Categories

С. Жапаровдун соту 5 – июнга жылдырылды

Садыр Жапаровдун ишин кароо Жогорку Сот тарабынан  5-июнь күнү, күндүзгү саат эки жарымга калтырылды. Соттун ишин жылдырылышына соттордун биринин ооруп, келбей калганына байланыштуу болгон.

Бул жагдайды ал жердегилер коомчулукта резонанс жаратып, бир-эки ай мурда жарыяланган соттук отурумга соттордун биринин келбей калышын сынга алып, “чогулгандарды сыйлабастык” катары баалады. Жаңы президент келгенден кийин “сот акыйкат карайт” деген үмүт пайда болуп жаткан.

С. Жапаровдун сотуна байланыштуу борборубуздун эски аянтына жана Жогорку Соттун алдында саясатчынын бир нече тарапкерлери чогулган. Алар соттон ишти акыйкат кароону, Жапаровго боштондук берүүнү талап кылышты.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштуруп, ошол кездеги губернаторду барымтага алуу боюнча айыпталып кармалып,  Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Шаардык сот да аны колдоп чечим чыгарган.

 
Categories

С. Исаковду УКМКга бүгүн күндүзгү саат экиге сурак берүүгө чакыртышты

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду бүгүн саат  күндүзгү экиге кайра сурак берүүгө УКМКга чакырышкандыгын КСДП маалымдоодо. Ал маалыматтарга караганда, азырынча эмне себептен чакыртканы боюнча так маалымат жок. Партиялаштары бул ЖЭБдеги жаңылоо иштерине байланыштуу болушу мүмкүн дешүүдө.

Ушуну менен Сапар Исаков үчүнчү ирет сурак бергени УКМКга барат

Эскерте кетсек, буга чейин  С. Исаков ЖЭБдеги авария, кытайлык компания тууралуу УКМКга сурак берип чыккан.  Андан кийин ЖКнын ЖЭБ боюнча комиссиясынын жыйынында ал жердеги  коррупцияга шектүүлөрдүн тизмесине айрым адамдардын ысмы кирбей калганы тууралу айткан болчу. Саясый куугунтук болуп жатат – деген. Ошондон кийин айрым саясатчылар, эксперттер Сапар мырза саясатка аралашып “ташын” оорлотуп алды.  Анын бул аракетин  саясатты жамынуу катары баалашкандар да болгон. Бийликте турганда саясый куугунтукту жогору чегине жеткирген адамдар ушинтип айтып жатышса, сөз жок дешкен.

 
Categories

Роза Отунбаева дүйнөнүн эң таасирлүү 100 инсанынын катарына кирди

Экс-президент Роза Отунбаеванын Эл аралык аренада кадыр баркы алкоого арзууда. Президенттик кызматын тапшыргандан бери жаңы идеялар, жаңы демилгелер менен алек болуп келүүдө. Буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага тынчтык менен эл аралык коопсуздукту сактоого, демократияга кошкон салымы жана саясий ишмердиги үчүн “Минерва-2015” эл аралык сыйлыгы менен сыйланган.

2012-жылы Евразия фондунун “Bill Maynes 2012” деген сыйлыгына татыган.

2011-жылы дүйнөнүн ар тарабынан тандалган тогуз аялдын катарында Роза Отунбаевага АКШ Мамдепартаменти уюштурган “Каарман аял” эл аралык сыйлыгы тапшырылган.

Эми алардын катарына дагы бир сыйлык же сыймык дейбизби, Роза Отунбаева Apolitical сайтынын тизмеси боюнча гендердик саясат жүргүзүүдө дүйнөнүн эң таасирлүү 100 инсанынын катарына кирди.

Расмий маалыматтарга караганда, Apolitical.co – сайты дүйнөнүн коомдук ишмерлеринин, лидерлеринин жана көрүнүктүү инсандардын идеяларын кубаттаган жана аларды бириктирүү аракетин көрүп келет.

Аталган тизмеде Роза Отунбаева менен кошо Канаданын премьер-минстри Жастин Трудо, Пакистандын активисти Малала Юсуфзай, БУУнун Аялдар программасынын аткаруучу директору Фумзиле Мламбо-Нгкука, Швециянын Тышкы иштер министри Маргот Уалстром жана башкалар бар.

 
Categories

Айгүл Рыскулова вице – мэр кызматынан кетүү боюнча арыз жазды

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова кызматынан кеткендиги Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айтылды. Ал маалыматка караганда, кызматтан кетүү боюнча арызды өз каалоосу менен жазган.

Рыскулова бул кызматта 2014-жылдан бери иштеп келет

 
Categories

Ош шаарынын базары өрттөндү

Бул ирет өрттүн келме кезеги Ош шаарынын базарына келип жетти окшойт. Ош шаарынын борбордук базарында соода контейнерлеринин биринен өрт чыгып, айлана тегерегин каптап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өрт кызматына бүгүн эртең менен саат сегизге жакын  өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бир мүнөттөн кийин эле Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм, он мүнөттөн кийин дагы бир бөлүм тартылган. Натыйжада өрт саат сегиз жарымдан өткөндө толугу менен өчүрүлгөн.Учурда өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, бул иш боюнча милиция да иликтөө иштерин алып бара баштады.

 
Categories

Бүгүн Садыр Жапаровдун соту болот

Саясатчы Садыр Жапаровдун бүгүнкү сотун коомчулук күтүп жатат. Бул сот жараяны мурдагы бийликтин саясий жарлыгы менен соттолушкан деген Аида Саляновадан кийинки эле чуулгандуу экинчи сот. Эксперттер жана анын жактоочулары Садыр мырзанын акталышына негиз бар экенин айтышууда.

Садыр Жапаровдун коомдук жактоочусу Улан Жээналиевдин маалыматына караганда, шаардык соттун чечиминен соң Жогорку сотко кайрылууга жаңы президент келгенден кийинки сот акыйкат карайт – деген үмүт бар.

Улан Жээналиевдин: “Мурунку губернатор Эмил Каптагаев да “эч кандай доом жок” деп жүрөт. Ошондуктан, азыр Жапаров камакта жөн эле, эч кандай негизсиз жатат. Жээнбековдун сот реформасы тууралуу сөзүнөн, аткарып жаткан ишинен соң, үмүтүбүз бар, эгер жогорку бийликтен сотторго эч кандай көрсөтмө болбосо Садыр Жапаров акталып чыгат” – дейт.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштуруп, ошол кездеги губернаторду барымтага алуу боюнча айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 2-августта Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

 
Categories

“КазМинералзБозумчак” ишканасынын башкы директору И. Тулекеев чек араны кесип өтүү аракетин жасаган учурда кармалган

Коррупциялык жана экономикалык  кылмыштардын бети күндөн күнгө арбын ачылууда. Мындай кылмыш аракеттери Ала Бука районуна караштуу “Бозумчак” жез-алтын кенинен ачыкталды.  Бозумчак Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан. Эксперттердин баасы боюнча, анда 146 миң тонна жездин, 23 тоннадан ашык алтындын жана 138 тоннага чукул күмүштүн кени бар экендиги айтылып келет. Кенди казакстандык “Казакмыс” корпорациясынын ал кездеги “Казакмыс Голд Кыргызстан” (азыркы “КазМинералзБозумчак”) компаниясы 2008-жылдан тартып иштетип келет. Ишкана кенди 2028-жылга чейин иштетүү үчүн лицензия алган.

“КазМинералзБозумчак” ЖЧКсынын жетекчилиги салык төлөөдөн качуу максатында, 2015-жылдан бери курамында алтын бар  9 миң 760 тонна концентратты  өлкөдөн алып чыгып кеткен. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Аталган фактылар Кыргызстандын Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүлөрдөн кийин маалым болгон.

2018-жылдын 26-майында “КазМинералзБозумчак” ишканасынын генералдык директору Ильяс Тулекеев Бишкек шаарындагы “Манас” көзөмөл өткөрүү жайынан мамлекеттик чек араны кесип өтүү аракетин жасаган учурда кармалган. Андан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Тергөө башкармалыгына алып келинген.

Ошол эле күнү ага Кылмыш кодексинин 221-беренесинин негизинде күнөө тагылган. Ал эми Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасы боюнча аны камакка алуу сунушун канааттандырган эмес.

Учурда аталган компания Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын депозиттик эсебине 55 миллион 694 миң 283 сомду мамлекетке келтирген чыгым катары төккөн.

Эскерте кетсека, аталган компания мурда да текшерүүгө алынып, бир катар эреже бузуулар аныкталгандан кийин кен казууга тыюу салынган.

 
Categories

Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Н. Айбашев камакка алынды

Коррупция боюнча учурган далилдер пайда боло баштады.  Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин бөгөт чарасын карап, тергөө бүткүчө камакка алды. Бул маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы билдирди.

Нурбек Айбашев “А” ЖЧКсынын өкүлү менен мурдатан сүйлөшүп алып, Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө көмөктөшкөн катары айыпталууда.

Тергөөнүн материалдарына караганда, 2015-жылы Нурбек Айбашев менен аффилирленген “А” фирмасы “U.Q.I.T.C.L.” фирмасы менен Кытайга тери, бут кийим жана башка ушул багыттагы товарларды ташуу тууралуу келишим түзгөн. Кийин Айбашев Бажы Биримдигинин Бажы кодексин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу менен товарларды атайылап жалган идентификациялоо аркылуу бажы аймагынан сырткары бажы процедурасын колдонууга уруксат берип салган.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, Нурбек Айбашевдин мындай чечими менен “А” фирмасы бажы аймагынан сырткары тери иштетүүгө укук алып калганы айтылат. Өз кезегинде “А” фирмасы Мамлекеттик бажы кызматынын бул уруксатынын шарттарын бузуу аркылуу товарды товарларды кайра иштетүүчү “U.Q.I.T.C.L.” фирмасына эмес, башка “S.K.” аттуу компанияга жеткирип турган. Товарларды бажы аймагынан сырткары өндүрүүгө мыйзамсыз берилген уруксаттын натыйжасында 166 млн. сом бажы төлөмү мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы маалымдалды.

Тийешелүү мекеме кызматкерлери тарабынан Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү да жүргүзүлгөндүгу маалымдалууда. Тергөө уланууда.

 
Categories

Ысык-Көл облусу боюнча 15 жылкы, 17 уй жана 2024 кой, эчки көмүлдү

Тоң району. 2018-жылдын 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен  Тоң айыл аймагынын Коргонду-Булак айылынын Саз тилкесинде 137 кой, Төрт-Гүл айыл аймагынын Темир-Канат айылынын Чоң-Таш, Ак-Таш, Чоң-Кайкы, Абыл-Аке тилкелеринде 7 уй, 103 кой, 1 жылкы өлгөн. Бардыгы болуп 1 жылкы, 7 уй,  240 кой, эчкилер өлгөн. Бул маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

27-май күнү 1 жылкы, 7 уй, 240 кой-эчкилер толугу менен көмүлгөн. Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 387 013 сомду түздү.

Ысык-Көл району. 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен Тору-Айгыр айыл аймагынан 20 жылкы, 33 уй, 282 кой, Тамчы айыл аймагынан 4 жылкы, 4 уй, 1200 кой, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынан 8 жылкы, 1 уй, 379 кой, Кара-Ой айыл аймагынан 147 кой өлгөн. Бардыгы болуп 36 жылкы, 35 уй, 2061 кой-эчки өлгөн. Тамчы айыл аймагына 24-май күнү Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким – райондук Жарандык коргонуу башчысы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

27-май күнү тартылган күч каражаттардын жардамында Тамчы айыл аймагынын Чок-Тал жайлоосунда 2 жылкы, 1 уй, 1024 кой, эчки, Кабырга жайлоосунда 5 жылкы, 15 уй, 621 кой жана Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жайыттарында 8 жылкы, 1 уй, 379 кой көмүлдү.

Жалпы 15 жылкы, 17 уй жана 2024 кой көмүлгөн жана КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынан 30 000 сом бөлүнүп, Өзгөчө кырдаал болгон жерде иш-чара жүргүзүп жаткан техникаларга күйүүчү май сатып алынып, куюлуп берилген.

28-май күнү өлгөн мал-жандыктарды көмүү иш-чаралары улантылат жана көмүлгөн мал-жандыктардын саны айыл өкмөтү тарабынан жалпыланып, такталат. Мындан сырткары Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген материалдык чыгымды кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Коррупциялык багыттагы кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарыл”

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын ишмердигинин натыйжалары жана ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы Чечимин ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Президент УКМК өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздаган маанилүү органдарынын бири катары ички жана тышкы коркунучтар, эл аралык терроризм жана экстремизм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүшү керек экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жолугушууда коррупция, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын фактыларын аныктоо, коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын белгиледи.