Бишкекте 18-январдан тарта айрым мектептер кадимки режимде иштей баштайт. Ал эми 20-январда бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаада эпидкырдаал турукташып калды. Буга байланыштуу билим берүү мекемелеринин ишин жандантуу чечими кабыл алынды. Бишкектин башкы санитардык дарыгери окуу процессин этап-этабы менен жандантууну колдогон. «18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык түрдө отургузулуп эки сменге бөлүнүшөт. Мындай форматта 1-февралга чейин окушат. Ал эми эпидемиологдор кырдаалга көз салышат», – дешти мэриядан. Эгер көрсөткүчтөр туруктуу болсо, мектепке бардык окуучулар бара баштайт. Ал эми ар кандай себептерден улам офлайн сабакка катыша албаган балдарды онлайн окутуу маселеси каралат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.