Categories

Түркия Өзбекстанга 50 тез жардам машиналарын жана 20 автобустарды белек кылды

Ташкентте Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине 50 тез жардам машинасынан жана 20 атайын автобустан турган Түркия Республикасынын белеги салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Түркия параламентинин спикери Бинали Йылдырым белекти тапшыруу салтанатында: “Түркия Өзбекстанга дайыма жардам берүүгө даяр”, – деди.

Түркия тарабынан белекке берилген тез жардам машиналарын “Бир тууган элден – бир тууган элге” деген өзбек тилиндеги жазуулар көркүнө чыгарып турат

 
Categories

Жалал-Абадда ыр кесе сынагы өткөрүлдү

Бүгүн, 29-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулган республикалык ыр кесе телесынагы өттү.  Бул тууралуу Newtv.kg порталына өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаар башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары менен бирге Ысык-Көл, Нарын облустарынан келген атайын коноктор күбө болушту.

Эске салсак, ыр кесени буга чейин теңир тоолуу, наркы бийик Нарын облусу  уюштуруп,эрежеге ылайык  эстафетаны Жалал-Абадга өткөрүп берген. 

 Ушуну менен кезектеги ыр кесе Ысык-Көл өрөөнүндө өтөт.

 
Categories

Индонезияда 7,7 балдык жер титирөө болду

Индонезияда болгон 7, 7 балдык жер термелүүдө алгачкы маалыматтарга караганда бир киши каза болуп, он киши жараланды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Сулавеси аралында болгон жер титирөөдө бир топ үйдүн да кулагандыгы билдирилди.

Жер титирөөдөн кийин Индонезия метеорология агенттиги цунами боюнча эскертүү жарыялады. Аймакта жашагандардын жээ тилкесинен алыстап бийиктиктеги аймактарга барышы керектиги айтылды. Индонезияда акыркы бир айда ондон ашык жер титирөө катталды.

 
Categories

Бишкекте “БТА Банктын” директору кармалды

Бишкекте сентябрь айынын орто ченинде “БТА Банк” Жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов кармалган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, колго түшкөн адамга карата үч кылмыш иши козголгон. Алардын бири “кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган” деген мазмундагы берене.

“Ошондой эле Темир Рыскулов буга чейин Максим Бакиевге таандык болгон “Идеал Хаус” комплексинин сатылышына тийштиги бар деп айыпталууда”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда Темир Рыскулов убактылуу кармоочу жайда отурат. Тергөө амалдары уланууда.

 
Categories

Экотехинспекцияга бир эле “Жунда” заводу жылына 36 млн. сом которот. Ал акчалар кайда?

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын дарегине бир топ сын-пикирлер айтылып келет. Тилекке каршы, бул боюнча чечкиндүү кадам менен аталган инспекцияны текшерүүгө эч ким батына элек. Негизи эле бул жер коррупциянын ордосуна айланганы, аны жашырып-жаап келишкени узун сабак кеп болуп айтылганы менен чара көрүлө элек.

Мисалга айтсак, Кара-Балта шаарында жайгашкан бир эле «Жунда» заводу экологиялык тармагын, техникалык коопсуздугун көзөмөлдөгөн Экотехинспекцияга жылына 36 000 000 (отуз алты миллион) сом которот. Бул оңбогондой каражат кайда кетип жатканы белгисиз. Кур дегенде аталган инспекция элдин ден соолугу үчүн Кара-Балта шаарынын башына бир, аягына бир аба тазалап туруучу жабдыкты коюп бергенге жараган жок. Эл кат менен кайрылып атып тили тешилди. Аталган жабдыктын баасы ашып барса 7 миллион сомдун тегерегинде турат. Бул завод иштегенден бери 7 эмес, 150 миллион сом которуптур. Мына логика каякта жатат?

Булак: “Де-Факто”

 
Categories

Нидерландияда террордук кол салууга даярданган 7 киши камоого алынды

Нидерландияда абдан чоң кол салууга даярданып жаткандыгы аныкталган 7 киши камоого алынды.Бул маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Бул кишилердин бомба жана курал алып жүргөндөрү жана кол салуу үчүн даярдангандары такталган.

Шектүүлөр жарандар21-31жаштар арасында.Аларды полиция Арнем жана Вирт шаарларында кармалды. Шектүүлөрдүн үчөөсүнүн мындан мурда өлкө тышындагы чет элдик террористтерге кошулууга аракет кылуу учурунда кармалган. Учурда ыкчам териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

 

 
Categories

Кара-Суудагы мектептин ачылышына окуучуларды катыштырууга эч ким буйрук берген эмес

Бүгүн, 28-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болду.

Кээ бир жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары  вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ачылыш аземине 2,5 саатка кечигип келгени, ал убакыт ичинде айрым окуучулар өздөрүн жаман сезгени тууралуу маалымат чыккан.

Өз кезегинде Өмүрбекова социалдык тармактагы баракчасына пикирин жазып чыкты.

“2,5 саат күттүргөнүм боюнча түшүндүрмө бергим келип жатат. Жаңы мектептин ачылыш аземи саат 12:00гө пландалган. Биз 11:20да бардык, 10 мүнөттөн кийин иш-чара башталды. Окуучуларды тизүүгө эч ким буйрук берген эмес. Мектеп 10 жылдан ашык убакыт курулган. Бул айыл үчүн көптөн күткөн окуя болду. Балдарды мындай иш-чараларга колдонууга тыюу салабыз”, – деген ал.

Эске салсак, 2015-жылдын май айында Билим берүү жана илим министрлиги расмий адамдар менен жолугушууларга балдарды катыштырууга тыюу салган. Мындай чечим жогорку даражадагы чиновниктин келишин көп күткөнү үчүн өзүн жаман сезген окуучудан кийин кабыл алынган.

 
Categories

Кытайга Кыргызстандан 17 миң эшек сатылган

КСДП фракциясынын отурумунда Кытайга Кыргызстандан эмне товарлар жана жылына канча товар экспорттолуп жаткандыгына депутаттар кызыгышты. Депутаттардын суроолоруна Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жооп берди.

Анын маалыматына караганда, негизинен жер байлык кен экспорттолот.

Ал эми Рыскелди Момбеков кытайга эшектердин сатылып жатышына кызыкты. Рыскелди Момбеков  «Кытайга канча эшек саттыңар?» — деп сурады. Вице-премьер андай маалыматы жок экенине токтолду.

Рыскелди Момбеков:  «17 миң эшек сатылган. Мына өсүш кайда. Сиз болсо кайдагы кен тууралуу айтасыз» – деди.

 
Categories

Казакстанда журналисттин өлүмүнө шектүү катары жарандык күйөөсү кармалды

Казакстан Ички иштер министрлиги журналист Ирина Бекетованы өлтүрүүгө шектелген кишинин кармалганын билдирди. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, шектүү Акмоло облусундагы каралбай калган имараттардын биринен табылган.

Маалыматтарга караганда, шектүү каршылык көрсөтүп же качууга аракет жасаган эмес. Буга чейин жергиликтүү басылмалар журналист кызганычтын курмандыгы болгонун жазышкан.

Журналисттин өлүмүнө анын жарандык күйөөсү, 34 жаштагы Астана шаарынын жашоочусу Анатолий Гусейнов айыпталууда. Полициянын версиясы боюнча окуя болгон күнү түгөйлөрдүн ортосунда жаңжал чыккан. Андан соң эс-учун жоготкон аялды күбөлөр подъезден табышып, “тез жардам” чакырышкан.

Шектүү убактылуу тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери башталды.

 
Categories

Түрк канайымын Кырчында жол тыгында калтыргандар жазаланды

Түркиянын канайымы Эмине Эрдоган Көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда Кырчын жайлоосунда унаа тыгынга кабылгандыгы боюнча ИИМде кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.  Анын жыйынтыгы боюнча ИИБдин кээ бир жетекчилерине жана кызматкерлерине дисциплинардык жаза келтирилди.

Маалыматка караганда, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматындагы кээ бир жетекчилер жана Ысык-Көл ОИИБ ИИМдин «Атайын дайындалган унааларды жөнөтүү жана кортеждерди коштоп жүрүү боюнча инструкцияларды аткаруу жөнүндөгү» буйруктарын толугу менен аткарбагандыгы аныкталган.

– ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Жол-патрулдук кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары К.К. ээлеген кызматынан бошотулду;

– Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.А. ээлеген кызматынан бошотулду;

– ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысына катуу сөгүш жарыяланды;

– Ысык-Көл ОИИБдин башчысына кызматына толук ылайык келбөө боюнча эскертүү берилди.

– ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол-патрулдук кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башчысы Н.Т. ээлеген кызматынан бошотулду;

– Түп РИИБдин ЖКККБнын кенже испектору Ш.Д. жана Нарын ОИИБдин ЖКККБнын улук инспектору Э.Б. эскертүү алышты;