Categories

Бүгүн төрага Дастанбек Жумабеков парламенттин бир жылдык иши тууралуу маалымат берет

Кечээ Жогорку Кеӊеш  кезектеги IV сессиясы өз ишинин соӊуна чыкты. Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков жыйын жүрүшүндө расмий жарыя кылды.

Ошентип, Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы.

Ал эми Жогорку Кеӊештин келерки сессиясы, мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин бир жылдык иши тууралуу маалымат берет.

 
Categories

1/8 финалдын беттештери  30-июнда башталат

Орусиядагы футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликке ат салышуу кызуу жүрүүдө. Улам мыкты командалар тандалып келүүдө.  Команда демекчи, мыкты командалар эмне деген ийгиликтерди жаратпайт. Саясатта же спортто башка тармактарда болобу команда мыкты болсо ийгиликтер коштоору шексиз.

Албетте, спортто ар бир оюунчунун чеберчилиги да керек дечи. Ошентсе да ийгиликтер командадан көз каранды. Муну айтып жатканыбызыдын себеби, Кыргызстанда да кайсы тармакта болбосун команда түзүп иштегенди үйрөнсөк деген кеп…

Ошентип  Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык баскычы аяктады. чыккандар: Уругвай, Орусия, Испания, Португалия, Франция, Дания, Хорватия, Аргентина, Бразилия, Швейцария, Швеция,Мексика, Бельгия, Англия, Колумбия жана Япония өлкөсүнүн курама командалары. Бул беттештер 30-июнда башталат

 
Categories

Тынчтык проспектисинде троллейбустар менен автобустар каттамы гана калат

Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүнөн акырындап маршруттук таксилер алына баштайт. Алардын ордуна жаңы келген автобустар менен троллейбустар каттайт. Мындай ич чара алгач Айтматов (Тынчтык) проспектисинен башталат. Андан соң эл көп жүргөн негизги көчөлөргө ушундай эле шарттар колдонулат. Бул тууралуу кечээ шаар ичиндеги жолдордун абалы менен таанышуу учурунда шаар мэри Албек Ибраимов билдирди.

Тынчтык проспектисиндеги оңдо иштери аяктагандан кийин ал көчөдө маршруттук таксилер толук алынып, троллейбустар менен автобусттар кана калат. Учурда маршуруттук таксилер үчүн алар жүрүүчү көчөлөр такталууда.

 
Categories

ЖК депутаты С. Келдибаев соттон  Ы. Кадыралиевадан 7 млн. сом доо өндүрүп берүүнү суранууда

Мындан бир нече күн мурда экс-депутат Ыргал Кадыралиева менен Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаевдин ортосунда келишпестик пайда болгон эле. Ага Ыргал айымдын Сагындык мырза тууралуу калп маалымат таратты дегени себепчи болгон. Тактап айтканда, июн айында Ы. Кадыралиева борбордо басма сөз жыйынын өткөрүп, “Келдибаевдин кош жарандыгы бар жана ал бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны” деп билдирген жана Орусияда ага тиешелүү бир нече фирма бар экенин айтып чыккан.

Эми болсо, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиеваны сотко бергендигин депутаттын жардамчылары маалымдоодо. Ал Ыргал айымдын  “ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 7 млн. сом өндүрүп берүүнү” суранган.

Эске сала кетсек, С. Келдибаев ушул жылдын 25-апрелинде ант берип, депутаттык милдетин аткарууга киришкен.

 
Categories

Чынгыз  Анарбек уулу: “Орусияны жер жүзү карап турган маалда, сиздерге сөз тийгизгеним үчүн кечирип кой кыргыз элим”

Москва шаарындагы таксист Чынгыз  Анарбек уулу кырсыктан улам өзү азыр да кайгыдан арыла албай жатканын билдирип, коомчулуктан кечирим сурады. Кечирим өз колу менен кагаз бетине жазылганы ММКларда жарыяланды.

Мындай катачылыктын артынан ата энем, туугандарым кыйналып жатканын көрүп, кичинекей бөлмөнүн ичине батпай жатам. Мени туура түшүнүп, кайгырып жаткан жердештериме рахмат – деп, айтылат. Андан ары: «Мени чоңойткон ата-энемден, келинчегимен, кыргыз элимен, менин катачылыгымдан жабыркап калгандардан, чогуу иштеген таксист жердештеримден кечирим сурайм. Орусияны жер жүзү карап турган маалда, кырсыкка кабылып, сиздерге туура эмес сөз тийгизгеним үчүн кечирип кой кыргыз элим. Жөн жерден жабыркап калган Орусиянын коноктору мени кечирип, элиме сөз тийгизбешиңерди суранам. Мага окшоп иштеп жаткан таксист досторум, айкөл жердештерим менин катамды кайталабашыңарды өтүнөм»,- делет.

Эске салсак, буга чейин Чыңгыз Анарбек уулу Москвада таксист болуп иштеп жүрүп  автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Андан соң Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, эки айга камакка алынган.

 
Categories

Канатбек Исаевге карата кылмыш иши токтотулду

Мурдагы бийликтин тушунда темир тор артына киргизилгендердин ичинде Канатбек Исаевдин иши да чубалып, бүтпөй келе жаткан эле.  Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Токмок шаарынын экс-мэри Канатбек Исаевдин соттук отуруму өтүп, сот  кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарды.

Мындай чечим кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу чыгарылган. Бирок, Исаев башка кылмыш иши каралып жаткандыктан камактан чыгарылган жок.

Соттолуучунун жактоочу Сергей Слесарев Исаевге карата ачылган кылмыш ишин жеңилдетип, жаңы жагдайлардан улам ишти кароону прокуратура менен жактоочулардан суранган.

Эске салсак,  Канатбеке Исаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

 

 
Categories

ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков: “Үрмаралда компания алтынды уруксаты жок казып жатат”

Кечээ Бакай-Ата районундагы Үрмарал тоосунда жайгашкан кен казуу иштерине нааразы болгон эл митингге чыгышканын кабарлаган элек. Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңеште да депутаттар тарабынан айтылды. Ал турсун ЖКнын төрага Дастанбек Жумабековго чейин жетип, ал киши  өз кезегинде, өкмөткө тапшыдырма берилгенин, компания алтынды уруксаты жок казып, экологияны бузуп жатканын маалымдады.

Зарылбек Рысалиев кен казууга каршы болуп жаткан элдин көйгөйүнө көңүл буруу керек экенин белгилеп, өкмөт тез арада жооп беришин талап кылды. Анын ырасташынча, 3 айыл өкмөтү суу ичкен Үрмаралдын башынан алтын казылып баштаган

Бүгүн да Бакай-Ата районундагы Корчубек Акназаров атындагы айылдын тургундары кайрадан митинге чыгышканы маалымдалууда. Эл аймакта жайгашкан Үрмарал тоосунда кен казуу иштери башталганын айтып, аны токтотуу демилгеси менен нааразы болуп чогулушту. Алардын айтымында, кытайдын «Полюс голд кейжи» компаниясы ичүүчү сууну булгап, Үрмарал дарыясында алтын чайкашууда.

Эске салсак,  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 315 гектар жерде чалгындоо жүргүзүүгө аукцион өткөргөн. Натыйжада «Полюс голд кейжи» компаниясы дээрлик 11 гектар жерди казып чалгындоо укугун алган. Компания өз ишин жыйырма күн мурда баштаган.

 
Categories

Генерал-лейтенант И. Исаков президент С. Жээнбековго кеңешчи болду

Генерал-лейтенант Исмаил Исаковду кимдер билбейт. Бакиевдин учурунда түрмөгө чейин түшүп, жакшы эле ырайымсыз бийликтин запкысын тарткан. Бирок, акыйкаттык үчүн эч качан сынып бербеген, акыйкаттык дегенде тикесинен тик турган инсан экенин жумурай журтчулук жакшы билет. Кезинде Сакадай боюу – сары алтын деген, – ылакап атка конгон.

Президент Сооронбай Жээнбековго өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук жааты боюнча генерал-лейтенант Исмаил Исаков коомдук башталыштагы кеңешчиси болду. Исмаил Исаков мырзанын бул тармакта тажрыйбасы кенен экендиги талашсыз. Коргоо министри кезинде аскерлердин абалын оңдогондугу азыр да айтылып жүрөт.

 
Categories

Диний уюмдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек үстөл өттү

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек столго ДИМКтин директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, укук коргоо өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз серепчилер катышты.

Долбоордун негизги максаты дин чөйрөсүндө жана дин тутуу эркиндигин камсыздоодо мыйзамдарды өркүндөтүү жана системалаштыруу, диний уюмдардын, диний окуу жайлардын, миссиялардын жана миссионерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу болуп саналат.

 
Categories

Базар – Коргондо күйдүргү менен шектелип 11 адам ооруканага жаткырылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бир адамдын уйу күйдүргүнүн белгилери менен ооруп, аны адамдар бөлүп алышып жегендери айтылган болчу. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айтымында ал этти жегендер изделип жаткандыгы маалымдалган. Алгач 9 тогуз адам табылып жаткырылганын билдиришкен.  Учурда ошол этти жегендердин бардыгы алдын алуу үчүн ооруканага жаткырылды. Алардын саны 11 ге жеткен.

Аталган мекеменин облустагы өкүлүнүн маалыматына караганда, ооруканага жаткандардын абалы жакшы. Керек дары-дармектерди алып жатышат. Лабораториянын жыйынтыгы чыга элек.