Бактылуу эне болууну ар бир аялзаты кыялданат эмеспи, 39 жаштагы аял 14 жыл күтүп эне болуу бактысына жетти. Кубанычы койнуна батпай сүйүнүп  турган айымга 27 жашында тукумсуздук менен жабыркаарын ак халатчандар аныктаган. Бирок ал дарыгерлердин суук кабарына карабай узак күрөштү башынан өткөрүп, вейцария жана Испаниянын ири репродуктивдик клиникаларында даарыланган. Бирок 14 жыл жыйынтык болгон эмес. Ага карабастан бала жытын жыттоону каалаган айымды кыргызстандык медиктер эне болуу бактысына жеткирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.