күндө деле аны ким көрөт? Биз кыргызчага эптеп жасалма сүйлөп, калп каткырып, калп ыйлап которгуча, орустар кыргыздын баарына орусча көрсөтүп таштап атпайбы. Орус тили биздин базардын баарын ээлеп алып, кыргыз тилине кардар калтырбай коюуда. Анан абал ушундай болуп турган соң он жолу тил майрам өткөрүп, беш жолу комиссия түзсөк да жыргабайт окшойбуз.

Демек, эмне кылыш керек? Канткенде, бул орус тилинин тебелендисинде калган эне тилибизди бутуна тургуза алабыз? Канткенде кыргыз тилин каратып туруп «кокуйлатып» аткан орус тилин гумандуулукка чакырабыз? Канткенде орустун огунан кансырап жаткан кыргыз тилин айыктырабыз?

Ооба, мен мунун баарын атайылап айтып атам. Себеби, биздин тилди орус тили атайылап коңторо атканы чын да. Убагында атайын эле тилди жоготуу саясаты жүргөн. Азыр да уланып атат. Убагында кыргыз тилин тургай, кыргыз элин жоготуу аракети болгон. Демек, биз ошол кылыгы үчүн кимдир бирөөдөн акы алсак болобу? Жок дегенде талап кылып көрбөйлүбү? Жок, коркпогула! Айланайын кыргыздар, биз орустан кол үзбөйбүз. Коркпогула! Оруска каршы кеп кылса эле үркүп кетчүлөр бар эле. Орусия силердин бир боор энеңер экенин билебиз. Бирок, кичине эле аракет кылып көрбөйлүбү. Көп болсо бир-эки сөз угуп, кичине шапалак жээрсиңер.

Баса, мен оруска түптүз эле барып, убагында аталарыбызды өлтүрүпсүңөр. Тилибизди атайын унуттурупсуңар, баланча акча берип, биздин бутубузга жыгылып кечирим сурагыла деп айтпайм. Аны мен айтсам деле, айтпасам деле кылчу киши жок. Мен башкача жол менен «акыбызды» алууну сунуштайт элем. Мисалы, бүгүнкү күнү дүйнөнү дүңгүрөтүп аткан батыштын кинолору, мультфильмдери, чыгармалары бар эмеспи. Ал башында англисче, же дагы бир батыш элинин тилинде жарыкка чыкканы менен, бизге орус тилинде жетет. Орустар өзүнүн элине кошо биздин элди да эсептеп туруп, эч тайманбай, эч бир коркпой туруп акысын төлөп, тилине которуп алат. Анан биздин элдин назарына сунушталат. Товарын өткөрүп, акчасын чөнтөгүнө солоп басып кетет. Биздин элдин тапкан акчасы ошолордун чөнтөгүнө кетет. Туурабы? Туура.

Демек, мындан келди, биз ошол батыш элине барып, ушул убагында кылган орус элинин кылыгын, кыянатчылыгын, орус тилинин биздин тилди башка-көзгө койгулап жоготкону калганын түшүндүрүп, элибиздин аз экенин, алсыз экенин уялбай эле айтып туруп (карыз акча сураганда уялбагандай эле), анан жалпы эле батыш дүйнөсүнөн чыккан чыгармалар үчүн ушу тырмактай элден котормо укугун албай эле койгулачы деп көрбөйлүбү. Бизден алчу акчаны ошол орустан алсаңар деле болот да дебейлиби. Дүйнөдө аз улуттар жоголуп баратат, алардын тилин сакташ керек деп БУУ болобу, чуу болобу какшап калышат, ошолорго ушул маселени айтып, жолубузду ачып албайлыбы. Ошондо, биз орусчага которулган нерселерди коркпой кыргызчага которуп калат элек. Анан студиялар ойгонот эле. Анан жанданат эле тилибиз бир аз. Кан жүгүрөт эле жүзүнө.

Кыскасы, менин ушундай оюм бар. Анан ансыз да бири-бири менен тирешип турган чоң элдердин атаандаштыгын пайдаланып туруп ушул «котормо акысы» деген маселени чечип алсак өзүбүзгө жакшы болот эле. «Бул бир майда эл экен. Ушулар жоголуп кетпесин. Мейли, силерге уруксат бердик. Силердин акча менен биз деле байып кетпейбиз» деп уруксат берип койсо андан жакшы. Жок, «Силерди чынында эле орустар кордоп коюптур. Биз аны билебиз. Өзүңөр айтпаган соң эле билбемиш болуп келгенбиз. Мына, ошон үчүн силерден алчу акыны ушул орустардан алалы» деп аларга тарифти кичине көтөрүп, бизге жеңилдик берсе деле жакшы. Баса, оруска боору ооруп аткандар болсо айтып койоюн, алардын мындан эч нерсеси деле кемибейт. Бизден деле далай нерсени алып-жулуп кеткенде өлгөн эмеспиз…

Же, «Силерге батыш жакшы көрүнүп аткан турбайбы. Жок, аларга кайрылбай эле койгула. Биз силерди өзүбүз камкордукка алабыз. Силер үчүн биз эле төлөп койолу» деп балким орустар да ойгонуп кетип, адатынча жакшы көрүнүүнүн аракетин кылар. Эч болбосо ага деле мейли. Айтор, ушул котормо акысын чечип алсак, тилибизге кыйла жакшылык кылган болор элек. Ойлонолучу ушуну, урматтуулар…

Насыпбек Асанбаев

Кыскартуулар менен “Саресеп” сайтынан алынды

 
Categories

Түрк аэропортунда 2-кабаттан боюн таштап кыргыз жараны каза болду (видео тасма)

Түркиянын Стамбул шаарындагы “Ататүрк” аэропортунда 37 жаштагы кыргызстандык жаран экинчи кабаттан боюн таштады. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Окуя кечээ, 27-сентябрда болгон. Тепкичке чыгып, боюн таштаганы жаткан  кишини башка адам артка кайтууга көндүрүүгө аракет кылган. Бирок, бул аракеттен оң жыйынтык чыкпай, ал тепкичтердин ортосундагы бош жерге боюн таштаган. Өз өмүрүнө кол салган адам эки кабат төмөндөгү бетон төшөлгөн жерге кулап түшкөн.

Күбөлөр окуя болгон учурда анын мас абалында болгонун айтышкан. Секирердин алдында «Мен силерди жакшы көрөм» деп кыйкырган.

Окуя болгон жерге дарыгерлер келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, жабырлануучу тез жардам унаасы менен Бакыркөй районундагы ооруканага жөнөтүлгөн. Бирок, орто жолдон жүрөгү сокпой калып,каза тапкан.

Полиция кызматкерлери бул боюнча териштирүү иштерин баштады.

(Видео тасма интернеттен алынды)

 
Categories

Чыңгыз Айтматов: “Цивилизация – өнөр, технология, илим-билим “

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

– Жалаң терең философияга кеттик.Окурмандарды кыйнайсың го минтип отурсаң.(Чыңгыз аке жумшак күлдү. Анан саал ойлоно түшүп сөзүн улады). Мага бирөө кат жазыптыр. Өзү учкуч. Адабиятчы. Баягы бир жылкы каты келгенде абдан кызыгып окуп, терең киши экенин сезгем. Жооп бергем. Анан унутуп калыптырмын. Эми 10-15 бет кат жазыптыр, ойлору абдан кызыктуу. Адабиятты улам татаалдаштыра берсек, каякка барабыз? Мен Кызыл жоолук жалжалымды эңсеп жүргөн кишимин. Ошон үчүн дагы кайрылам. Маркестин “Сто лет одиночество” дегени өтө мыкты жазылган. Бирок мен андан көрө “Робинзон Крузону”унутпайм. Мына ошондой однолинейный нерсе керек. Бардыгыбыз эле татаалдаштырып жаза берсек, адабият окулбай калышы мүмкүн”, дейт. Мен муну ал кишинин оюна толук кошулганымдан эмес, маселинин коюлушунан улам айтып жатам. Бул маселеде бир табышмак бар. Мен ойлонуп атам. Бир жагынан окурмандарым азайбаса экен, аларга кызыктуу нерсени жазып берсем дейм. Экинчи жагынан адабият дайыма кыймылда боло турган, өнүгө турган нерсе. Дагы бир жагы бар: жаңы ыкма, жаңы амал,  жаңы көз караш керек деп ойлойм.Окурмандарга аманчылык болсо, буйруса, дагы бир нерсе жазып берем.

  -Маркес демекчи.”Жүз жыл жалгыздыкта” сүрөттөө, кишинин жан дүйнөсүнө үңүлүү, жок го. Орошон окуялар бир эки сүйлөм менен баяндалып, маалыматтарды көнөктөтө бергенсийт…

-Мен дагы таң калып атам. Көбүнчө информация сыяктуу кетет. Ички сезим, психология почти жок. Бир барактын ичине 100 жылдык окуяларды шыкап коёт.

-Чыгармаларыңыздын келечектеги тагдыры…

-Ойлоном, албетте,ойлоном. Балдардын балдарына жетеби биздин китептер. Ошого кызыгуу болобу деген сыяктуу ойлор бар. Ойлонбой коюу мүмкүн эмес. Ойлобоско айла жок .Келечекти алдын ала кантип айтабыз, турмуш көрсөтө жатат да.

  -Компьютер, интернеттен улам китептин зарылдыгы жоголорун айтып жаткандардын оюна кошуласызбы?

-Мен ойлойм: китеп баары бир калат. Бир эле текстти компьютерден окуган башка да, китептен окуган башка таасир калтырат. Китепти өзүңүн затын катары колуңа кармап отуруп окуйсуң. А компьютердики жаркылдап кетет берет.

  -Александр Мень атындагы сыйлыкты алганда сүйлөгөн сөзүңүз “Независимая газетага” басылды. Ошондо жаңы 2 түшүнүк колдонуптурсуз. Бири “культура миролюбия”. Мындай сөздү, түшүнүктү мурда орус басма сөзүнөн , адабиятынан жолуктурбаган элем. Сиздин сөзүңүздөн бери колдонула баштады.

-Ал ЮНЕСКОнун демилгесинен улам жаралган сөз. Мурда адамдын оюна, аң-сезимине келбеген нерсе. Мунун өзүнүн философиясы бар. Мисал үчүн ушул күнгө чейин адам баласынын мыктылык, бийиктик жагын  эмне менен баалачы элек? Көбүнчө баатырлык жагынан.Тиги Москвада Жуковду килтейген атка мингизип коюптур. Бул эмненин эстелиги? Согуштун культу. Жуковдун мыкты кол башчы болгону чындык. Мен аны танып жатканым жок. Бирок адам баласы ушунтип жер талашып, суу талашып ,бирин бири кырып, зордоп, кордоп келе береби? Башка жол жокпу тарыхта? “Ата көрү, бул баатыр экен. Мынча кишини чапты” дей бербей, “Бул мынча кишиге жардам берди. Мынча кишини оорудан, өлүмдөн куткарды. Жакындап келаткан чоң чатакты токтотту”-деп, адам баласын ошого үйрөтүү ,тарбиялоо керек. Бул бир жагынан философиялык , бир жагынан психологиялык чоң маселе. ЮНЕСКО адам баласын туулгандан тартып жанагы мен айткандай тарбиялап, башкача өнөр үйрөтүү демилгесин көтөрүп жатат. Аны “культура мира” деп коюптур. Чогулушунда мен сүйлөп , демилгени колдодум да “культура миролюбия” – “тынчтыкты сүйүү маданияты” деп, тактап сунуш кылдым.”Культура мира” болгондо дүйнөсү да, тынчтыгы да аралашып калат.(Жөтөлүп). Адамды жакшылыкка үйрөтүш кыйын. Жамандыка үйрөтүш опоңой. Азыр көчөгө чык, жамандыкты иштегендер толуп жатат. А жакшылыкка үндөш ,үйрөтүш, ынандырыш керек. Ага дин жагы да,маданият жагы дагы аракеттенип, умтулуп  келетат нечен-нечен миң жылдардан бери. Бир күнү эле ошону тыйып койсоң, адамдын ичиндеги бекинип, ырылдап отурган  айбан үстөмдүк кылат экен.  (Жумшак күлүп).Адам баласы очередде да бирин-бири түртөт “мен биринчи болом”деп.

  -Ошол эле сөзүңүздө “гуманистик цивилизация” деген жаңы түшүнүктү колдонупсуз.Цивилизациянын өзү гумандуулук эмеспи?

-Цивилизация деген бул өнөр, технология, илим-билим. Аны терс нерсеге колдонсо да  болот. Укмуштуу подводный лодка менен барып, бир материктин астына бомба коюп, талкалап салуу мүмкүн.

Цивилизацияга руханий табихат керек гуманистикке жеткире турган. Мындан мурда да канча цивилизациялар жашады. Бир цивилизация келип, экенчисин талкалап, ордун ээледи. Байыркы грек цивилизациясын рим цивилизациясы сүрүп чыкты. Аны Византия цивилизациясы ээледи .Византиядан орунду түрк цивилизациясы тартып алды. Гуманисттик цивилизациянын эң алдыңкы приоритети адам баласына маданияттын жарык нурун берет.

  -Сиз айткан эки идея аркылуу ЮНЕСКО Рим папалыгындай абырой күтө алабы?

-Мүмкүн, мүмкүн.

  -Бул менин өзүм дей турган каарманыңыз барбы?

-Антип түз айта албайм. Баардыгы чогултулган , идеяларыма туура келген нерселер. Синтетический.

-Окурмандар эмнеликтен “Согуш жана тынчтыкка” эмес , детективдерге кызыгат? Ал жер жүзүн өрттөй каптап барат го. Өзүңүз детектив окуган учуруңуз барбы?

-Адам баласынын эң күчтүү рефлекси эмнеде? Коркунуч да, өзүн өзү сактоодо. Биринчиден өлүм коркунучу бийлейт кишини. Детективде бирөөнү өлтүрүп кетет. Ким өлтүрдү? Эмне үчүн өлтүрдү? Кандай амал менен? Ошону билүүгө ар ким кызыгат. Эмне үчүн? Анткени, өзү ошондой абалга туш болушу мүмкүн. Экинчиден, ошентип бирин бири өлтүрүп, сүрүшүп, куушуп жүрсө, а бул өзү жакшынакай үйүндө тыптынч , коркунуч башында жок, тигилердин коркунучуна кызыгуу туудуруп окутат. Детективдин технологиясы ошол. Андыктан эч убакта токтой турган нерсе эмес.

Кече жакында кызыктуу бир окуя болду.”Литературная газетага” Аркадий Ваксберг экөөбүздүн маегибиз басылды. Мен анын эмнеликтен майдараак тамга менен берилгенин сурап калдым. Жанындагы хроника чоң-чоң тамгалар менен басылыптыр. ”Түшүнсөң, эгерде сен бала кезиңде бирөөнү бычактап, чоңойгондо бирөөнү муунтканыңды сүйлөп берсең, анда гезиттин биринчи бетине килтейген тамгалар менен берет элек. Анткени,окурман ошону окуусу келет. Экөөбүздүкү философия” , – дейт. (Күлө). Мен дагы Ваксбергдики чынбы деп калдым. Азыркы гезиттер ошондой болуп кетти, адам баласынын күндөлүк инстинкти , рефлекстерин пайдаланат. Кеңири таркаса, кирешеси болот. Баары эле айланып келип, базардын оокаты. Эми эмне кыласың. Адам ушундай жаралган экен, турган турушунун бардыгы карама-каршылык. Бир жагынан жакшылыка үндөп, терең маданияттуу бол деп турсаң, бир жагынан жамандык азгырат.

Ал эми детективди бала кезимде окугам. Азыр окугум келет, убакытым жок. Анан азыр анын баары (Колдорун кыштарды жыйнап жаткандай жаңсап)бышкан кирпичтей болуп калды.

  -Детективдин биздин учурдагы  чыгааны ыраматылык Жордж Сименон повестерин 800 сөз гана жазарын айткан…

-Детективге сөз байлыгынын анчалык зарылчылыгы жок чыгар. А чыныгы көркөм чыгарма өтө керек.

-Чыгармаларыңыз кол жазма кезинде эле англис, немис , жапан жана башка тилдерге которула баштайт. Андыктан которууга ылайыктайсызбы?

-Андай атайын койгон максат жок.Өзүнүн табигый агымы менен кетет.

Даярдаган Назаркул кызы Назик

 
Categories

Оштогу имамдар алгачкы жардам көрсөтүү боюнча атайын окуудан өтүштү

Ош шаарындагы “Раян” мейманканасында Ош облусунун аймагынан келген 10дон ашуун мечит имамдарына уюштурулган “Алгачкы жардам көрсөтүү боюнча” эки күндүк окуу курсу жыйынтыкталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Окуу курсун Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы Эл аралык Кызыл Чырым уюму менен биргеликте уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун тренерлери тарабынан сабактар өтүлдү. Жалпы 16 саатка созулган окуу курсунда алгачкы жардам көрсөтүү түшүнүгү, жардам берүүнүн ыкмалары жана анын тартиптери түшүндүрүлүп, ар кандай себептен улам ден соолугунан жабырланган жаранга алгачкы жардам берүү эрежелери, эс-учун жоготкон, денесинен күйүк алган, кан тамырларынан жаракат алган адамдарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча үйрөтүлдү.

Аталган окуу курсун жыйынтыктоо иш чарасына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун байланыш иштери боюнча кеңешчиси Султанбек Казанбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун тренерлери жана казыят кызматкерлери катышышты. Окуу курсун жыйынтыктоо иш чарасында мечит имамдары семинарда теориялык жактан үйрөнгөн сабактарын Кызыл Ай Коомунун ыктыярчылары менен биргеликте “Жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүү” аталышындагы практикалык тапшырманы жогорку деңгээлде көрсөтүп бере алышты.  Мындай саамалыкка күбө болгон облус казысы Самидин кары Атабаев жалпы имамдардын окуу курсун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, имамдар бардык тараптан билимдүү болуп, анын ичинде күтүүсүздөн ден соолугунан  жабыр тарткан адамдарга биринчи медициналык жардамдарды көрсөтүүнү өздөштүрүүсү да абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Окуу курсунун соңунда бардык катышуучу имамдарга алгачкы жардам көрсөтүү аптечкалары тапшырылды.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Душанбе шаарында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат бөлүмү билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков: «Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун потенциалын арттырып, элдерибиздин ортосунда достукту бекемдейбиз», -деди.

Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон биргелешип күч аракет жумшап, бардык багыттар боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин белгилешти.

Эки мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин, анын ичинде канатташ чек ара маселелери боюнча кызматташууну активдештирүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков Тажикстан элин жана Президент Эмомали Рахмонду Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгы менен куттуктады.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 28 -сентябрда өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн Душанбеге келди.