Чымкенттин Курсай кичи районунда 13 жаштагы өспүрүм өрттөнүп жаткан үйдөн эки кичинекей баланы аман алып чыккан. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, ишемби күнү кечинде жеке үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Ал маалда үйдө үч бала болгон. Өрт башталганда алардын улуусу жардам сурап көчөгө чыккан. Коңшу жашаган 13 жаштагы өспүрүм өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин беш жана үч жаштагы эки баланы сыртка чыгарууга жетишкен.

Өрттүн жыйынтыгында 60 чарчы метрлик үй толугу менен күйүп кеткен. Учурда анда куткарылган балдардын абалдары канааттандыраарлык.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.