Categories

Туруксуз аба ырайы күтүлөт!

1-2-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт: 1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Мындай маалыматты Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги айтууда. 

 Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. 2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-майда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге, 2-майда Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоо этектеринде 10…15° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

NewTV

 
Categories

Тоо туризмине кызыккандардын саны арбууда

Кыргызстан дүйнөдө туристтерди өзүнө тартуу боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулууда. Саналуу күндөрдөн кийин Ысык Көлдө быйылкы туристтик сезондун ачылуу аземи да башталганы турат.

Кыргызстан популярдуу “Passion Passport” саякат блогунун болжолдоору боюнча 2018-жылдын туризм багытындагы алдыңкы 20 мамлекеттин катарына кирген болчу. Тизмеге туристтерге абдан жаккан, эс алууга абдан ыңгайлуу делген дүйнө жүзүндөгү 20 жер камтылган.

Тизменин сап башында Дания королдугуна караган Фарер аралдары турат. Экинчини Пакистан ээлесе, үчүнчүгө Иран татыган.

Ал эми 4-5-орундарды Сингапур менен Норвегиядагы Лофотен аралдары алды. Борбор Азия өлкөлөрүнөн тизмеге Кыргызстан гана кирип, 18-орунду ээледи.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылы Казакстандан, Россиядан Кыргызстанга келишкен туристтердин саны арбыган. Алыскы Европа өлкөлөрүнөн келишкен туристтердин жылдан жылга катары көбөйүүдө. Тоо туризмине кызыкандардын саны арбууда. Атайын маалыматка караганда, Сары Челек – Талас – Чаткал тоо кыркаларына келип эс алууга европадан келчүлөрдүн саны арбууда. Бул тармакта жылына өсүш беш пайыздын тегерегинде.

 
Categories

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: «Саясий куугунтук жөнүндө азыр эч нерсе деп айта албайм»

—Өткурбек Асилбекович, президент алдыңызга кандай тапшырмаларды коюп жатат?

—Биринчиден баардыгы мыйзам чегинде болуш керектигин айтты. Мен аны аткарганга болгон аракетимди жасайм.  Кызматка мен сырттан келген жокмун, көп жылдан берки тажрыйбам бар. Ошол тажрыйбаны пайдаланып элдин, президенттин, депутаттардын ишенимин аткарганга аракет жасайм. Акыйкаттык баарыбызга керек. 

—Эл өкүлдөрү көбүнчө саясый куугунтуктар болбосун деген таризде суроо беришти. Камакта жаткан саясатчылардын тагдыры кандай болот? 

—Баары мыйзам чегинде каралат Андан ары да, бери да өтпөйбуз. Саясий куугунтук жөнүндө азыр эч нерсе деп айта албайм. Анткени жаңы эле дайындалып жатам. Дагы бир жолу айтам, мен мыйзам чегинде гана иш алып барам. А мыйзам баарыбызга бирдей. 

—Прокуратура тармагында иштегендер өтө чоң суммадагы пара менен кармалып жатышат. Сиз келгенден кийин бул нерсе кайталанбайт деп ишене берелиби? 

—Андай болушу мүмкүн эмес. Баардык тазаланууну өзүбүздөн баштайбыз. Кудай сактасын, уят болбогонго аракет жасайм. 

Булак: “Де факто” 

 
Categories

NewTV каналынын “Акыл заман” долбоорунун автору Б. Бекешов: “Элдик каналга айлануу бизге буюрду”

NewTV каналынын “Акыл заман” долбоорунун автору Б. Бекешов: Мен гезит журналистимин. Бирок, тагдыр телеге алып келди.Теледе иш менен үй аралашып калат экен. Жасаган ишиңден ырахат алып турсаң ошондон өткөн жакшы нерсе жок.

Биздин чыгармачыл жамаат өзгөчө жаштардан турат. Өңчөй жаштар же улгайгандар чогулуп алса да болбой калат. Эртеден кечке ушул жерде жүрүп, учурашканга убактыбыз болбой калат. Мунун баары жаштардын изденүүсүнө шарт тузөт экен. Жаштар мен кыйымын деген журналисттерден да мыкты программаларды жасап жатат. Буюрса, башкы үч каналдын бири боло алабыз.

Журналисттердин айлыктары жакшы. Жумушчуларга жакшы шарттар түзүлгөн. Түшкү бекер тамак уюштурулган. Мындай шарттар кадрларды тарбиялоонун, өстүрүүнүн негизги өбөлгөсү .

Баардык нерсе жетекчиге байланыштуу болот экен. Манастын баатырдыгын айтабыз. Уюштуруучулук ишин айтпайбыз. Биздеги теле каналдын ишинин алдыга жылып жатышы уюштуруу иштеринде. Теледе көп эле жүрдүм. Жетекчибиз Нурлан Шакиев биздин каналды рекламасы жок каналга айландырам деп жатат. Бул бир жагынан таң калыштуу. Ал эми чынында көрүүчүнү реклама жадатат да. Муну мен кыйымын дегендер жасай албай жатышат.

Мен билгенден 50 дөн ашык канал чыгып жатат 4- 5 мамлекеттик, калганы жеке менчик. Жеке менчик каналдын бутунан туруп элге алынып кетүүсу оңой эмес. Элдик каналга айлануу көп каналга буюрган жок. Бизге буюрду. Бул маалымат менен камсыз кылуу жагы. Рухий жагынан да бир топ ийгиликтер жаралды. Кино тармагында да жакшы кинолор коюулуп жатат.

“Акыл заманда” акыл менен жашайлы деп жатабыз. Элибиз материалдык баалуулуктарга, жаңы технологияга кызыгып жатышат. Мамлекеттик каналдар жасабаган иштер жасалып жатат. Интернетте эң обективдүү көрсөткүчтөргө ээ болуп жатабыз.

Булак: NewTV

 
Categories

Согуштан кийинки соолбос өмүр

Ошентип, жадыраган жаз мезгилинин майрамга бай- май айы босогобузду кагууда. Май майрамдарынын арасында 9-май -Улуу Жеңиш куну озгочо урмат-сыйга ээ. Экинчи дуйнолук согуш миллиондогон өмүрлөрдү кыйып, ошондогу орду толгус жоготуулардын күйүтү дале бар. Мындай аянычтуу тагдырдан теңир тоолуктар да четте эмес. Катылган жоонун катыгын берүүгө аттанышкан мекендештерибиздин баары эле артка кайткан жок.

 
Categories

Маарекең кут болсун Бишкек!

https://youtu.be/M006lx6T2xE

Баш калаанын 140 жылдыгына арналган салтанаттык мааракелер кечээ куну эртең менентен тарта шаардын туш тарабындагы сейил бактарда ар кандай майрамдык иш чаралар менен коштолду. Ар бир райондогу таланттуу жаштар мааракелик салтанатты куттуктап, ырдап, бийлеп оз онорлорун тартуулашты. Борборду барктап, данктап, Бишкек жонундогу ырлар ар бир иш чарада жанырып, коруучулорго жакшы маанай тартууланды.

 
Categories

ЖАМУнун түптөлгөнүнө 95 жыл

Жыйырманчы кылымдын 20-жылдарында Жалал-Абад шаарында өлкөдөгү алгачкы педагогикалык окуу жайы түзүлүп, ал окуу жайдан Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү инсандар тарбияланып чыккан. 1993-жылы ушул педагогикалык окуу жайынын базасында Жалал-Абад мамлкеттик университети ачылды. Аталган окуу жай өзүнүн түптөлгөнүнүн 95 жылдык мааракесин белгилеп, ага жети дубандагы университеттердин ректорлору жана айрым коңшу өлкөлөрдүн окуу жайларынын өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун коомчулугу

 
Categories

Каракол шаарынын мэри Д. Арпачиевдин «алкымынан» шек санашууда

Каракол шаардык кеештин депутаттары мэр Данияр Арпачиевдин 2017-жылдагы аткарган иштери боюнча маалыматын угушуп, канааттандыраарлык эмес деген баа беришти. Шаар ичиндеги жолдорду оңдоо – түзөө иштери, шаарды көрктөндүрүү, таза суу менен камсыздоо жумуштарын тиешелүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес дешип баалашты.

Мындан сырткары былтыркы жылы шаар ичине жаңы орнотулган аялдамалар, энелер аллеясындагы оргуманын кайра калыбына келтирүү иштеринин каражаттары дагы өтө жогору баа менен көрсөтүлгөн. Мындан сырткары муниципалдык тазалык ишканасына жаңы техникалар алынганы менен шаар тазалыгы көңүл жылытаарлык эмес деп баа беришти.

Шаардык кеңештин депутаттарынын маалыматына караганда, транспорт министрлиги тарабынан 2017-жылы жол оңдоо иштерине бөлүнгөн каражаттар да туура эмес пайдаланылган. Кашка-Суу жана Восход кичи райондорунда жумуштар эмгиче бүтөрүлгөн эмес.