Categories

Конвойдун жоокери Ленин райондук сот имаратында өзүн атып алды

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой өзүн атып алгандыгы тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдоодо. Окуя бүгүн  саат 15:43төр чамасында болгон.

Ал маалыматтарга караганда,  18 жаштагы Ж.Э. аттуу жоокердин башына  табелдик куралдан чыккан ок тийген. Ал  өзүн башка аткандыгы айтылууда. Жоокер алган жараатынан улам “Тез жардам” келгенге чейин жан берген. Окуя болгон жерде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Жоокер сотко кимди коштоп барганы жана кайсы иш боюнча соттук процесс жүрүп жатканы белгисиз.

 
Categories

Сатыбалдиев жана жакындарынын камакка алына турган мүлктөрү

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жогоруда тизмеде орун алган мүлктүн баары камакка алынат.

Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдүн тизмеси:

— Бишкек шаарындагы турак үй. Бектенов көчөсү, 128, код ЕНИ 1040100050384;

— 2008-жылы чыккан «Тойота Камри» унаасы В3966ВА;

— 2000-жылы чыккан «Мерседес Бенц 500» унаасы B6316AI;

— 2000-жылы чыккан «Мерседес Бенц Б500» унаасы Е4948.

Жоомарт Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр (баласы):

— Ош шаарында жайгашкан дүкөн. «Анар» кичирайону, 15а/51, код ЕНИ 511040325012601051;

— 2015-жылы чыккан «Тойота Камри» унаасы 01KG881ACD.

Исламбек Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр (баласы):

— Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы жер тилкеси, Проектируемая көчөсү, 81, код ЕНИ 7082010011350;

— Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 80, код ЕНИ 7082010011349;

— Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 115, код ЕНИ 7082010011384;

— Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 117, код ЕНИ 7082010011386;

— Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 101, код ЕНИ 7082010011370;

— Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 99, код ЕНИ 7082010011368;

— Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 63, код ЕНИ 708201001 1332;

— Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 62, код ЕНИ 7082010011331;

— Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 82, код ЕНИ 7082010011351;

— Ош шаарындагы «Ак-Тилек» кичирайонундагы турак үй 28, код ЕНИ 5110403211682;

— МАЗ 6303-020 унаасы 3546М;

— МАЗ 6422 унаасы О0153AG.

Жантөрө уулу Кубатка катталган мүлктөр (баласы):

— «Лексус-ЕС- 350» унаасы, 2006-жылы чыгарылган В7800АЕ;

— «Мерседес Бенц ОЕК280», 2008-жылы чыгарылган 01KG497ABF;

– «Хонда Одиссей», 2006-жылы чыгарылган 01KG820AAR;

Канышай Турдукеевна Смадияровага катталган мүлктөр (жубайы):

— Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан өндүрүш мекемеси код ЕНИ 102020036002802006;

— Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан батир жана гараж, код ЕНИ 102020036002801004;

— «Лексус RX330» унаасы, 2004-жылы чыгарылган Е7800Е;

— «БМВ 325» унаасы, 1993-жылы чыгарылган B5036R;

— «Тойота Прада» унаасы, 2005-жылы чыгарылган B7800L.

 
Categories

Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Нарын облусуна болгон сапарында А. Кайыпов менен жолугушту

Азирети Муфтий КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал боюнча пикир алышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Нарын облусуна болгон иш сапырынын алкагында  КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал боюнча пикир алышты. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  аймактарды өнүктүрүү жылындагы  облустук администрация тарабынан аткарылган иштер,  мечиттердин каттоосу, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, аймактагы инфрастуктуранын өнүгүп жаткандыгы боюнча маалымат берип,  бул жетишкендиктер элдин колдоосу менен болуп жактандыгын билдирди.

Ал эми Азирети Муфтий  Максатбек ажы Токтомушев облус жетекчисине ыраазычылыгын билдирип, дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматташуусунун натыйжасында ар кандай терс диний агымдарга бөгөт коюлуп, коомчулук, жаштар туура жолго түшүп жаткандыгын билдирди.

 
Categories

Доллардын курсу төмөндөдү

Улуттук банк берген маалыматка караганда, банктар аралык валюта соодасында доллардын наркы төмөндөп 68,06 сомду түздү.

Евронун курсу 0,41 пайызга жогорулап, 1 евро 79,47 сомго бааланды.

Теңгенин наркы 0,35 пайызга төмөндөп 0,19 сом болууда.

Ал эми рублдин курсу 0,28 пайызга жогорулап, 1 рубль 1,08 сомдон сатылууда.

 
Categories

Кулматовдун жактоочусу С. Слесарев президентке кайрыларын айтууда

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын Жогорку сот карап, аны 28-августка чейин камакта калтырган  соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Эми анын жактоочусу Сергей Слесарев президентке кайрыла турганын айттып чыкты.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча айып тагылган.

УКМК аны “1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн” деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

 
Categories

Орусияга каршы санкциялар сакталат

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Италия премьер-министри Жузеппе Контени кабыл алды. Кошмо Штаттардын президенти Жузеппе Конте жөнүндө сүйлөп жатып: “Бул адам фантастикалык иштерди жасоодо”, – деп билдирди.

Акүй буга чейин сүйлөшүүлөр жаңжалдарды жөнгө салуу жана экономикалык өнүгүүнү арттыруу үчүн кызматташууларды тереңдетүүгө багытталганын билдирген.

Трамп маектешүү учурунда Италиянын иммиграция маселесине жасаган мамилесин жогору баалады. Президент мигранттардын агымынан чек араларды коргоодо Италия өкмөтү катуу позицияда турганын жана бул колдоого аларлык экенин билдирди.

АКШ президенти тышкы саясат боюнча жакында кабыл алынган чаралар тууралуу кеп кылып жатып, Орусияга карата киргизилген санкциялар ошол бойдон каларын белгиледи. Ал мындан тышкары Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен болгон сүйлөшүүлөрүн маанилүү деп атап, Иран президенти менен жолугууга даяр экенин билдирди.

Жузеппе Конте быйыл 4-мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийин премьер-министр болгон. Конте – кесипкөй адвокат, мурда саясатта жана парламентте болгон эмес. Премьер-министрликке аны эки: “Беш жылдыз кыймылы” жана “Лига” партиялары сунуш кылышкан.

 
Categories

Белорусиянын Башкы прокуратурасы мурунку Д.  Үсөновду Кыргызстанга кайтаруудан баш тартты

Мындан саналуу күндөр мурдараак, Белорусиянын ММКлары Кыргызстандын  мурдагы премьер- министри Данияр Усөновго окшош Даниил Урицкий деген адамды жарыя кылышкан болчу. Бишкектеги анын бир кездеги жакын адамдары да ал кишинин Данияр Үсөновдун өзү экенин айтышкан.

Андан соң Кыргызстандын башкы прокуратурасы Беларусияга ысымын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо суранычы менен кайрылган.

Кыргыз тараптын өтүнүчүнө Беларусиянын Башкы прокуратурасы 2018-жылдын 6-мартында баш тарткандыгы тууралуу Кыргызстандын аталган башкы көзөмөл органы билдирүүдө.

Башкы көзөмөл органы учурда дагы Үсөновду экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканына ишендирүүдө.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларус мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Минскке нота жөнөттү.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Кыргызстандан кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч жерде чыккан эмес.

 
Categories

Кыргызстанда казакстандык турист каза тапты

Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө таштар кулап, казакстандык турист мерт болду. Бул тууралуу 30-июлда Казакстан Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМдин маалыматы боюнча дагы үч киши жабыркады. Алардын биринин абалы оор.

Казакстан бүгүн, 31-июлда жабыр тарткан туристтерди эвакуациялоо үчүн тик учак жөнөтөт.

30-июлда Бишкектен 40 чакырым аралыкта жайгашкан мөңгүдөн таштар кулаганы жана кырсыкка казакстандык альпинисттер кириптер болгону кабарланган.

 
Categories

Ноокен районунда секундасына 20-23 метрге жеткен катуу шамал болду

2018-жылдын 29-июль күнү саат 20:30-21:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун  Ноокен айыл аймагынын Рахманжан айылынын Шалка тилкесинде ылдамдыгы секундасына 20-23 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Бул тууралуу  ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Шамалдын кесепетинен 5 турак үйдүн, 1 кошумча курулуштун, 3 навестин жана 2 сарайдын чатырларынын жалпы 116 даана шиферин жана 149 м2 туникесин учурган.

 
Categories

Баткендин Ак – Турпак  айылынан 20дан ашык авиабомба табылды

Баткен облусунан 20дан ашык авиабомба табылгандыгы тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматтарга караганда, бул бомбалар 1950-жылдары өткөн авиациялык окуулардан кийин калып калган.

Бомбаларды издөө иштери аталган облустун Ак-Турпак айыл аймагында жүргүзүлгөн. Эки айдын ичинде саперлор 40 миң чарчы метрди текшерип,  20дан ашуун ФАБ-100 түрүндөгү авиабомба табылган. Издөө иштерин октябрдын соңунда жыйынтыкталат.