Казакстандын Чымкент шаарында 12 жыл наристе күткөн аял 3 эм төрөдү. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыкты.

Аида Баянболова аттуу 33 жаштагы аял жасалма уруктандыруу (ЭКО) жолу менен үч эмди жарыкка алып келди.  Ымыркайлар 21 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, торолуп калган соң үйүнө чыгарылган. Алардын үчөөсү тең кыз.

Наристелерге ата-энеси Айзия, Айзере, Алуа деген ысымдарды ыйгарышкан. Учурда алардын абалы жакшы.

12 жыл зарыгып күттүргөн кыздарды жакындары эл көзүнөн оолак туталы дешип, эч кайда сүйүнчүлөбөгөн.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.