Categories

Транспорт министрлиги Түндүк-Түштүк авто жолу боюнча финансылык дооматтар негизсиз экенин айтууда

Учурда Балыкчы-Жалал – Абад авто жолу чуулгандуу маселеге айланчудай болуп калды. Аталган жолдун финансылык иш аракеттерине иликтөө жүргүзүү максатында түзүлгөн ЖКнын депутаттык тобу күз айларында кандайдыр бир маалыматтарды айтабыз дешүүдө.

Бирок, ага чейин жолду курууга тийешеси бар болгон аталган министрликтер азыртан эле жообун бергенге ашыгып атышат. Маселен,  Транспорт министрлиги Түндүк-Түштүк алтернативалуу жолунун курулушуна байланыштуу чуулгандуу макала жарыялаган авторлор менен соттошууга даяр экенин  министрликтин басма сөз өкүлү Кылычбек Досумбетов айтып чыкты.

Эске сала кетсек, акыркы күндөрү Түндүк-Түштүк авто жолуна кытай компаниясы тарабынан бөлүнгөн каражаттардын “600 миллион доллар кымырылып алынды” деген маалыматтар айрымдар интернет баракчаларында таратылган болчу.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги журналисттерди курулуп жаткан жолдун жеринде таанышгтыруу үчүн атайын сапар уюштурушкан. Анда азыркы учурда болгону 440 миллион доллар колдонулганын, жогоруда кеп болгон дооматтар негизсиз экенин айтып чыккан.

 
Categories

“Бирик” саясий партиясы элди бириктиреби?

Саясатта жаңы саясий күч пайда болду. 29-июнь күнү “Бирик” саясий партиясы журналисттер үчүн алгачкы презентациясын өткөрдү. Иш чарага мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматын башкарган жетекчилерден тартып,  гезит-журнал, маалымат сайттарынан, телевидение-радио, кыскасы  Кыргызстандын булуң бурчунда жайгашкан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жалпысынан 200дөн ашуун журналист жыйналды.

Дээрлик эки саатка созулган “Бирик” саясий партиясын тааныштыруу иш-чарасында партиянын программасы жана буга чейин жасалган иштери айтылды. Партиянын программасы негизинен адилеттүү иш алып баруу, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, билим берүү жана укук коргоо органдарын реформалоо сыяктуу алты багыттан турат. “Бирик” саясий партиясынын лидери Кылычбек Исамамбетов.