Categories

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин (жумушчу тобунун жетекчиси) башчылыгы алдында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү.

Жумушчу тобунун отурумунда төмөнкү долбоорлорго сын пикирлер жана сунуштар талкууланды:

– 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын долбоору;

–  Стратегиянын максаттарына жетүү боюнча иш-чаралардын Планынын долбоору  боюнча 2018-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Коомдук диалогдун жүрүшүндө келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар;

– Жумушчу тобунун мүчөлөрү чечимдерди жогоруда көрсөтүлгөн сунуштардын ар бири боюнча добуш берүү менен кабыл алды.

Натыйжада жумушчу тобу тарабынан Стратегиянын жана иш-чаралар Планынын долбоорлорунун акыркы версиялары кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жоболорун аткаруу менен эми бул долбоорлор бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин кароосуна киргизилет.

 
Categories

Махабат Мавлянова: “Сентябрга кандайдыр бир маалымат менен келебиз”

ЖКнын депутаттары каникулга тараардын алдын эс алуу учурунда бир жакшы ишти бүтүрүп кайталы дештиби айтор, Балыкчы-Жалал Абад авто жолундагы финансылык мыйзам бузууларды иликтөө максатында депутаттык топ түзүшкөнү маалым. Ал депутаттык топ аталган жолдогу иш менен жеринде таанышууда.

Аталган депуттатык топтун мүчөсү Махабат Мавлянованын маалыматына караганда, күзгө таяп дагы элибиз эрмек кылчу жагдайлар пайда болуп калышат окшойт. Ал: “Биз жаңыдан эле маалыматтарды топтоп баштадык. Тиешелүү тараптарга кат менен кайрылып жатабыз. Алдыдагы каникулда ушул ишти терең талдап чыгалы деген чечимге келдик.  Интернетте удаа-удаа чыккан маалыматтар, андан сырткары демилге көтөргөн кесиптештердин сунушунан улам бул топ түзүлдү. Интернетте айтылган маалыматты карасак, тендерде бир нече кызмат көрсөтүүнүн баасы абдан кымбат жазылган экен. Демек тактоо керек. Сентябрга кандайдыр бир маалымат менен келебиз деп турам”,- дейт.

 
Categories

«Манас» аэропортуна JICA агенттиги заманбап жабдууларды берди

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  япониялык эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) атынан «Манас» аэропортуна жабдууларды тапшыруу расмий салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Япония Өкмөтүнө жана JICAга өлкөгө көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул долбоордун алкагында алынган техника жана жабдуулар учуулардын коопсуздугун камсыздоону жана «Манас» аэропортунун кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууну шарттай турганын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев: « Учурда Япония Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам транспорттук секторду гана эмес, өлкө экономикасынын дээрлик бардык тармактарын: саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жааттарын да камтыйт. Япония Өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамы аркасында биз заманбап навигациялык жабдууларды алдык. Эми «Манас» аэропорту көрүнүүнүн төмөнкү шарттарында учуулардын жогорку коопсуздугуна кепилдик бере алат. Потенциялы кеңири болгон «Манас» аэропорту өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуусу керек. Ал заманбап жана ыңгайлуу болушу зарыл, анткени өлкөгө келген чет элдик меймандардын алгачкы пикирлери дал ушул жерден калыптанат», – деп баса белгиледи.

Өкмөт башчы белгилегендей, техникалык жакшы жабдылган «Манас» аэропорту өлкөдө ири авиациялык хабды түзүүнүн негизи болот.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле «Манас» аэропорту чет элдик авиакомпаниялар үчүн чындап ыңгайлуу жана жагымдуу өнөктөш болушу үчүн өлкөнүн аба дарбазаларын башкаруу принциптерин реформалоо боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу айтып берди.

 
Categories

Укук коргоо мекемелеринин колу экс – депутат Мээрбек Мискенбаевге да жетти

Мурдагы бийликтин кол баласына айланган Мээрбек Мискенбевге да эми кыйын боло тургансып калды. Жаш кадрларды алып келип жатабыз деген ал бийлик эми далайлардын убалына кала тургансып калды. Алардын алды Сапар Исаков баш болуп,  УКМКнын темир торунун аркасына киргизилди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы “Айкөл Ала-Тоо” жана “Апрель баатырлары” коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши боюнча материалдарды прокуратура топтоп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүп берген.

Маалыматка караганда, “Апрель Баатырлары” апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү уурдаган деп айыпталууда. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн. ​Аны КСДП партиясынан парламентке депутат болуп, былтыр мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаев жетектейт. Орун басары Амантур Жамгырчиев.

 
Categories

Аксы районунун “Кара-Камыш” көлүнүн жээгинде “Айтылуу акын Жеңижок, айтышаарга теңи жок” аттуу чоң айтыш өтөт

Айтылуу теңдешсиз акын Жеңижокту кимдер гана билбейт. Туулган жери Талас, бала кезинен берки өмүрү, чыгармачылыгы Аксыда өткөн. Мындай дегенибиз,  14-15-июлда, Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан, керемет кооз “Кара-Камыш” көлүнүн жээгинде “Айтылуу акын Жеңижок, айтышаарга теңи жок” аттуу чоң айтыш өтмөкчү. Бул тууралуу Аксы районун Кара –Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров маалымдоодо.

Анын маалыматтарына караганда, аталган айтышты өткөрүүгө ЖК депутаты Sadyk Sher-Niyaz, КТРнын башдиректорунун орун басары Шайырбек Абдырахман, залкарлардын изи менен келе жаткан “Айтыш” коомунун жетекчиси Асылбек Маратов  кызуу колдошууда.

Тандоо туру 4-июль күнү Бишкек шаары, “Манас” кинотеатрында өтөт (кирүү акысыз). Финалдык бөлүгүнө тандалган 16 акын Кара-Камыш көлүнүн жээгинде 14-15 июлда улантат.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров: “Бул айтыштын өзгөчөлүгү акындарга кандайдыр бир эреже киргизилбей, көкүрөктөгү айтчу сезимди айтышат, убакыт кенен берилет. Эл дагы, акындар дагы чыныгы айтышка күбө болушуп, чер жазышсын деп макулдаштык. Чындыкты, калыстыкты туу тутушкан акындарыбызга саясат, экономика, социалдык маселелер, чегара деги болгон маселе боюнча эркиндик берилээри макулдашылды. Деги эле акындарды чектеген тема болбош керек го”-дейт…

 
Categories

Автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо кызматынын мөөнөтү 1-июлда аяктайт 

Автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо кызматынын үч айлык мөөнөтү 1-июлда аяктайт. Автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо кызматынын үч айлык мөөнөтү 1-июлда аяктайт

Бул убакыт ичинде ишеним каты менен жүргөн 113 миң 193 айдоочу унаасын кайра каттаткан.

Мамлекеттик каттоо кызматы алдыдагы дем алыш күндөрү да автоунааларды кайра каттоодо эртең мененки саат 8.30 дан кечки саат 21.00гө чейин иштейт. Автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоого кезекке турган жарандар көп болууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Мамлекеттик каттоо кызматы 3-июлдан тарта  каттоо төлөмү 0,3 пайызга жогорулатуу боюнча өкмөттүн токтому күчүнө кирерин жарыялады.

 
Categories

Кумтөр боюнча өкмөт жаңы келишимди карап жатат

Кумтөр келишими жаңы бийликти бир топ бушайманга салганы белгилүү. Жакында эле  премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча маалымат берип жатып,  акыркы келишимде өкмөт макул болбогон жагдайлар бар экенин билдирген. Ал жагдайлар тууралуу өкмөт башчы Абылгазиев канадалык компаниянын жетекчиси менен жолукканда 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган келишимди жакшыртуу керек экенин айтканын эске салган болчу.

Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков бүгүн парламенттин бир жылдык ишинин жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып токтолду. Ал маалыматтарга караганда, өкмөт мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда, 2017-жылы күздө Кумтөрдү иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн макулдашууну кайрадан карап жатат.

Дастанбек Жумабеков:  “Кумтөрдүн тагдыры боюнча өкмөттө жаңы келишим каралып жатат. Анын жыйынтыгы кандай болоорун айта албайм. Кумтөр менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей келген көп маселе бар. Эң негизгиси – элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келишим каралса керек. Экономикага, айрыкча экология үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн суммасы көбөйүшү мүмкүн”-деди.

Эске сала кетсек, мурунку өкмөт түзгөн соңку келишим азырынча күчүнө кире элек.

Кийинки кездерде Кумтөр алтын кенин сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы (“Chaarat Gold Holdings Limited”) компаниясы жарыялаганы да маалым.

 
Categories

Меценат Аскар Салымбеков АКШнын Майами шаарында үч эм неберелүү болду

Аскар Салымбековдун улуу баласы Улукбек Салымбековдун жубайы үч эм, эки кыз, бир эркек төрөп, атактуу үй-бүлөнүн жакшылыгына жакшылык тартуулады. Эсиңерде болсо, Улукбек Салымбеков Акаев кезинде УКМКны башкарган Калык Иманкуловдун агасынын күйөө баласы. Аскар Мааткабыловичтин үч эм небереси Кыргызстандан эмес, АКШнын Майами шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келген. Бул тууралуу “Азия ньюс” гезити жазып чыкты.

 
Categories

М. Аспековду токмоктогон адам изделүүдө

Кечээ кечинде Чүйдүн Молдовановка айылында 31-абакта жаткан Мелис Аспековдун токмок жегендиги туралуу кабар тарады. Ал маалыматтарга караганда, ал жаткан камерага соттолуучулардын бирөө кирип келип, үн сөзгө келбестен аны ур-токмокко алган. Аспеков жана анын жанында жаткан киши да жеңил жараат алышкан.

Мындай кабарды Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат  мекемесинин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова да ырастоодо.

Учурда ал окуя боюнча иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Анын себеби азырынча айтыла элек.

Эске сала кетсек, “Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири, активист Мелис Аспеков былтыр октябрда “массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн” деген шек менен, Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалган.

 
Categories

Токон Мамытов депутат Бахадыр Сулеймановду чөгөлөтөбү?

Экс-вице-премьер-министр, азыркы Кыргыз Республикасынын элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Токон Мамытов менен Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун ортосундагы чыр эмнеден чыгаар экен дешип кулак түргөн эле эл. Депутат Бахадыр Сулейманов Токон Маматов алган айлыктар тууралуу айтып алып, чындап эми балээге кабыла тургансып калды.

Т. Мамытов канткен күндө да генералдык тактык менен жүргөн киши эмеспи. Бахадыр Сулеймановдун Казак атуулу экендигин ырастаган документтер “менде бар” – деди. Анан дагы ЖК сыяктуу мамлекеттик сыр бар, жогорку бийлик бутагына чет мамлекеттин жаранын жетип, иштеп жаткандыгы өтө коркунучтуу кылмыш экенин айтып чыкты

Т. Мамытов: “Азыр Сулейманов менен ассамблеянын ортосунда соттошуу башталды. Ал бизди сотко берди. Мен процесс убагында анын казак жарандыгын аныктаган документтерди алып барам.

Сулейманов 2010-жылы Казакстандын жарандыгынан чыкканмын деп жатат. Жарандыктан чыгып аткан учурда Казакстандын президентинин жарлыгыны атайын номуру берилет. Кана ошол документ жана жарлыктын номуру ?  Ошондой эле Кыргызстандын президентинин аны жарандыкка кабыл алган жарлыгы кана”- деди?

Канткен күндө да юридиканы, жарандыктын мыйзамдык шарттарын семичкедей чаккан Токон мырза Б. Сулеймановду чөгөлөтпөсө болду.

Эске сала кетсек, буга чейин  2010-жылы  фракция лидери Камчыбек Ташиев менен Бахадыр Сулеймановдун ортосунда жарандык тууралуу уруш чыкканы маалым.