Categories

Бажы кызматынын айрым жетекчилеринин бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппараттар боюнча кылмыш иши козголду

Бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөсүндөгү тыңшоолор боюнча кылмыш ишин козголгондугу тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта иш Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси боюнча, тактап айтканда, кабарлардын купуялыгын бузуу менен козголгону айтылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек,  ушул жылдын апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын Ош жана Баткен бөлүмүнүн жетекчилеринин иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттар табылганы маалым болгон.

Парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев 29-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов комитетте отчет берип жатканда бул тууралуу айтып, окуяны иликтеп, укуктук баа берүүгө чакырган.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар бөлүмүнө 2,4 млн сом бөлдү

Президент Сооронбай Жээнбеков Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар онкогематологиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар үчүн дары-дармектерди сатып алууга 2,4 млн сом бөлдү.Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим республикалык бюджеттен бөлүнгөн сумма керектөөнү толук көлөмдө канааттандырбагандыктан, ал эми балдарды комплекстүү дарылоо жогорку технологиялык жана кымбат дарылоону талап кылгандыктан кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан бөлүнгөн акчаны жана ооруканада дарыланып жаткан балдарга арналган белектерди бүгүн, 1-июнда — Балдарды коргоонун эл аралык күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев тапшырды.

 
Categories

Бишкек шаардык соту  Карганбек Самаковго карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды

Ушуну менен мурдагы бийликтин тушунда чуулган жараткан эки окуя (А. Салянова) боюнча соттун чечими чыкты. Экөөсү тең мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды.

“Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган” деп айыпталган Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган болчу.

Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге акчалай айып салынган.

Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган.

 
Categories

А. Шадиев Кыргызстандын дипломатиялык паспорту менен Нью-Йоркко  учуп кеткен

Мурдагы вице – премьер  Аскарбек Шадиев кааласак, каалабасак да мурдагы бийликтин тушунда жасалган ири коррупциялык иш аракеттердин чок ордонунда жүргөндүгу шек санатпай калды. Ошол эле ЖЭБ, Датка Кемин электр көмөк чордону сыяктуу күмөн санатып жаткан коррупциялык иш аракеттер учугу ушу кишиге барып, андан ары экс президентке жетүү мүмкүндүгүн жокко чыгарууга болбойт. Себеби, 2010 – 2012 – жылдары Энергетика жана өнөр жай министри болуп калган жагдай бар.  Учурда эң сырдуу коррупционерге айланып отурат.

Ал уурдалды деп, өзүнө карата айып тагылып жаткан 30 миң доллар үчүн мынчалык изин жашырып кетпейт эле дегендер да жок эмес. Анын изин жашырууга кызыкдар болгон чоң саясый күчтөр бар экендиги “сокур көзгө” деле дайын болуп турат. Ошону менен катар эле А. Шадиевди мынчалык көмүскөдө кармоодо анын артыкчылыгы эмнеде деген суроо жаратпай койбойт? Анын изин жашыруунун чыныгы сыры эмнеде?

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевди УКМКнын убактылуу кармоо жайына камоо боюнча сыртынан баш коргоо чарасын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Ал эми УКМК эми гана А. Шадиевдин кайда экенин ачыктады. Анда билдирүүдө”Башкы прокуратура кылмыш ишин 28-апрелде козгогон. Ал эми 27-апрелде Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын тажиясына барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстан тарапка мыйзамсыз (кечүү аркылуу) өтүп кеткен. 28-апрелде, кылмыш иши козголгондон кийин Шадиев Хужант-Москва  авиакаттамы аркылуу Кыргызстандын дипломатиялык паспорту менен жөнөп, андан ары Нью-Йоркко  учуп кеткен. Ошого байланыштуу издөө жарыяланды” деп, айтылат.

Албетте, болор иш болуп, шек санаган адамды “кырды ашырып” жиберип, анан камоо чечимин сыртынан чыгаруу эч нерсе өзгөртө албашы бештен белгилүү.

Эгерде азыркы укук коргоо органдары мындан ары да айрым ири өлчөмдөгү коррупциялык уурдоолорго шектенген бийлик адамдарына карата мындай билмексендигин уланта берсе аягы жакшылыкка алып келбеши айдан ачык. Анда эле президент Сооронбай Жээнбеков баштап жаткан коррупция менен күрөшүү аракетине күмөн саноолор пайда болот.

 
Categories

Муфтият балдар күнүнө карата балдар жана кыздар үйлөрүнө таттууларды таратышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Тойбосс компаниясы 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарындагы “Айданек”, “Алтын-Уя” жана Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнө таттууларды жана суусундуктарды тапшырды. Муну менен катар Муфтият Военно-Антоновка балдар үйүндө тарбияланып жаткан кыздар үчүн шымдарды белекке берип, 1-июнь балдар күнү менен куттуктады. Бул маалыматты Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Белектер балдардын көңүлдөрүн көтөрүү максатында тапшырылып, Муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын билимдүү, ыймандуу, адептүү болууга чакырып, мекен үчүн ак кызмат кылууга үндөдү.

КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев: «Учурда “Айданек” балдар үйүндө ар кандай шарт менен келген  40 бала тарбияланса, “Алтын-Уя” кыздар үйүндө 12, ал эми ушул эле үйдүн балдар үйүндө бир топ бала бар дешти. Ал эми Военно-Антоновка балдар үйүндө 116 улан-кыз тарбияланып жатышыптыр. Биз балдар менен жолугуп, дароо баарлашуу менен ал жайларын сурадык. Балдар таттууларды көрүшүп абдан ыраазы болушуп, жүздөрүндө дароо жылмаюу пайда болду. Бул бизди дагы толкундантып, кубантты»,-деди.

 
Categories

 Арстанбапта токой жемиштерин саткан дүкөн ишке кирди

Арстанбап жаңгак токоюн кимдер гана билбейт. Бул жакка жылдан жылга алыскы европа мамлекеттеринен келишкен туристтердин катары арбып келет. Арстанбапта жаңгактан май чыгарган атайын цех да ишке берилди. Ошону менен катр эле экологиялык жактан сапаттуу токой жемиштерин саткан дүкөн иштей баштады. Бул иш чара Эл аралык уюмдардын финансылык колдоосу менен ишке ашты.

Он чакты адам иш менен камсыз болгон дүкөндүн азыктары атайын лабораторияда текшерүүдөн өтүп, европалык талапка ылайык таңгакталып чыгарылууда.

“Кыргызстандын түштүгүндө жаңгак-мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биоартүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында ачылган дүкөн жаратылышка аяр мамиле жасап, андан пайда табуу максатын көздөйт.

Долбоор “АгроЛид” коомдук бирикмеси жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому аркылуу ишке ашууда.

 
Categories

Балыкчы, Каракол шаарларында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Бүгүн, 1 – июнда “Республика – Ата – Журт” фракциясы Ысык – Көл областында көчмө жыйын өткөрүүдө. Анда Ысык-Көл областындагы туризмди өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук маселелери каралып жатат. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынды фракция лидери Жыргалбек Турускулов ачып, иш чаранын катышуучуларын рамазан айы жана 1 – июнь балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Ошондой эле туризм багытындагы жасалып жаткан иштерге токтолуп, келип жаткан меймандарга ыңгайлуулуктар менен коопсуздукту түзүп берүү биринчи зарылчылык экендигин билдирди.

Таштандыларды тазалоо жагдайына токтолуп, көл өрөөнүндөгү экологиялык абал менен жакындан тааныш экендигин да белгиледи.

Бул темада  баяндама жасаган КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, 176 туристтерди тейлөөчү жайлар бар. Туризмди өнүктүрүүнүн биринчи кадамы экологиянын тазалыгы. Балыкчы, Каракол шаарларында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат. Ага кетүүчү сумма Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. 2020 – жылы ушул курулуштар ишке берилсе, бул дагы жакшы иш болмок.

Коопсуздукту камсыздоодо милиция кызматкерлеринин жетишсиздиги сезилүүдө. Ошондуктан, экологиялык милиция уюштурулса жакшы болмок. Чолпон – Ата шаарындагы РИИБ шаардык ички иштер бөлүмү болуп түзүлсө, иш илгерилемек.

Фракциянын көчмө жыйынына ЖК депутаттары Ж.Турускулов, М.Сабиров, Т.тиллаев, А.Жамангулов, А.Исмаилова, А.Дүйшалиев катышууда.

 
Categories

Жол кырсыгынын кесепетинен Форд-Фокус унаасынын айдоочусу көз жумду

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2018-жылдын 31-май күнү саат экиден он тогуз мүнөт өткөндө  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында мамлекеттик № В 03-06АХ Форд-Фокс үлгүсүндөгү унаа менен мамлекеттик № S 35-65 AI Мерседенс-Бенц D-811  үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен Форд-Фокус унаасынын айдоочусу 1977-жылы туулган И.У.М. кырсык болгон жерде көз жумган, жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А. Ш.С оор жаракат алган. КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кырсык болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн барышкан. Тез жардам кызматкерлери каза болгон жана жабыркаган адамды Кант шаардык ооруканасына жеткиришкен.

 
Categories

М. Абылгазиев “Эки тараптуу соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү үчүн шарттарды түзүү керек”

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту.

Эки жактуу жолугушуу  бүгүн, 1-июнда өтүүчү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү. Бул маалыматты Өкмөттүн  маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Кыргыз-казак союздаштык мамилелери тиешелүү көрсөткүчкө жетишти. Саясий-экономикалык кызматташуу сакталып, талашсыз түрдө эки жактуу өнөктөштүктү мазмундук толтурууну шарттаган бардык деңгээлдеги байланыштар жүргүзүлүүдө. Казакстан менен стратегиялык өз ара байланыштарды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Биздин президенттерибиз тарабынан өз ара сооданы 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүүгө багытталган милдеттер коюлган. Бул бизди өз ара товар айлантууну өстүрүү жана соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү үчүн шарттарды түзүү максатында өз ара тыгыз аракеттешүүгө түртөт», – деди.

Өкмөт башчы эки жактуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү зор экенин баса көрсөттү.

Ошону менен катар эле  өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки мамлекеттин башчылары тарабынан Өкмөттөрдүн алдына коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Ал «Казак тарап эки жактуу алакаларды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган ар кандай демилгелерди дайыма колдоого даяр», – деди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылар Казакстанда Премьер-министрлердин төрагалыгы алдында 7-чи Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишишти.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж”

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунда “Кыргызстанда дүйнө коомчулугу менен бирге 1-июнь кичинекей жарандарыбызды, балдарды коргоо күнү катары өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгиленип келе жатат.

Бул күн — балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын өмүрү менен ден-соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн жалпы коом жоопкер экенин дагы бир жолу эсибизге салган күн.

Ар бир бала бактылуу балалыкка, татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу. Аны камсыз кылуу — биздин милдетибиз” – деп, айтылат.

Мындан сырткары бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги ымыркайлар үйүнө белек-бечкек алып барып, ымыркайлар үйүнүн абалы менен таанышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Мындан тышкары балдарды коргоо күнүнө карата борбор калаада жеткинчектерге арналган салтанаттуу иш-чаралар, концерттик программалар, түрдүү оюн-зооктор уюштурулат. Ошондой эле майып жана жетим балдарга, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бир катар кайрымдуулук иш-чаралары өтөт. Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, 1-июнда түрдүү иш-чараларга жалпысынан 6500 ашуун балдар чакырылган. Алардын баары майып, жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары.

Балдарга арналган салтанаттуу оюн-зоок иш-чаралары бүгүн өлкөнүн башка аймактарында да, облус, шаар, райондордун борборлорунда өтөт.

Укук коргоочулар өлкөдө балдар укугу жакшы корголбой жатканын белгилеп, балдарга жасалган зордук-зомбулук азайгандын ордуна күчөп жатканын айтып келишет.