Categories

Бишкектин майрамынан кийин борбордук аянттан 6 тонна таштанды тазаланды

Борбор калаанын 140 жылдык мааракесине  арналган майрамдан  кийин борбордук аянттан 6 тонна таштанды тазаланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, “Тазалык” ишканасынын 67  кызматкери аянтты тазалап, 11 даана техника тартылган. 

Майрамга чейин Ала-Тоо аянтына  20 чоң желим таштанды чакалары жана  10 металл евроконтейнерлер орнотулган. 

Булак: NewTV

 
Categories

Датка – Кемин долбоору да текшерилеби?…

ТЭЦтеги коррупциялык иш аракеттер улам тереңдеп, премьер – министрди суракка алууга чейин жетти. Мындан улам өткөн алты жыл ичинде ишке ашырылган ири долбоорлорду текшерүү демилгеси ЖКнын айрым депутаттары жана коомчулук тарабына көтөрүлө баштады.  

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун айтымында, «Датка-Кемин» подстанциясына жалпы 600 млн. доллар акча сарпталган. Ага кеткен жолдогу 10 км аба чубалгысынын бир километри 864 миң доллардан айланган.

Ошондуктан депутат бул маселе терең иликтенип чыгышы керек деген пикирде. Анүчүн депутаттык комиссия түзүүнү да демилгелеп жатат. Буга кошумча, эл өкүлү Бишкек ЖЭБ сыяктуу ири долбоорлордун ишин эл аралык аудиттик компанияларга берүү зарыл экенин айтты.

Балыкчы – Жалал Абад авто унаалар жүрүүчү жолуна кеткен каражаттар тууралуу да ушундай эле кумөн саноолор арбын.

Эске салсак: экс президент А. Атамбаевдин учурунда Датка Кемин электр көмөкчү чордону, ТЭЦти реконструкциялоо, Балыкчы – Жалал Абад авто жолунун курулушу кытайдын ири инвестициялык долбоорлорунун эсебинен каржыланып келет.

Булак: NewTV

 
Categories

Кабулдагы кош жардыруудан 20дан ашык киши мерт болду

30-апрелде Кабулдун борборундагы кош жардыруудан кеминде 21 киши мерт болуп, дагы 30у жараат алды. Экинчи жардыруудан окуя болгон жерге барган Эркин Европа/Азаттык радиосунун журналисти дагы каза болду.

Маалыматка караганда, жанкечти алгач мотоцикл менен Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын жанында өзүн жардырып жиберген. 

Экинчи жардыруу ошол эле райондо жайгашкан Шаардык өнүктүрүү министрлигинин имаратынын жанында 20 мүнөттөн кийин болгон. Жардыруучу затты өзүн журналистмин деп тааныштырган адам кызматкерлер имаратка кирип жаткан маалда аракетке келтирген. 

Расмий маалыматтарга ылайык, эки жардыруудан жалпысынан 21 киши мерт болду. Алардын арасында Эркин Европа/Азаттык радиосунун ооган кызматынын журналисти бар. Радионун дагы бир кызматкери жараат алган. 

Өткөн жумада Кабулда шайлоочуларды каттоо борборундагы жардыруудан 60 киши мерт болуп, 120сы жаракат алган. 

 
Categories

Өзбекстанда темир-тезек үчүн деп дарыгерлердин бир күндүк айлыгын кармап калышты

Өзбекстандын Шурчин районунда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун кызматкерлеринин бир күндүк айлыгын темир-тезек үчүн деп кармап калышты.

Аталган борбордо иштеген дарыгерлердин бири мекеме жетекчилиги бардык кызматкерлерди бир күндүк айлыктарын темир-тезек үчүн берүүгө макул экендиктери тууралуу документке кол коюуга мажбурлаганын айтты. 

– Борбордун дээрлик 80 пайыз кызматкерин 30-50 миң сумду (4 долларга жакын) түзгөн бир күндүк айлыктарын берүүгө мажбурлашты. Кызматкерлердин бардыгы тең буга макул экендиктери тууралуу документке кол коюп беришти. Борбордун директору бул акимчиликтин тапшырмасы экенин жана биз ага баш ийишибиз керектигин айтты. Президент быйылтан тарта темир-тезек чогултууга мугалимдер менен дарыгерлерди тартууга тыюу салган, бирок жергиликтүү бийлик өзү билгендей кылып жатат. Эмнеге жер-жерлердеги бийликтер президенттин токтомун аткарбай жатышат? – деди ал. 

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген борбордун дагы бир кызматкери өткөн жылы декабрда анын кесиптештерин мамлекеттик гезиттер менен журналдарга жазылууга мажбурлап, мартта кагаз үчүн акча талап кылышканын билдирди. 

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун жетекчилиги кызматкерлердин бир күндүк айлыгын темир-тезек үчүн которууну аларга район акимчилиги тапшырганын билдирди. Бирок Шурчин районунун акиминин орун басары Ахлиддин Холматов бул маалыматты четке какты. 

– Жок, эч ким аларга андай тапшырма берген эмес. Кээ бирде биз аларга темир-тезек чогулткула деп өтүнүшүбүз мүмкүн, бирок эч качан бул максатта дарыгерлердин бир күндүк айлыгын кармап калгыла деген көрсөтмө бербейбиз. Менимче, мында кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болгон өңдүү. Биз бала бакча, мектеп жана медициналык мекемелердин кызматкерлерине эч качан мындай тапшырма берген эмеспиз, – деди ал. 

 
Categories

Эрдоган: Менин Бухарадагы сапарым чоң мааниге ээ

30-апрелде Ташкентте Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын расмий жолугушуу салтанаты өттү.

Учурда «Куксарой» резиденциясында эки президенттин тар чөйрөдөгү жолугушуусу өтүүдө. 

«Негизги көңүл соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкка бурулууда. Өзбекстан жана Түркия элдери бул сүйлөшүүлөрдөн чоң натыйжаларды күтүүдө», – деп билдирди өзбек президентинин маалымат кызматы. 

Өзбекстан президенти менен жолугушуудан кийин Режеп Тайип Эрдоган өзбек парламентинде сөз сүйлөп, андан соң Шавкат Мирзиёев менен бирге түрк-өзбек ишкерлеринин форумуна катышат. 1-майда Эрдоган Бухарага барат. 

Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келерде Режеп Тайип Эрдоган журналисттерге маек берип, Бухарадагы сапардын маанилүүлүгүн белгилеген. 

«Бухарадагы сапарым маанилүү. Түркия Өзбекстанда имам Аль-Бухари менен имам Матуриди атындагы илимий-изилдөө институттарын ачууну пландоодо. Бул боюнча келишим бар. Сапар учурунда биз ушул маселелердин баарын карап чыгабыз», – деген Эрдоган. 

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганды жубайы менен жекшембинин кечинде Ташкент аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алган. 

 
Categories

Жыл башынан бери беш жолу “бомба коюлду” деген жалган маалымат түштү

Жыл башынан бери “бомба коюлду” деп телефондон жалган маалымат берген беш окуя катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” кабарлады.

Бомбага байланыштуу соңку окуя 29-апрелде катталды. “Бишкек 2” темир жол бекетине бомба коюлганы тууралуу кабар милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. УКМКнын адистери текшергенден кийин жарылуучу зат табылган эмес. Андан мурда 27-апрелде белгисиз адам “Бишкек Парк” соода борборунун кабылдамасына телефон чалып, “жардыргыч зат орнотулганын” айткан. Кийин бул жалган маалымат болуп чыккан. 26-апрелде Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине “бомба коюлганы” кабарланып, бирок тастыкталган эмес. Ага чейин бир канча жолу ушундай факт болуп, айрым “телефон террорчулары” кармалганы айтылган. 

Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине (“Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо”) ылайык, мындай маалымат берген адам айыппул төлөп, кара жумушка тартылат же үч жылга чейин камалышы мүмкүн. 

 
Categories

Сузак районундагы чукул кырдаал режими алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Сузак районунда чукул кырдаал режими алынды. 

Маалыматка караганда, аталган аймакка  көчкү түшкөндөн кийин Көк-Арт дарыясындагы суу бөгөлүп, анын жыйынтыгында 450 куб метр суу топтолгон. Ошондуктан учурда суунун агымы секундасына 20 куб метрди түзүүдө. 

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн   5 кишиден турган ыкчам топ иш алып барууда. 

Булак: NewTV

 
Categories

Мааракең кут болсун, Бишкек!

Баш калаанын 140 жылдыгына арналган салтанаттык мааракелер кечээ күнү таң эрте тарта шаардын туш тарабындагы сейил бактарда ар кандай маайрамдык иш чаралар менен коштолду. Ар бир райондогу таланттуу жаштар мааракелик салтанатты куттуктап, ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн тартуулашты. Борборду барктап, даңктап, Бишкек жөнүндөгү ырлар ар бир иш чарада жаңырып, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулады.   

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өз сөзүндө чоң аталарынан бери Бишкектин туруктуу жашоочулары экенин, эми балдары да борбордо туулуп, өсүп жатканына сыймыктанаарын белгиледи. 

“Бишкек шаары мен үчүн өзгөчө калаа”, – деди мэр.  

Булак: NewTV

 
Categories

Бишкектеги мыкты мектеп-гимназия

Бишкектеги «Жал» кичи районунундагы №95 кытай тилин үйрөткөн гимназия-мектепте калаанын 140 жылдыгына карата иш-чара өтүп, окуучулар ата-энелер менен келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты.  

 Мектеп директору Анара Акбашаеванын айтымында, учурда мектепте 50дөн ашык мугалим иштейт. Алар атайын сынактын негизинде тандалды. Мектепте мугалимдердин тартыштыгы жок. Мектеп заман талабына шайкеш салынган. Ар бир класска интернет киргизилген. Кытай тилин, маданиятын үйрөтүү боюнча кабинет иштейт. Кытай тилин кытай улутундагы мугалимдер үйрөтөт.

 Анара Акбашаева, №95 мектептин директору

– Бүгүн биздин мектепте өтүп жаткан иш чара Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата болду. Атайын Билим берүү министрлигинен конокторду чакырганбыз. Мектепте кытай тилин гана окутпастан маданиятын кошуп үйрөтөбүз. Концерттик программаны ата-энелер дагы көргөнү келишкен.

 Булак: NewTV

 
Categories

Согуш ардагерлерине мамлекеттен 15 миң сом берилет

9-май Жеңиш күнүнүн урматына Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине мамлекеттен 15 миң сом берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева “Марал” радиосундагы маегинде айтты. 

 Анда белгиленгендей, президенттик фонддон Сооронбай Жээнбеков ардагерлерге арнап кошумча 7 миң сомдон каражат бөлдү. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик да ардагерлерге акчалай жардам беришет. 

 Кыргызстанда 475 согуш ардагери бар. 

Булак: NewTV