Categories

Тажикстанда орусиялык компаниялардын үч төлөм системасынын лицензиясы узартылды

Тажикстан Улуттук банкы акча которуулар менен алектенген орусиялык үч каржы мекемесинин лицензиясын узартты.

“Төлөм борбору”, «Киви Банк» жана “Юнистрим” коммерциялык банкы акча которуу, төлөм карталары жана башка банк операцияларын жүргүзүүгө уруксат алды.

Өлкөдө “Золотая корона”, CONTACT жана “Юнистрим” төлөм системалары дагы үч жыл иштейт.

Быйыл майда Тажикстан коммерициялык банктары “Юнистрим” (Unistream) акча которуу системасынан баш тартышкан. Себептери ачыкталган эмес.

Тажикстан Улуттук банкы болсо бул системанын ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда тоскоолдук жаратпаганын билдирген.

Буга чейин Тажикстан улуттук банкы жергиликтүү банктардын орусиялык акча которуу системалары менен иштөө тартиптерин каатаалдаштырган. Мекеме муну Тажикстан банк системасынын коопсуздугун камсыздоого багытталганы менен түшүндүргөн. Бирок банк кызматкерлери талаптарды аткаруу оор экенин, акча которууда алына турган төлөм кымбаттай турганын, бул болсо эмгек мигранттары үчүн кошумча чыгым болорун айтышкан.

 
Categories

Жеңил атлет Дарья Маслова эки медалды артынып мекенине келди

Кыргызстандын капчыгына эки медаль салган спортчуну “Манас” аэропортунан кучак толо гүлдөр менен мекендештери өзгөчө салтанат менен тосуп алды.

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында өлкө намысын коргогон жеңил атлет Дарья Маслова  алтын жана күмүш медаль алган. Күлүк кыз 25-августта жарышта 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта  чуркап өтүп биринчи болуп келген. Экинчи медалды үч күндөн соң, 5 чакырым аралыкка жарышып экинчи келгендиги үчүн алган.

 

 
Categories

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү

Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү. Коомдук фонд Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, ишмердигин баштады. Бул тууралуу аталган фонддон билдирди.

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү журналистик демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.

Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдү иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт.

Фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө” сыйлыгын негиздейт. Бул сыйлык мезгилсиз дүйнөдөн кайткан чыгаан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналат.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун расмий бет ачары 2018-жылдын сентябрь айында өтөт. Анда “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгына” сынак жарыяланат.

 
Categories

Арменияда Гулендин шакирти кармалды

Армения полициясы  АКШда жашап, ошол өлкөдө издөө жарыяланган Түркия жараны  Кевин (Кемал) Оксузду кармаган.

Эске сала турган болсок, АКШ бийлиги Оксузга ушул жылдын 23-августунда издөө жарыялаган. Аны жаслма докуметтерди жасоого күнөөлөөдө, ал ошондой эле Америка Конгрессинин  этика Палатасына жасалма декларация жиберген. Издөө жарыялангандан бир күндөн кийин Оксузду армиан полициясы туткундаган.

“Маалыматка караганда, Кевин (Кемал) Оксуз  Фетулла Гулендин (FETÖ) терроисттик  уюмунун таасирдүү өкүлүлдөрүнүн бири болгон. ал ошондой эле, Кевин Оксузду жакынкы убакка чейин Хьюстондо жайгашкан Азербайжан досторунун Ассоциациясын, түзүмүнө – “Turquoise Council for Americans and Eurasians” бирикмеси кирген  Америка-түрк Альянсын жетектеп келген жана арменияда да компания түзгөн. Белгилеп кете турган жагдай ал, техастагы “TDM Contracting” компаниясынын да ээси болгон”, – деп жазат www.yenicag.ru маалымат агенттиги.

 
Categories

Кытай Эл Республикасынын маданият таануучусу,профессор Юй Дан айым Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышат.

Кытай Эл Республикасындагы маданият таануучу,Пекин педагогикалык университетинин Проректору,Борбордук Пекин шаарындагы элге кеңеш берүү мекемесинин мүчөсү болгон Юй Дан айым биринчи жолу иш сапары менен Кыргызстанга келет. Ал Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышууга кызыкдар.

Юй Дан айым Россия,АКШ,Франция,Германия,Япония сыяктуу бир нече өлкөлөргө атайын чакыруу менен илимий тармакта бир нече семинар,конференцияларды уюштуруп келген. Ошондой эле Бишкекте да илимий-чыгармачыл адамдар менен жолугушат.

Жолугушуу 2018-жылдын 7-сентябрында КУУнун Конфуция институнда саат 17:30да жана 9-сентябрында саат 15:00дө «Шанс» китеп дүкөнүндө өтөт.

 
Categories

Биз “бир кылым” жашадык

Мындан бир канча жыл мурда “Эгемендүүлүктүн 7 жылы 70 жыл эмес” аттуу макала жазганым эсимде. Анда СССРдин тутумунан бошонуп, эгемендүү мамлекет, элбиз деген 90 – жылдардын аягы болчу.  Ал макаламда эгемендүүлүгүбүздү сыйлайлы, келечегибиз алдыда дегендей шыктануулар бар болчу. Элибиз болсо мурдагы замандын таттуу турмушун эсинен чыгара албай аны эңсеп турган учур.

Эми андан бери 20 жыл оодарылып, эгемендиктин 27- жылын баштан кечирип калыпбыз. 27 жыл мамлекетибиздин өнүгүүсүндө азбы, көпбү бул жалпы журтчулукка суроо болсун?

Бирок, кайсы бир мамлекеттердин тагдырына көз салып көрсөк, 40 – 50 жылдап согуштан же болбосо кедейчиликтен башы чыкпай келе жаткан мамлекеттер да жок эмес. Ошол эле Афганистан жана башка мамлекеттерди айтсак болот. Аларда мындай көрүнүш дагы деле эчен жылдап  улана бериши кажетсиз. Мамлекетте татыктуу мамлекет жетекчиси, билимдүү, аң сезимдүү социалдык катмар, интеллектуалдар болбосо өлкөнү өргө карай жетелөө оор болору бештен белгилүү. Мунун баарын баштан өткөрүп өткөрүп келе жатабыз.

Эми эгемендүүлүгүбүздүн 27 жылына бир аз көз чаптырып көрөлү. А дегенде эле элесибизге кыйратуучулук менен ишке ашкан 2005 жана 2010 –жылдардагы эки революция эске келет. Бир млн. дун тегерегиндеги атуулдарыбыз дүйнө кезип, эмгек мигрант болуп кетишкен. Бул көрүнүштун пайдасы, зыяны тууралуу айтуу өзүнчө сөз…

Кыргызда бир сынган кол үч сынат- делет, эмеспи. Эки президенттибиздин экөөсү  качты, бири “атың чыкпаса жер өрттө”- дегендей эле болду.

Ошентсе да элибиз эгемендүүлүктүн 27 жылдык кайыгында чабылды, чарпылды, анын тузун татты, көзү ачылды. Эгемендүүлүгүздүн 7 жылында эле эмес 27 – жылында деле башка мактана турган бир нерсе айтуу кыйын болуп турат. Тойлордун, юбилейлердин ашкере доорунда жашагандай таасир калды. Ойлордун, жаңы идеялардын, жаратмандыктын  учурун жарата албадык? Ошентсе да балким, кай бир элдер, журттар бир кылым жашаса көрбөгөн билбеген тарыхты эгемендүүлүктүн 27 жылы ичинде элибиз  көрүп, билгендирбиз? Карапайым тил менен айтканда ата бабаларыбыз “биз көргөндү силер көрбөгүлө- дейт эмеспи. Жыйынтыктап айтканда мындан ары 27 жыл 70 жыл болбосун-деп, жараткандан  тилейли.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Өлкөдөгү тынчтыкты жана мамлекеттүүлүктү коргоо, биримдиктин туусун бийик кармоо ар бир кыргызстандыктын асыл максаты”

Учурда Борборубуздун Ала – Тоо аянтында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган ири салтанат өтүүдө. Өз куттуктоо сөзүндө Мамлекет башчысы баардык кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков:  «Бүгүн — улуу  салтанат. Элибиз эзелтеден эӊсеп келген эркиндикке жеткен күн. Улутубуздун үмүтү, тилеги, мүдөөсү ишке ашкан күн. Өз алдынча мамлекет болуп, дүйнө цивилизациясында, адамзаттын улуу көчүндө өз ордубузду таптык деп туу көтөргөн күнүбүз. Жараткандын амири менен эгемен мамлекетте, эркин коомдо жашоо мүмкүндүгү — биздин муундун тагдырына туш болду.

Бүгүн белгилеп жаткан 27  жыл — бул тарыхтын өлчөмүндө анча деле көп эмес убакыт. Бирок биз мааниси жагынан кылымга тете мезгилди басып өттүк. Дүйнөлүк коомчулукта өз ордубузду таптык. Кыргызстан эл аралык аренада толук кандуу таанылган мамлекет болду. Эл аралык уюмдарга мүчө болуу менен аймактык жана дүйнөлүк интеграциялык процесстердин  теӊ укуктуу катышуучусу болдук. Эми улуу жолду улантып, эгемендикти эӊ бийик дөөлөт катары аздектеп, эркиндикти көздүн карегиндей сактап, урпактарга жеткирүү — биздин милдет»-деди.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков калайык-калкка, өлкөнүн ар бир атуулуна, сыртта жүргөн мекендештерге ден-соолук, ийгилик, бактылуу жана бакубат жашоо каалап, «өлкөдөн өткөн дөөлөт жок, кыргыз мамлекети — баарынан жогору, ” — деп белгиледи

 
Categories

Премьер-министрдин маалымат катчысы болуп Адилет Султаналиев дайындалды

  Адилет Султаналиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы болуп дайындалды.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Султаналиев буга чейин Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин редактору, президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти,
бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
 
Categories

Эгемендикке эң көп зыян келтирген президент ким?..

 

31-август 2018, 09:18

Коомдук ишмер Эдил Байсалов менен Кыргызстандын эгемендик майрамын утурлай баарлаштык.

-Эдил мырза, кыргыз эли эгемендиктин баасын-баркын биле алдыкпы?

-Эгемендигибиз – эң чоң байлыгыбыз. Ата бабалар күрөшүп, кан төгүп, жанын аябай, энелерибиздин “сансыз кылым” тилеги 1991-жылы аткарылып, ошону жакшы баалай албай, баягыдай эле жылуу-жумшак, ток кулчулукту азыр деле эңсегендер бар. Эски кожоюн жаңылышып, биз эркин желегибизди желбиретип алганыбыз менен, тилекке каршы, толук кандуу эркиндикке жетише элекпиз. Жаманбыз! Ошол үчүн үйүбүздү конок тейлеп келетат. Бул бармак тиштеп өкүнө турган  жагыбыз.

Кайсыл президент эгемендикти сактоого көз карандысыздыгыбызды коргоого аракет кылды же тескерисинче  кимиси эгемендикке шек келтирди?

-Ачыгын айтыш керек. Эгемендикке эң көп зыян келтирген Алмазбек Атамбаев болду. Ал текши тышкы саясатты жүргүзө алган жок. Баардык мамлекеттер менен урушуп, элибизди дүйнөлүк коомчулуктун четине чыгарып койду. Эч ким менен катташпай да калганбыз. Эсиңерде болсо, мурунку Көчмөн оюндарына Татарстан-Башкорстандын эле жетекчилиги келип, эң сый конок Газпромдун деректири болчу. Кудайга шүгүр, ал күндөр өттү. Буюрса эмки жумада Эрдоган, Назарбаевдер баш болуп келип, жергебизде чоң той өтөт. Бул майрам да керек!

Анткени, элибиздин духу көтөрүлүп, желектер желбирейт. Мындан кийинки экинчи кадам коркпой үркпөй Кытайга темир жол куруп башташыбыз керек. Буга биздин түндүгүбүздөгү эки чоң мамлекет каршы. Негизги себеп – экономика, анткени бизден жол алардыкы менен салыштырмалуу эң кыска болот. Европадагы миллиондогон контейнерлер биз жака ооп кетет. Ошондуктан 20 жылдан бери арабызда саткын эксперт жана саясатчылар аркылуу ал жолду курдуртпоого “саботаж” аракеттери токтогон жок. Анан дагы мына ошол жол курулса, биз дагы 21-кылымдын борбору Чыгыш Азия менен байланышыбыз күчөйт, кадимкидей ошол жол иштеп киргенден кийин алыскы Беларус эмес, үч миллиард калкы бар Кытай менен Индия сыяктуу дөөлөрдүн тушунда турганыбызга көзүбүз жетет. Былтыркыдай жол блокадасынын коркунучу да алыстайт.

Атамбаев башкасын коюп, ушул жолду кура алганда, канча зөөкүр же ууру болбосун, ата мекендик тарыхта Улуу Пётрдай эле орунга ээ болмок.

Кандай жагдай жаралса да эгемендүүлүгүбүздү көзүбүздүн карегиндей сактайлы. Аны иш жүзүндө бекемдеп, күчөтүшүбүз керек. Ал үчүн эрк, кадимки эрдик керек. Жашасын кыргыз эли! Жашасын түбөлүктүү Кыргызстан!

Булак: NazarNews.kg

 
Categories

Эгемендик майрамын экс-президенттер А. Атамбаев үйүндө тосот, Р. Отунбаева аянттагы ири салтанатка катышат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн эгемендүүлүктүн 27 жылдык салтанатын үйүндө белгилейт. Тактап айтканда. Бишкектин борбордук аянтында өтүүчү ири салтанатка катышпайт. Себеби, анын жакында кармаган оорусу көпкө туруп турганга , көпкө созулган иш чараларага катышууга жол бербейт. Мындай билдирүүнү КСДПнын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Жылдыз Жолдубаева билдирүүдө.

Дагы бир экс – президенттердин бири Роза Отунбаева аталган иш чарага катышаары тууралуу   “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондусунан кабарлашууда.

Ал эми  президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүк күнү менен Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында куттуктайт.