Categories

Катуу жааган кардан улам кырылган мал ээлерине өкмөт көмөк көрсөтөбү?

Буга чейин Ысык – Көл, Нарын облустарында катуу жааган кардан, сууктан бир нече миңдеген кой, эчкилер жана бодо малдар кырылган. Анда бир нече малчылар бир заматта мал жандыктарынан кур жалак калышты. Албетте, бул жаратылыштын айттырбай келген кырсыгы болду. Бирок, өкмөт ал келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча азырынча ооз ача элек.

Ошентсе да бүгүн,  Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында бир жума мурда жааган карда мал чыгымдарына кабылган фермерлердин маселеси көтөрүлдү. Бул маалыматты ЖКнын пресс кызматы билдирди.

Депутат Данияр Аттокуров 24-25-май күндөрүндө Ысык-Көл облусунун сырт жайлоолорунда жааган карда малчылар чоң чыгымга учурап, миңдеген малдар кырылгандыгын маалымдады. Данияр Аттокуров “Фермерлер Өкмөттөн жардам күтүп жатышат. Менчик мал болсо дагы кандайдыр бир көмөк көрсөтүү керек. Алар дагы өлкөнүн айыл чарбасына, экономикасына өз салымдарын кошуп келишкен. Андыктан, Өкмөттүн тиешелүү министрликтерин чакырып, кандай жардам көрсөтө алат, угуп койсок”,- деди.

Депутат Чыныбай Турсунбеков дагы 24-25-майдагы жаратылыш кырсыгы тоолуу Нарын облусунун жайлоолорундагы мал жандыктарын каптап өткөндүгүн ортого салды. Анын айтымында, миңдеген мал чыгымга учураган. Алардын бир тобу мал жандыктарын насыяга акча алып, сатып алышкан экен. Айрымдарынын акыркы малдары экен.

Чыныбай Турсунбеков: “Мындай шартта аткаруу бийлиги кол кабыш кылбаса, анда алсыздыгын көрсөткөн болот”,- деди.

 
Categories

Экс–президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюулду

ЖЭБдеги чуудан улам экс – президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча ЖК депутаттары тарабынан көтөрүлгөн демилгени ишке ашыруу депутаттардын жайкы эс алууларына чейин бүткөрүлүшү керек экени айтылган эле. Ал үчүн атайын мыйзамдык шарттарды даярдоо керек болгон.

Атайын маалыматтарга караганда, парламентте экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлганы маалым болду. Бул мыйзам долбоорунда “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-берене толугу менен өзгөртүлгөн.

Ал өзгөртүүлөргө ылайык, “экс-президент кызматта турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт” деген бөлүгү толугу менен алынып салынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Баш прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылары киргизилген. Эгерде мурда иштеп кеткен президент кандайдыр бир кылмыш ишине тиешеси бар деп айыптала турган болсо, анда аны изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлөт.

 
Categories

Кыргызстанда картада жок 171 айыл бар

Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө айыл статусуна ээ боло элек айылдар бар.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.

“Ушул күнгө чейин 171 айыл айыл статусуна ээ болбой, картасы чийиле элек. Алардын картасын чийиш үчүн 5 миллион сомдой каражат талап кылынат. Аларга айыл статусун бериш үчүн өкмөт каражат табышы керек. Ансыз алардын көйгөйү чечилбейт”, – деди депутат.

 

 
Categories

Кыргыз өкмөтүнүн алсыздыгынан күйүүчү майлар кымбаттоодо

Россия Федерация тарабынан Кыргызстанга алымсыз 1 миллион тонна күйүүчү май бөлүнөт.  Бирок,  анын баарын “Газпром”, “Росснефть” компаниялары бөлүп алууда.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков билдирди.

Айтымында, бул маселеде Кыргызстан өкмөтү алсыздыгын көрсөтүп жатат. Аталган компаниялар жакында  жаңы алым кирет деген жүйөө менен күйүүчү майларды 3 сомго жогорулатты.

“Акыбал барган сайын  оорлошуп келе жатат. Күйүүчү майдын баасы боюнча коңшу Казакстан менен 8 сомго чейин айырма бар. Аларда күйүүчү май дээрлик сомго арзан. Бизде бүт рынокту орусиялык компаниялар көзөмөлдөп жатат. Билинбегени менен бул чоң көйгөй жаратаары бышык”,- деди депутат.

 

 
Categories

Эл өкүлдөрү Балдарды коргоо күнүнүн алдында балдар маселелерине көңүл бурушту

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында  бир катар эл өкүлдөрү Балдар күнүнүн алдында балдарга тиешелүү деңгээлде кам көрүлбөй жатканын билдиришти.

Депутат Наталья Никитенко балдардын өз жанын кыйган фактылары токтобой келе жатканына токтолуп, аткаруу бийлиги мунун кесепети менен күрөшпөй жатканын белгиледи. Пикиринде, тиешелүү кызматтар  суициддердин себептерин аныктап, алдын алуу иш-чараларын көрүшү зарыл.

Депутат Таабалды Тиллаев балдардын онкологиялык борборунун токтоп калган курулушу боюнча маселе көтөрдү. Депутат бүгүнкү күндө рак илдеттерине кабылган  балдар, кош бойлуу аялдар көбөйгөндүгүн баса белгилеп, аталган борбордун курулушу башталгандан кийин аягына чыгаруу зарылдыгын Өкмөткө багыттады.

Депутат Айсулуу Мамашева болсо жакында эле үрөйдү учурган окуяга басым жасады. Эске салсак,  19 жаштагы Бурулай аттуу кыз ала качып бараткан жигиттин колунан милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапкан.

“Чындыгында,  бул улуттук деңгээлдеги көйгөй. Мындай жоосунсуз жоруктарды качан токтото алабыз?”,- деген суроону аткаруу бийлигине жолдоду.

 
Categories

Кочкордогу жол кырсыгынан үч адам каза тапты

30-май күнү саат 20:43дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында (Сары-Булак айылы) жол кырсыгы катталган.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучусу барган.

Маалыматка караганда, Ауди 100 үлгүсүндөгү мамлекеттик № S2525D унаа жана Хонда Фит үлгүсүндөгү мамлекеттик № 08KG216ASS унаасы кагылышкан.

Кырсыктан  3 адам (2 эркек,1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алган.

Куткаруучулар жаракат алгандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Каза тапкандардын жана жабырлануучулардын аты-жөнү такталууда.

 
Categories

“ИХЛАС” ийилсе да сынбайт

Акыркы убактарда айрым белгилүү да, белгисиз да тараптардан «Ихлас» курулуш компаниясына карата атайын бир беткей каралоо, чагымчылдык иш- аракеттери активдүү жүргүзүлүүдө. Албетте, мындай жийиркеничтүү, арам иш-аракеттер атайын бир кара ниет Аллахтан коркпогон арсыз адамдардын бир тобу тарабынан уюштурулуп, коомчулукту удургутуп, козутуу максатын көздөйт. Анткен менен адал эмгек, аруу тилек, акыйкаттыкты бек тутуп акырет үчүн астейдил ак мээнетибиз менен күн санап өсүп бараткан биздин курулуш мекемебиздин бедели түшүп же, белибиз бошоп калбайт!

Тек гана коомчулуктун башын айлантып, кардарларыбызды күдүк ойлорго түртүп, түрдүү шек саноолорго жем ташталууда. Ошондуктан, биз мындай ыплас каралоо компаниясын  “көрө албастык жана көрпенделик” деп атап, кескин айыптайбыз! Бизди өкүндүргөнү, аталган каралоо компаниясына айрым Эл өкүлдөрү, тактап айтканда, Жогорку Кеңештин илим- билимдүү аттуу-баштуу, биз сыйлаган кээ бир депутаттардын жагдайды, маселенин чоо-жайын аңдап талдабай аралашып, парламент трибунасынан үстүккө-босток улам кайталап көтөрүп жатышат. Тактап айтканда, баш калаабыздын түштүк магистралынын аймагындагы 2, 8 га жер жөнүндө көбүрөөк сөз болууда. Бул жер маселеси алгач көтөрүлгөндө эле баары мыйзам  чегинде жасалган иш экендигин айтып, так маалымат бергенбиз. Ошондой эле ал жер тилкесиндеги курулуш иштери да бардык уруксат берүүчү органдардын мыйзамдуу уруксаты менен жүргүзүлүп жаткандыгын шаар мэри Албек Ибраимов да, курулуш агенттигинин жетекчилиги да бир нече жолу бышыктаган.

Шаарыбыздын ушул эле аймагында канчалаган курулуштар курулуп жатат. Акыркы 10-15 жыл аралыгында жүздөгөн ар түрдүү имараттар курулду. Атап айтканда, бир катар турак үйлөрдөн сырткары бир нече чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин жаңы кеңселери курулду. Ошондой эле чет элдик белгилүү бир университетке 100 га тегеригиндеги эбегейсиз чоң жер тилкеси бөлүнүп берилгендигин баарыбыз көрүп-билебиз. Эмнеге ошолор боюнча бир сөз жок. Ал эми бизге окшогон ата-мекендик кыргыз мекемесин баса калышат? Эгерде дал ошол бизге берилген жер тилкесинде дагы да чет элдик элчилик, же чет өлкөлүк курулуш компаниясына берилип, курулуштар курулса эч ким ооз ачмак эмес. Азыркы бизге асылып жаткан жарма патриоттордун мекенчилдик сезимдери неге козголуп, эмнеге эбегейсиз көп сандаган гектар жерлер башкаларга берилгенде унчугушпаган? Кейиштүү жагдай, ушундай удургугуган ушактардын айынан курулуш иштерибиз аксап, түрдүү текшерүүлөргө туш болуп отурабыз. Керек болсо аталган жер тилкесиндеги курулуш иштери да убактылуу токтотулууда. Мында иштеп, туруктуу маяна алышып, үй-бүлөсүн баккан миңдеген адамдар ишсиз калышууда. Алардын көпчүлүгү көр оокаттын айынан Орусия өңдүү өлкөлөргө үй-бүлөлөрүн таштап, иш издеп кетүүгө аргасыз болушууда. Алардын убал-сообунан корксоңор боло, көрө албас көр пенделер! Ушинтип катуу айтууга аргасызбыз. Өз өлкөбүздө жумушчу орундарын түзүп, жаштарды иш менен камсыздап, миграция агымын азайтууга эбегейсиз зор салым кошуп, өлкөбүздүн экономикасына миллиондогон салык төлөмдөрүн төлөп жаткан бизге ушундай кыянаттык кыласыңарбы, бай болгурлар?! Карасанатайлыктын да чеги болот да! Кыргыз эли, айрыкча шаарыбыздын тургундары азыркыдай заманбап үйлөрдө жашап, таза абада жашоосуна неге кам көрбөшүбүз керек? Же ошол жерге да чет элдиктерге “чоң имараттарды” курууга берип коюп унчукпай олтура берсек боло береби? Дагы бир өкүнүчтүүү жагдай, биздин “Ихлас” курулуш компаниясына айтылуу шоопур Икрамжан Илмияновдун такыр тиешеси эзели болбогонун жана жоктугун биз бир нече ирет тилибиз тешилгенче безилдеп айтсак да айрым ушакчы маалымат каражаттары такыр ишенгилери келишпейт. Ошол эле учурда Икрам Илмиянов өзү дагы биздин компанияга тиешеси жок экенин тынбай айтып келет. Таң калычтуу жагдай, бул жалган дүйнөдө коомубуздагы айрым адамдар кашкайган чындыкты көрүп, билип турса да акыйкатка ишенбей, куру доомат, жалган жалаага ишенип жатышы өкүндүрөт. Азыр улуу рамазан айы. Аллах кармаган орозолорубузду кабыл кылып, берекесин берсин! Орозо кармаган бардык мусулман бир туугандарыбызды орозоңор кабыл болсун дейбиз. Рамазандын аякташы менен бизди ыксыз каралаган бардык тараптар менен, айрыкча маалымат айдыңындагы бир нече адамдар менен укуктук талаада күрөшөбүз. Тактап айтканда, сотко кайрылып, өзүбүздүн чындыгыбызды жана акыйкатыбызды далилдейбиз!

“Ихлас” компаниясынын негиздөөчүсү- Нурбек Осмонов.

 
Categories

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчисинин ишмердүүлүгүн текшерүү сунушталды

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектургановдун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алууну депутат Гүлшат Асылбашева сунуштады.

Ал мындай сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында жолдоду.

Айтымында, аталган компания банкротко кептелүү коркунучуна кабылгандыктан, кызматкерлердин басымдуу бөлүгү акы төлөнбөгөн эмгек эргүүсүнө чыгарылган. Ал эми жетекчи кадимкидей айлык акы алууда.

“Компанияны банкроттук абалга кептеген жетекчинин үстүнөн далай жолу арыздануу болгон. Бирок, кызматынан кетирилген жок. Кызматкерлердин көпчүлүгү эмгек эргүүсүнө чыгарганы менен Бектурганов өзү маяна алууну улантууда”, – деген депутат жетекчинин ишмердүүлүгүн текшерүүгө алуу зарылдыгын белгиледи.

Айтымында, Бектурганов келгенге чейин аталган авиакомпаниянын карамагында 5 учак бар болгон. Ал эми азыр бир да учак калбады.

 

 
Categories

Банкротко кептелүү алдындагы “Кыргызтелекомдун” жетекчиси 100 миң сом айлык акы алат

“Кыргызтелеком” жана “Мегаком” мамлекеттик ишканаларынын жетекчилеринин айлык акысы абдан эле жогору. Депутат Акылбек Жамангуловдун парламент жыйынында билдиргенине караганда, биринчиси 100 миң сом айлык акы алса, экинчи компаниянын топ-менеджеринин бир айда тапканы 700-800 миң сомго чейин жетет.

“Кыргызтелеком” банкротко кептелүү абалында турат, а жетекчисинин айлыгына ушунча сумма сарпталат экен. Он жылдык эмгек стажы бар академиктер бизде араң дегенде 10 миң сом айлык алышат, мугалимдер болсо бир ай иштеп 7-8 миң сом табышат”, – деди депутат Акылбек Жамангулов.

 

 
Categories

Депутат: Эларалык авиакомпаниялар кыргыз жарандарына 2-сорттогудай мамиле жасашат

Авиакомпаниялар кыргызстандык жүргүнчүлөргө 2-сорттогудай мамиле жасашып, алардын каалоолорун көңүлгө алышпайт.

Бул тууралуу  депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Эларалык авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдү сыйлашпайт. Кааласаң уч, каалабасаң учпай эле кой деген мамиле жасашат. Каттам кечеңдегенде, кааласаң да, каалабасаң да күтөсүң. Мындай болбошу керек да. Транспорт жана жолдор министрлиги авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселени чечүүсү керек. Айрыкча, тил билбеген кыргызстандыктарга 2-сорттогудай мамиле кылышат. Министрлер бизнес-класс менен учкандыктан, эконом-класстагы көйгөйлөрдү билишпейт”, – деди депутат.