Categories

Москвада кыргыз жигит мекендешин зордуктаганы үчүн кармалды

2018-жылдын 24-апрелинде  Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы   Өкүлчүлүгүнө  Ош облусунун  1989-жылы туулган  тургуну кайрылып, бейтааныш адамдын кордоосуна кабылганын билдирген. Шектүү адам бычак менен коркутуп, аял кишинин алсыздыгынан пайдаланып, зордуктап салган. 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн аракети менен мекендештин арызы Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык бөлүмдөрүнүн биринде катталган. Полициянын аймактык бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө эки күндүн ичинде шектүү адамдын өздүгү такталган. Ал, Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун 1991-жылы туулган Ж.Б. аттуу жашоочусу болуп чыккан. Көрүлгөн чаралардын негизинде Ж.Б. аттуу жаран кармалып, полициянын аймактык бөлүмүнө жеткирилген.

Азыркы учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NewTV

 
Categories

Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарга реакция кылат

Президент Сооронбай Жээнбековдун ММКларга чыккан маалыматтарга реакция кылаарын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. 

“ЖМК өкүлдөрүнүн бийлик менен иштешкени жакшы. Бирок, журналисттер сөздүн касиетин кетирип алышты. Алар кайсы бир маалыматты берээрден мурун биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун ойлоп, жоопкерчиликтүү болуулары керек”, – деген Стамалиева. 

Ошондой эле бөлүм башчысы Жээнбеков журналист Кабай Карабеков жана   “24.kg” маалымат агенттигине каршы жазган доо арызын кайтарып алганында эч кандай пиар жоктугун белгилеген. 

 Булак: NewTV

 
Categories

Бишкектеги айрым үйлөргө газ берүү убактылуу токтотулат

“Газпром Кыргызстан”  ишканасынын маалыматына караганда, Бишкектеги айрым үйлөргө 3-4-майда жаратылыш газы берилбейт. 

Оңдоо иштерине байланыштуу   “Чыгыш-5” кичи районунда, Чүй проспектисиндеги 105, 107, 111, 111а, 113, 115а үйлөрү аталган күндөрү жаратылыш газынан пайдалана алышпайт. 

Булак: NewTV

 

 
Categories

Жогорку Кеӊештин баардык фракциялары өлкө аймагындагы тургундар менен жолугушууларды өткөрөт

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык, парламенттин депутаттары 2-4-май аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Шайлоочулар менен иш алпаруу алкагында, ушу тапта баардык парламенттик фракциялардын өкүлдөрү аргандай иш-чараларга катышууда.

Бул тууралуу парламенттен билдиришти. 

Ошону менен бирге, депутат Улугбек Ормонов (“Бир Бол” фракциясы) 30-апрелде Өзгөн районунун, Аида Исамаилова (“Республика – Ата Журт фракциясы) 2-4-майда, Ысык-Көл районунун, Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясы) 3-4-майда Ноокат районунун, Аида Касымалиева (КСДП фракциясы) 3-майда Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү деӊгээлдеги көйгөйлөр, аларды жергиликтүү бийлик органдары менен биргелешип чечүү жолдору жаатында пикир алышмакчы.

Булак: NewTV

 
Categories

Матраимовдун Сапар Исаковго жазган доо арызы 2 -майда каралат

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковдун үстүнөн жазылган доо арызын Биринчи май райондук соту 2-майда карайт. 

Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. 

Эске салсак, Матраимов Исаковду мыйзамсыз кызматтан алуу боюнча сотко берген. 

Булак: NewTV

 

 
Categories

Бакир Таиров – Финполдун жаңы башчысы

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын башчылыгына Бакир Таиров келди. 

Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. 

Маалыматка караганда, премьер-министрдин жарлыгы менен аталган кызматтын жетекчилигине Таиров Бакир Дуулатович дайындалды. 

Эске салсак, аталган кызматты буга дейре кыска убакыт Болот Сүйүмбаев жетектеген. 


Булак: NewTV

 

 
Categories

Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Бүгүн, 30-апрелде Кыргызстанда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 

Күндүн узактыгы 14 саат 2 мүнөттү түзөт. 

Бишкекте абанын температурасы түнү +13, күндүз +32ни түзөт. 

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнү +10, күндүз +32. 

Нарында түнү  +7, күндүз +28. 

Ысык-Көлдө түнү +8, күндүз +28. 

Талас облусунда түнү +10, күндүз +30 градус жылуу болот. 

Булак: NewTV

 
Categories

Түркмөнстанда аялдар үчүн жаңы дресс-код киргизилүүдө

Түркмөнстан бийлиги аялдардын кийимдерине жаңы талаптарды киргизди. «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, биринчи кезекте бул талаптар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен жогорку окуу жайлардын студенттерине тийиштүү болот.

Маалыматка караганда, мындан ары аялдардын кийимдери узун болуп, алардын колдору менен согончогу гана көрүнгөндөй кийинүүсүнгө уруксат берилет. Мурдараак «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы Дашөгүз шаарындагы Айыл чарба институтунун мугалимдери улуттук кийимдер менен катар эле «балак» деп аталган салттуу шымдарды дагы кийүүгө милдеттендирилгенин кабарлаган. 

Басылманын маалыматына караганда, 19-20-апрель күндөрү Дашөгүздө жана район борборлорунда акимдердин билим берүү, маданият боюнча орун басарлары менен окуу жайлардын жана бала бакча жетекчилеринин катышуусунда чогулуштар өткөн. Анда аларга жаңы талаптар тууралуу маалыматтар берилген. 

«Аткаминерлер түркмөндөрдүн тарыхый жана маданий салттарын билүү зарылдыгын белгилешип, мугалимдер менен тарбиячылардын кийими жана сырткы көрүнүшү тууралуу сөз кылышты. Эркектер жумушка каралжын түстөгү костюм, ак көйнөк жана галстукчан келүүгө милдеттүү экени айтылды. Аялдар үчүн талаптар көп экен: «Янлы» деп аталган эски ыкма менен бычылган кызыл ашыкка чейин жетчү көйнөк, сары оймо-чиймелүү кара жоолуктар жана «балака» деп аталган оймолуу шымдар. Андан тышкары аялдарга тырмак, кирпик өстүрүүгө жана чачтарын ачык түстөргө боёого тыюу салынды», — деп жазган «Түрмөнстан хроникасы».

 
Categories

Ташкент-Душанбе-Ташкент аба каттамы үзгүлтүккө учурабайт

Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги «Өзбекстан аба жолдорунун» катында көрсөтүлгөн фактыларды текшере баштады.

Өткөн аптада өзбек авиакомпаниясы Душанбе аэропортунда кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынчу сумма жогору болгондуктан, Ташкент-Душанбе-Ташкент багыты боюнча аткарылган ар бир каттам сайын чыгашага учурап жаткандыктарын билдиришкен. Душанбе эл аралык аэропортунун өкүлдөрү өзбек тараптын бул билдирүүсүн негизсиз деп атап, Өзбекстан авиакомпанияларына эң чоң арзандатуулар берилгенин билдиришти. 

27-апрелде Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин төрага орун басары ​Азиз Набизода учурда «Өзбекстан аба жолдорунун» катындагы фактылар текшерилип жатканын билдирди. Ал бул боюнча авиакомпания өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болгонун жана Ташкент менен Душанбенин ортосундагы аба каттамы үзгүлтүккө учурабай турганын белгиледи. 

«Өзбекстан аба жолдорунун» Тажикстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Душанбе аэропортунун жетекчилигине кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынчу сумманы төмөндөтүү өтүнүчү жазылган кат жолдонгон. Бирок бул боюнча терс жооп болгон күндө дагы каттамдар улантыла берет. 

Душанбе эл аралык аэропортунун өкүлдөрүнүн айтымында, кызмат үчүн алынчу сумма өлкөнүн Антимонополия кызматы тарабынан белгиленет жана алар белгилүү бир авиакомпания үчүн бааларды өз алдынча арзандата алышпайт. 

«Өзбекстан аба жолдору» Тажикстан борборуна А320 учактары менен жумасына бир жолу учуп турат.

 
Categories

Назарбаевдин күйөө баласына Балтикадан порт сатып алууга уруксат берилди

Экономиканын стратегиялык тармактарына чет өлкөдөн инвестиция тартуу боюнча Орусиянын өкмөттүк комиссиясы Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, ишкер Тимур Кулибаевге орусиялык акционерлерден Балтика деңизиндеги Высоцк портун сатып алууга уруксат берди.

Бул тууралуу 28-апрелде Орусиянын Федералдык антимонополия кызматынын башчысы Игорь Артемьев билдирди. 

Азырынча Кулибаевдин орус-финн чек арасынан 50 жана Петербургдан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан Высоцк портун канчага сатып алгандыгы белгисиз. 

Маалыматка караганда, Высоцк портунда көмүр жана мунай, ошондой эле суюлтулган жаратылыш газын өндүрүү жана жүктөө терминалдары бар. Көмүр терминалына чейин автоунаа жана темир жол салынган. 

Америкалык Forbes журналы Тимур Кулибаев менен анын жубайы, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаеванын жалпы байлыгын 6,4 миллиард долларга баалаган. 

Кулибаевдер «АЛМЭКС» компаниясы аркылуу Казакстандын Элдик банкын көзөмөлдөшөт. Былтыр аны активдеринин өлчөмү боюнча өлкөдөгү эң ири банк эсептелген Казкоммерцбанк сатып алган. Тимур Кулибаев Казакстан ишкерлеринин «Атамекен» улуттук палатасынын төрагасы, Казакстандын мунайгаз ишканалары менен KAZENERGY энергетикалык комплексинин биримдигинин жана Улуттук олимпиада комитетинин башчысы. Андан тышкары Казакстандын бокс федерациясын, Спорттун күрөш жана күч пайдаланылуучу түрлөрү конфедерациясын жетектейт. Орусиянын «Газпром» компаниясынын директорлор кеңешинин курамына кирген. Жубайы Динара Кулибаева атасы Нурсултан Назарбаев атындагы билим берүү фондун башкарат.