Мөөнөтүнөн мурун, башкача айтканда, 9-январь күнү Кыргызстанда 18 575 адам добуш берген. Бул тууралуу вице-премьер, шайлоо боюнча штабдын төрагасы Максат Мамытканов билдирди. Анын айтымында, убагынан эрте добуш берүүнү өтүнүп БШКга 21 440 адам арыз менен кайрылган. Булар биринчи кезекте стационардык дарылануудагы шайлоочулар. 10-январь саат 08.00гө карата 18 575 киши, тагыраагы, арыз бергендердин 86,6 пайызы добуш берди. Ал эми шартка байланыштуу добуш бере албай калгандар бүгүн өз укугунан пайдалана алат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.