Categories

Бүгүндөн баштап Ош-Медина багыты боюнча алгачкы каттамдар башталды

Бишкек-Медина багыты боюнча учуп кеткен акыркы каттам Медина шаарындагы мейманканаларга жайгашышты

Бишкек-Медина багыты боюнча учуп келген акыркы рейс кечээ 29-июлда Медина шаарына жетишип, мейманканаларга жайгашышты.  Учурда Бишкек шаарынан  акыркы рейс менен учуп барган болочок ажылар өздөрүнүн зыяраттарын аткара башташып, эртеңден тарта ыйык жайлардын тарыхы менен  тааныша башташмакчы.

Ал эми бүгүн 30-июлдан тарта Ош-Медина багыты боюнча алгачкы каттамдар башталып, Баткен, Ош облусу, Ош шаары жана Жалал-Абад облусунан ажылык сапарга катталган талапкерлер өздөрүнүн ажылык милдеттерин аткаруу үчүн Медина шаарына жөнөп кетишмекчи.

 
Categories

Ошто Өзбекстан курган мектеп быйыл ачылат

Ош шаарында Өзбекстан куруп жаткан мектеп быйыл жаңы окуу жылында ачылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев мектептин курулуш иштери менен таанышып жаткан маалда белгилүү болду.

630 орундуу мектеп калаадагы Алишер Навои атындагы №18 мектеп-гимназиясынын эски имаратынын ордуна түшүп жатат.

Курулуш иштерин өзбекстандык “Трест-12” жана “Бунёд Гранд Сервис” компаниялары жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы аянты 3 851 чарчы метрди түзөт.

Учурда жаңы курулуп жаткан үч кабаттуу мектептин окуу корпусунун дубалы толук тургузулуп, үстү жабылып бүткөрүлгөн. Корпус, спорт зал, ашкана жана жыйындар залы сырдалып, акталууда. Ошондой эле мектептин сыртындагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да уланууда. Өзбекстандык жумушчулар 1936-жылы курулган жана учурда авариялык абалдагы №18 мектеп-гимназиянын бир бөлүгүн ремонттошту.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов менен Кыргызстандын билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 2017-жылы 28-июнда Ош шаарында жаңы мектеп куруу тууралуу келишимге кол коюшкан. Окуу жай Өзбекстан бюджетинин эсебинен салынып, Кыргызстандын менчигине өткөрүлүп берилет.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жылы 5-сентябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди мектептин долбоору менен тааныштырган.

 
Categories

Сот Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын өзгөрткөн жок

Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө бүткөнчө, 29-августка чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.Адвокат Сергей Слесарев бул чечимдерге каршы Жогорку сотко арыз жолдоно турганын билдирди. Ал Ибраимвду камакта калтыруу чечими мыйзам бузуулар менен кабыл алынып жатканын белгилеп,

 
Categories

Өлкөдө үч жатак абак жоюлат

Чүй облусундагы №37 жана № 48, ошондой эле Бишкектеги №35 жатак абактары жоюлат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-июлда кол койгон.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова жатак абактар кылмыш саясатын гумандаштыруу жана чыгымдарды оптималдаштыруу иштеринин алкагында жоюлуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан жазаларды жеңилдетүү саясатынын алкагында соттор кылмыштын түрүнө карата эркинен ажыратууга байланышпаган жазаларды колдонууга аракет кылып жатышат.

«Мындан тышкары абактагыларды кармоо үчүн чыгымдар көп кетет. Колония имараттарынын бир бөлүгү Жазаларды аткаруу кызматына таандык болсо, калгандары ижарага алынат. Биз бошогон имараттарды өндүрүштүк ишкана катары пайдаланалы деп жатабыз», — деди басма сөз катчы.

Азырынча жатак абактарды жоюу иштери качан аяктай тургандыгы так белгисиз. Сабатарова белгилегендей, кызматкерлерди жумушка орноштуруу, камактагыларды которуу жана жабдууларды чыгаруу үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстанда соттолгондордун саны минимумга чейин азайган. 2017-жылдын аягына карата республикада соттолгондордун саны 7172 адамды түзгөн. Бул 2003-жылга салыштырганда дээрлик эки эсеге аз.

 
Categories

Баткен облусунан ажылык сапарга баруучу жарандар 31-июлда Сауд Арабиясына учуп кетишет

Баткен облусунан ажылык сапарга аттанган жарандар 31-июль саат 13:00дө Ош эл аралык аба майданынан Ош-Мадина багыты боюнча Сауд Арабиясынын Медина шаарына учуп кетишет. Болочок ажылар менен облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов жолугушуп, ажылык ибадаттын аткарылышы, ажылык амалды туура аткаруу жана ажы башчыларга баш ийүү, коопсуздук боюнча маалымат берип, облус казысы болочок ажыларды Баткен шаарынан Ош шаарына барууда кичи автобус менен баруунун сунуш кылды. Ал эми болочок ажылар облус казысынын сунушуна макул болушуп, узатуу иштерин Баткен шаарындагы “Нумани” борбордук мечитинде уюштуруп, андан ары жолго чыгышаарын айтышты.

Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармакчы. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл,-деди облус казысы.

Эскерте кетсек, бул жылы  Баткен облусунан 592  жаран ажылык милдеттерин аткармакчы.

 
Categories

Москвадагы кыргыз элчилиги Туладагы кыргыз айылынын көйгөйүн чечип баштады

Туладагы “Ала-Тоо” айылынын жашоочуларынын көйгөйүнө Россиядагы кыргыз элчилиги кол кабыш кылып баштады. Алар буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго чейин кайрылуу жолдошкону маалым.

Элчилик кызматкерлери  Туладагы кыргыз айылы караган Заокский районунун жетекчилигине кайрылышып, маселенин чоо жайын иликтешкен. Кыргыздарга  жер саткан компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Ал маалыматтарга караганда, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине маселени оң жагына чечип берүү боюнча кат жолдошкон.

Эске сала кетсек, 2016-жылдан тарта Туладагы Заокский районуна караштуу Клищино айылында кыргызстандык мигранттар 478 жер үлүшүн жеке менчикке сатып алып, айрымдары турак жай кура баштаган. Жер ээлеринин жарымынан көбү Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар.

Быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарба багытында өткөрүүнү чечкен. Бул чечим кыргызстандыктардын нааразылыгын жараткан.

Маселенин курчуп кетишине айрым орусиялык маалымат каражаттарында «Тулада кыргыз анклавы курулуп жатат» деген макалалар чыккан чыккандыгы себеп болгон. Макаладан улам . алардын турак жайларын каттоодон “Росрегистр” мекемеси да баш тарткан.

 
Categories

Өзүн СССР президентимин деген дарыгер экстремизмге айыпталууда

Орусия Федералдык коопсуздук комитети 26-июлда Зеленоград шаарында өзүн “СССРдин президентимин” деп жарыялаган 56 жаштагы Сергей Тараскиндин үйүндө тинтүү жүргүздү. Тараскиндин 52 жаштагы шериги Александр Соловьевдун батири да тинтилди.

Алардан “СССР” уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу аудио жана видеоматериалдар, уставдык документтер, мөөр менен типографиялык өнүмдөр алынды. “Экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тинтүүдөн соң Тараскин менен Соловьев Тергөө комитетине жеткирилип, күбө катары суракка алынышты.

“СССР” кыймылы тууралуу 2010-жылы белгилүү болгон. “Медиазона” басылмасынын маалыматы боюнча тиш дарыгери Сергей Тараскин эки жыл мурун Зеленоградда жеке клиникасын ачкан, бирок каржы маселесинен улам ал жабылып калган. Ишкер шаар бийлиги менен соттошуп, отурумдардын биринде өзүн “СССР президентинин милдетин убактылуу аткаруучу” деп жарыялаган. Мындан тышкары ал Советтер Союзунун алгачкы жана акыркы президенти Горбачевду “дезертир” деп атаган.

Мындан кийин Тараскин өз уюмун түзүп, “СССР өкмөтү уюштурган” акылуу семинарларда тарапташтары менен жолугушуп турган.

 
Categories

Кадамжайдын «Бак» айылынын имамы муктаж 2 үй-бүлөгө 20 мүшөктөн көмүр таратты

Кадамжайдын «Бак» айылынын имамы муктаж 2   үй-бүлө 20 мүшөктөн көмүр таратты. Кайрымдуулук жардам районго караштуу Майдан айыл өкмөтүнүн «Бак» айылдагы муктаж, жетим балдарды тарбиялаган эки үй-бүлөгө көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамарасул  Ураимов: “Биз албетте элдин кызматында болгондуктан, ортомчулук милдетти эле  аткарабыз. Элден түшкөн каражат, буюмдар адилеттүүлүк менен бөлүштүрүлүп берилүүдө. Кайрымдуулук ишине айылдагы кээ бир адамдардын дагы салымым бар”- дейт 

Ал эми мечит имамы Мамарасул  Ураимовдун айтымында кайрымдуулук иш чаралары буга чейин дагы  уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардамдар берилип келүүдө.

 
Categories

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕӨАК кезектеги жыйынына катышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.

Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорт тармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы темаларын, ошондой эле ЕАЭБ ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчыларынын катышуусунда өтөт.

 
Categories

Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын байге фонду 26,5 млн сом болот

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фондун 26 миллион 615 миң сом өлчөмүндө бекитти.

Оюндардын программасына спорттун ат чабыш, ат үстүндө мелдешүү, улуттук күрөш, салттуу интеллектуалдык оюндар, жаадан ок атуу, аңчылык сыяктуу 37 түрү кирди.

Эң ири байге көк бөрүгө сайылып, мелдештин байге фонду 6 миллион сомду түзөт.

Азыркы учурда 44 өлкөдөн спортчулар оюндарга катыша тургандыгын тастыкташты.

Жалпы 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло) ойнотулат