Свердлов РИИБге жергиликтүү тургундан ири өлчөмдөгү акча каражаты уурдалгандыгы боюнча арыз келип түшкөн. Анда 30 апрелден 1-майга караган түнү белгисиз адам үйүнө кирип “Айфон” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 100 миң сом жана 500 АКШ долларын уурдап кеткендигин билдирген.

ИИМдин билдиргенине караганда, бул факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон 2001-жылы туулган А.Р. аттуу жаранды кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ушул сыяктуу дагы 4 кылмышка тиешеси бар экендигин аныкталган.

Азыркы учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз