Categories

Көк-бөрү: “Ынтымак” кайрадан жеңүүчү аталды

Бир жумадан бери өтүп жаткан көк бөрү боюнча беттеш жыйынтыкталды. Нооруз майрамына белгиленген финалдык таймашта 2:1 эсеби менен “Ынтымак” тайпасынын көк бөрүчүлөрү жеңүүчү аталды.

 
Categories

Атамбаев: Сооронбай Жээнбеков менен мамилебиз мурункудай жакшы

КСДПнын курултайы башталды. Журналисттерге экс-президент Алмазбек Атамбаев чыкты. 

Журналисттерди адегенде эле шайлоодон кийин Атамбаев- Жээнбеков мамилесинде өзгөрүү болгон- болбогонун билүү кызыктырды. 

Атамбаевдин айтымында,  президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилелери мурункудай эле жакшы бойдон. 

Ошондой эле экс-президентке коомчулукта көптөн бери айтылып жүргөн: “Атамбаев өкмөт башчылыгына келет” деген кабардын чын-бышыгын билүү максатында суроо берилди. “Бүгүнкү өкмөттүн ишмердүүлүгү көңүлүмө жагат, баары жаш болсо да, жасаган иштери бар. Менин максатым КСДП партиясын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдоо”, – деп жооп берди Атамбаев. 

 Булак: NewTV

 
Categories

Аламүдүн районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 7-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Башкара-Суу айылынын 51 жаштагы Б.Э. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 6-январдан 7-январга караган түнү белгисиз адамдар анын сарайынын эшигин сындырып киришип, ичинен ири мүйүздүү бодо малын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 37 жаштагы О.Р. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

 
Categories

«Он сегиз жаш» аттуу ырдын автору Кемел Бакашов каза тапты

Кемел Бакашов 1936-жылдын 24-июлунда Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң Караколдогу педагогикалык университетке тапшырган. 

Өмүрүнүн аягына чейин Ыбырай Туманов атындагы музыкалык мектепте мугалим болуп иштеген. 

“Ата Журт жана махабат”, “Он сегиз жаш”, “Күү залкары Ыбырай Туман уулу”, “Өмүр изи” аттуу китептерди чыгарган. 

Анын ырлары орус жана якут тилдерине которулган. 

 

 
Categories

Сокулук районунда оор кылмыштын бети ачылды

Буга чейин Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунда болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылып, анын өздүгүн тактоо максатында өзгөчө белгилери көрсөтүлүп, баардык жалпыга маалымдоо каражаттарына таркатылган.

Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Аталган жаңы конуштагы жер тилкелердин биринде курулуш иштерине деп төгүлгөн таштардын арасынан адамдын жансыз денесин көрүшүп, милицияга жергиликтүү жашоочулары кабарлашкан.

2018-жылдын 24-март күнү болжол менен саат 14:45 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Ак-Ордо жаңы конушунда аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча Сокулук районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан.

Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда, анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталып, табылган жансыз денеге зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Бул окуя боюнча Сокулук РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Алгач жансыз дененин өздүгүн тактоо үчүн багыттамалар жалпыга маалымдоо каражаттарына берилип, ыкчам издөө иш-чаралар улантылган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында маркумдун өздүгү такталып, ал Талас облусунда туулуп өскөн 26 жаштагы Н.А. аттуу жаран экендиги такталган. Анын жакындары, байланыштарынын үстүнөн тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, натыйжада шектүү катары Бишкек шаарынын жаны конуштарынын биринде жашаган 25 жаштагы Т.Б. кармалып, Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Териштирүү учурунда бул окуя 2017-жылдын декабрь айында каза болгон кыз менен кылмышка шектүү жарандын ортосунда пикир келишпестиктен чыгып, кылмышты жашыруу максатында шаардын четиндеги жаңы конушка түнкүсүн алып барып, таш менен үстүн жаап салганы маалым болгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV

 
Categories

“Айыл лагери” балдарга эмне берет?

Интернет, заманбап гаджеттерден алыстап балдар он күн бою айылда чүкө атып, кыздар уй саап курут тоголоктошот. Жети жаштан 17 жашка чейинки балдарды топтоп, демилгечилер учурда айыл лагеринин камын кызуу көрүшүүдө.