Өлкөбүздүн шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2019-жылдын 16-март күнү жалпы республикалык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.

Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.