Categories

Кыйын күндө калган музейлер. Тарыхый мурастар жоголуу коркунучунда

Тарыхый мурастарды жоготуп алуу коркунучу күч. Буга баалуу экспонаттардын бирин-серин жоголушу, кадрдык саясат, музей тегерегиндеги мыйзамсыз курулуштар себеп болууда. Тарыхый-маданий чөйрөдөгү олуттуу көйгөйлөрдү адистер бүгүн парламентте көтөрүшүп, маселени чечүү жолдорун талкуулашты.    

Султан Жумагулов, Маданият, маалымат жана туризм министри:

-Учурда иштеп жаткан музейлердин ичинен 12синин гана атайын имараттары бар. Калгандары ылайыкташкан имараттарда жайгашкан. Бул музей ишин өнүктүрүүгө кедергисин тийгизет. Имараттардын жарымынан көбү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Өлкө аймагында жалпысы болуп алтымышка чукул музейлер бар. Алардын көпчүлүгүнүн материалдык базалык шарттары жакшы эмес. Мындай шартта кылым карытып келген баалуу эскпонаттарды сактап калуу кепилдигин эч ким бере албайт. 2015-жылдан 2020-жылга чейин тарыхый- маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө атайын концепция кабыл алынганы менен каржынын тартыштыгынан улам демилге ушул күнгө чейин аксап ишке ашпай келүүдө. Тарыхый-маданий мурастарга кирип, али изилдене элек аймактарда мыйзамсыз курулуш иштери жүрүп жатышы да актуалдуу көйгөй. Атүгүл мүрзө дөбөчөлөрдүн үстүнө турак тургузуп алгандар аз эмес. Адистер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жарандарга атайы корукка кирген жайлардан жер тилке бермей адатты токтотуусун суранышат. Өкүнүчтүүсү мыйзамсыз курулуш иштеринен сырткары кен казуу жаатында да алешемдиктер бар экен.

 Кадича Ташбаева, археолог:

– Бүгүнкү күндө тоо кендерин иштетүүдө дагы олуттуу кемчиликтер бар. Тарыхый-маданий мурастар турган жерлерде кен казуу иштери жүрүп жатат. Мисалы Кыргызстанга эле эмес бүтүндөй дүйнөгө белгилүү “Саймалуу-Таш” тарыхый эстеликтеринин жанында дагы көмүр, алтын кендери табылып, аларды казуу аракеттери болууда. Бул өз кезегинде баалуу табылгаларга кедергисин тийгизбей койбойт.

 Кадр саясатында да олуттуу өксүктөр бар. Музей тармагында бардыгы болуп 700гө чукул адис эмгектенсе, алардын арасында жаш кызматкерлерди кезиктирүү кыйын. “Аймактагы музей кызматкрелеринин маянасы 3 миң, борбордо иштегендердики аран алты миң сомду түзүп жатса, кантип жаш кызматкерлерди тартмак элек”, – деп кейишет маданият өкүлдөрү.

  Хайрулло Ибайдуллаев, «Сулайман- Тоо» музейинин директорунун орун басары:

-Бүгүнкү күндө музейде кадрлар жокко эсе. Биринчи кезекте Маданият министрлиги менен Билим берүү министрлиги чогулуп, бул маселени чечүүлөрү керек. Россиядагы Жогорку окуу жайларына реставрация боюнча музей адистерин окутуу боюнча квоталарды көбөйтүү керек. Азыр бир жылга бир-эки квота алабыз, ал боюнча кеткен жаштарыбыз окугандан кийин кайра келбей коюшат.


 Өзүмбилемдикке салып капчыгын ойлоп өз алдынча казуу иштерин жүргүзгөн археологдор дагы жок эмес. Кыргызстандан табылган канчалаган баалуу табылгалар учурда чет элдик музейлерде жана окумуштуулардын колуна өтүп кеткенин айтышат адисттер. Былтыр Коопсуздук кеңешинин жумушчу комиссиясы Маданият министрлигинде коррупциялык 26 тобокелдик бар деп, ага он жыл ичинде тарых музейинен жоголгон 503 экспонат кирээрин маалымдаган эле. Жоголгон тарыхый буюмдардын ичинде отузга чукул баалуу металлдан жасалгандары да бар. Эгер ушул ыргак менен кетсе, анда Кыргызстан 10-15 жылдан кийин көптөгөн баалуу тарыхый мурастарынан кол жууп калуу коркунучу бар.

  Орозбек Солтобаев, археолог:

 -Ысык –Көлдөгү уникалдуу балбалды канчага сатып аласынар деп короосунан таап алган адам мамлекет менен соодалашып жатат. “Бул менин короомдо турабы, демек меники, канча төлөйсүңөр?” дейт. Мурастар ээси албетте, эл. Бирок, мамлекет мунун юридикалык жагын да так чечип коюшу керек.

Сыны кетип, бузулуп бараткан табылгаларды оңдоп -түзөө да көйгөйлүү. Бул жаатта өз ишин билген мыкты адистер таңкыс. Каражаттын жана кадрлардын тартыштыгынан улам, өлкөдөгү баалуу эстелик, табылгаларды кайра калыбына келтирип, аларды инвентаризациялоо жана изилдөө иштери аксоодо. Мындан улам эл өкүлдөру Маданият министрлигинин алдында республикалык резервдик фонд түзүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Булак: NewTV

 
Categories

Бишкектин жолдорунда маршруттук автобустар жок. Айдоочулар митингде!

Бишкектин жолдорунда бүгүн эл ташыган маршруттук автобустардын карааны көрүнбөйт. Аялдамаларда, жол жээгинде кезерип автоунаа күткөндөрдүн калың катары көзгө урунат.

Маршруттук автобустардын айдоочулары иш ташташты. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү токтому, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразы болушууда.

Мындан улам жогорудагы токтом менен талапка каршылык көрсөтүү ниетинде айдоочулар дүйшөмбү күндүн таңын калаа тургандарына “сюрприз” даярдоо менен башташты. Учурда борбор калаанын тургундары бара турган жерлерине же жөө, же көп убакыт аралыгында жүрчү автобус-троллейбус менен каттоого аргасыз болушууда. Айрымдары жеке менчик такси кызматынан пайдаланышат.

Учурда 100дөн ашуун айдоочу 12-кичирайондо топтолуп, митинг өткөрүшүүдө. 

Бишкек шаардык мэриясы бул маселени бүгүн саат 4кө чейин чечүүнү убадалашты. 

Эске салсак, кечээ, 1- апрелде өкмөттүн өткөн жылдын 25-декабрында кол койгон токтому күчүнө кирген. Ал токтомдун негизинде эми жүк жана жүргүнчү ташыган айдоочулар камсыздандыруу полисин милдеттүү түрдө алышат. Аны албаган айдоочуларга 500 сом өлчөмүндөгү айып салынат жана автоунаалары атайын унаа токтотуучу жайына киргизилет. Белгилей кетсек, маршруттук автобустардын айдоочулары унаасындагы ар бир орунду камсыздандырат. Ошондо, бир жылда ар бир орунга 136 сом 6 тыйындан төлөшөт. Бул шаар жериндегилер үчүн. Ал эми шаардан айылга, шаардан башка өлкөгө жүргүнчү ташыгандар ар бир орунга 204 сомдон беришет. Кадимки маршруттук автобустар орто эсеп менен 15-20 орунга эсептелген.

Булак: NewTV

 
Categories

Казакстанда жоокер кызматташын атып салды

Талдыкоргон шаарындагы аскердик комиссариаттын имаратында жоокерлердин бири кызматташын атып салды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Казакстандын Коргоо министрлиги окуя 31-мартта Алматы облусунун коргонуу иштери боюнча департаментинде болгонун кабарлады.

Мекеменин ишембидеги расмий билдирүүсүндө бул факты боюнча тергөө иштери башталганы жазылган. Бирок анда окуянын чоо-жайы айтылган эмес.

Жергиликтүү басылмалар окуя болгондон кийин Талдыкоргон аскер комиссариатынын имараты курчоого алынып, полиция жана аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жаткандыктарын кабарлашкан.

 
Categories

Абайлаңыз! Ош базарындагы акча алмаштыруу жайларында айлакер жигиттер отурат

Акча алмаштыруучу жайлардагы алдамчылык тууралуу көп эле жолу уксаңыз керек. Амалдуу “Алдар көсөлөрдүн” тузагына илинип, акчасын азайтып алып алдангандар канча. Биздин чыгармачыл топ колубузга 100 АКШ долларын алып,Ош базарындагы “Беш Сары” соода түйүнүнөн баштап кыдырата жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын бирине баш бактык.  

Доллардын бүгүнкү курсу 68.20 деп, бизге алты миң сегиз жүз жыйырма сом берүүчү киши көз көрүнөө 220 сомго алдаганга батынды. Каратып туруп алданганыбызга ишенбей колубуздагы жалаң 200 сомдук банкноттордон турган акчаны бир эмес, үч жолу санадык. Акчабызды алмаштырып берген жигит болсо камырабайт. Туура эле бердим дегенсип, бизге ишенбей өзү санамакчы болгондо, акчабызды кайрып берүүсүн талап кылып, чыгып кеттик.

“Баары эле алдабастыр, ымандуулары деле бардыр” деп башка бир күркөгө кирээрибиз менен артыбыздан жанагы жигит байкап калганбы, бастырып келип тасмага тартып жаткан уюлдук телефонду колдон жулуп алды. Кайдан келгенибизди айтып, милиция чакырабыз деп үн катканда гана тынчтана түштү. Жолдун аркы эле бетинде жайгашкан милициянын бөлүмүнө кайрылсак, ичинде биз сыяктуу акчасын алдатып, арыз жазып жаткан келин отуруптур. Ушул эле катардагы күркөлөрдөн бир саат мурун 17 миң рублды сомго алмаштырып, беш миң сомго алданганын айтып ызаланат.

Алданган айымдын аты-жөнү Шаршембиева Айжан экен. Ал кантип алданганын мындайча айтып берди:

“Акчамды алмаштырып бергенде санасам 500 сом жетпей калды. “Эже, жерди караңызчы, жерге түшүп калбаптырбы?” – деди алмаштырган жигит. Мен жерди карап, таппадым. Ал өзү санап, 500 жетпей калганын билип, 500 сом кошуп берди. Мен ошол бойдон кайра санабай кеттим. Үйгө баргандан кийин санасам 5 миң сом жетпейт экен. Аял киши деп мени тоготушпай коебу деп, анткени, бул жерде иштегендердин баары эркектер, жолдошумду чакырып, экөөбүз келсек, тиги балдар күркөлөрүн бекитип кетип калышыптыр”.

Биз тартип сакчыларына абалды түшүндүргөнүбүзчө, беш мүнөт өтпөй, элди алдаган жанагы эки күркөнүн ээлери изин суутушуптур. Тездик менен акча алмаштыруучу жайын жаап, кайда качканы белгисиз. Шылуундардын бул сыяктуу тузагына илинип, ичи ачышкан жарандар канча. Бирок алардын баары эле арыз жазып, милицияга кайрыла беришпейт экен. Ошентсе да аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери бул ишти тыкыр көзөмөлгө алабыз деп биздин атыбыздан арыз жаздырып алышты.

Өмүрбек Сейдакматов, аймактык тартип сакчысы:

-Акча алмаштыруу жайларын биз текшерүүгө ала албайбыз. Текшерүүнү Улуттук банк жүргүзөт. Биз эгер алданган жарандар арыз жазышса, ошол арыздын негизинде иликтөө жүргүзө алабыз.

Мындай акча алмаштыруучу жайлар калаада миңдеп саналат. Бирок алардын 300дөйүнүн гана уруксат кагаздары болбосо, калганын мыйзамдуу иштеп жатат деп айтуу кыйын. Алдамчылык боюнча акыркы үч ай ичинде көп эле фактылар катталганы менен, шаардык ички иштер Башкармалыгы так ошол акча алмаштыруу жайындагы көз боемочулуктар боюнча жыл башынан бери бир дагы иш каттала электинин айтып тан калтырды.  

Мира Абдылдаева, Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы:

-Ушул жылдын январь айынан бери көздөй үч айдын ичинде көз боемочулук боюнча фактылар катталган. Бирок, алардын арасында акча алмаштыруу жайларынан алданган жарандардын кайрылуулары жок.

Ал эми Ош базарындагы катталган бүгүнкү окуя көз жаздымда калбайт. Биздин чыгармачыл топ иликтөөнүн жүрүшү боюнча маалымат берип турат. Анткени, бүгүн күркөсүн жаап, изин суутуп үлгүргөн амалкөй жигиттер эртең болбосо бүрсүгүнү жумуш ордуна кайтып келеттир.


Булак: NewTV

 
Categories

Бишкекте уулангандардын саны 75ке жетти

Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында тоок этине уулангандардын саны 75ке жетти. Бул тууралуу республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бейтапканага кайрылгандар улам көбөйүп жатат.

– Учурда ооруканага кайрылгандардын саны 75ке жетти. Алардын 11и балдар. 22си өзүн жакшы сезип үйүнө кетти. Учурда 53 адам ооруканада. Алардын ичинен 63 жаштагы кишинин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал тойго катышкан эмес, бирок үйгө барган устуканды жеген, – деди Аалиев.

31-мартта борбор калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарындан келген 190 адам катышкан үйлөнүү той өтүп, андан 38 адам ууланганы кабарланган.

Ресторандын ээлери “текшерүү бүткөнчө түшүндүрмө берилбейт” деп билдиришти. Учурда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тамак калдыктарынан анализ чогултуп, ресторанды текшерип жатат. Борбордун башкы дарыгери Артур Буюклянов баштапкы маалымат боюнча ууланууга тоок эти себеп болгонун, так жыйынтык 4-апрелде чыгаарын билдирди.

Коомдук тамактануучу жайлардан адамдар ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган.

 
Categories

ФОТО- Ата Мекенди даңазалаган ырлардын “Жоокер ыры” сынагы болуп өттү

КР коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитет менен Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги биргелелешип өткөргөн “Жоокер ыры” сынагы болуп өттү. Сынакта Ата Мекенди даңазалаган ырлар аткарылды. Ага орто жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары катышышты.

Сынакта үч номинация боюнча орундар аныкталды:

-“аскер жылдарындагы ырлар”;

-“патриоттуулукту чагылдырган ырлар” мамлекеттик тилде;

-“көркөм окуу” мамлекеттик тилде;

Райондук аскер комиссариаттары райондук билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте 1-марттан 9-мартка чейин сынактын райондук деңгээлдеги баштапкы этабын өткөрүшкөн.

Облустардагы тандоо этабы 12-марттан 19-мартка чейин болуп, ага катышкандардын арасынан республикалык сынакка катышуучулар тандалып алынган.

Финалдык этапка өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан орто билим берүү мекемелеринин 8 командасы катышты.

Калыстар тобунун төрагасы КР Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Улуттук консерваториясынын окутуучусу Улукмырза Полотов болду.

 Калыстар тобунун добушу менен “Аскер жылдарындагы ырлар” боюнча 1-орунга Ош облусунан келген Абдиламитова Мээрим, 2-орунга Чүй облусунан Бектенов Ильяс, 3- орунга Ысык-Көл облусунан Алымсеитова Азамат ээ болду.

“Ата Мекенди даңазалаган ырлар” боюнча 1-орун Байышов Аскатка, 2-орун Басалькор Евгенийге, 3-орун Алымсеитов Азаматка тийди.

 Ал эми “Көркөм окууда” 1-орунга Азаматова Гүлназ, 2-орунга Дуулатбек кызы Мираида, 3-орунга Раимкулова Мадина татыктуу болушту.

Жеңүүчүлөргө грамота, баалуу белектер, дипломдоп жана эсте калчу белектер тапшырылды.

 Булак: NewTV

 
Categories

ФОТО – Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол  боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен  жолугушту.  

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Мамлекет башчысы команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия
кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн  ыраазычылык билдирди. 

«Бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Сиздер эң мыкты сапаттарыңарды
көрсөттүңөр. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор  экенин билебиз жана сиздерге дайыма күйөрман болдук. Кыргызстан курама  командасы акыркы мезгилде ушундай жакшы оюнду бекеринен көрсөтпөгөнүн бүт  дүйнөгө далилдедиңер. Бул татаал болду, бирок сиздер өзүңөрдүн эң мыкты  сапаттарыңарды көрсөттүңөр», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.  

Президент футболисттер дагы, аларды маанилүү оюндарга даярдаган
машыктыруучулары, спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин  белгиледи. 

Ал тарбиялануучуларына бүт жан-дилин, билимин, эмгегин жана тажрыйбасын
жумшаган башкы машыктыруучу Александр Крестининдин өзгөчө салымын белгиледи. 

«Сиздер дүйнөнүн эң мыкты жүз командалардын катарына киргениңерге
кубанычтабыз, биздин континенттин 47 командасынын ичинен сиздер  12-орундасыңар. Бул дагы кыска аралыктагы абдан чоң жетишкендик», – деп  белгиледи Мамлекет башчысы. 

«Сиздердей болгон спортчуларыбыз көбүрөөк болсун. 2019-жылы да Азия
чемпионатында татыктуу оюн көрсөтүп, байгелүү орунду ээлейсиңер деп ишенем. 330 миң калкы бар Исландия командасы Англияны утканы баарыбыздын эсибизде.  Баарыбызга ушундай ийгилик каалайм. Кыргызстандыктар сиздерден жаңы  жеңиштерди күтүшөт!», – деп келип Сооронбай Жээнбеков спортчуларга  ийгиликтерди каалады. 

Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго
сертификат тапшырды жана мамлекет спортчуларды ар дайым колдойт деп  ишендирди.  

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу
Александр Крестинин, Кыргызстан Футбол федерациясынын президенти Семетей  Султанов, Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков  жаңы ийгиликтерге жетишүү менен Кыргызстанда футбол дагы бийик деңгээлге  көтөрүлүп, спортчуларга карата талап да кыйла катуу боло баштаганын  белгилешти. Ошондуктан эми улуттук курама команда мамлекеттин колдоосуна  муктаж.  

Команданын оюнчулары болочоктогу маанилүү таймаштарда сөзсүз жакшы
натыйжаларга жетишебиз деп Президентти ишендиришти жана ага символикалуу  түрдө футбол тобун жана Футбол федерациясынын символдору тартылган сүрөттү  тартуулашты. 

Жогулушуунун соңунда катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү. 

Булак: NewTV