Бишкектеги «Ак Сарай» ресторанында 14-ноябрь күнү 18:00дө «Мисс Кыргызстан 2018»  сулуулук сынагы өтөт. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Карина Джаныбекова маалымдады.

Мындай жөрөлгө Кыргызстанда алгачык ирет  жана  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана эл-аралык «Miss World»  сынагынын уюштуруучуларынын колдоосунда өткөрүлмөкчү.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, сынак ачык-айкын өтөт, бааны көз-карандысыз калыстар тобу коет. Уюштуруу тобу КРнын Маданият маалымат жана туризм министринин буйругунун негизинде түзүлгөн.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз