Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан ОШ шаарында  А.А.Бнын башкаруусундагы “DAF 105” үлгүсүндөгү таранспорт  текшерилген. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 2 892 720 сомдук кургатылган өрүк, мейиз, компот аралаштырмасы, тазаланган жаңгак жана өрүктүн данектери табылган.

Айдоочу ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Бул учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.