Кантта жоголгон 12 жаштагы баланы табууга жардам берген кызга Чүй облустук ички иштер башкармалыгы белек жана ардак грамота тапшырды. Бул туурасында Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-класстын окуучусу Малика Усманова Данил Браилкинди уурдалгандыгы боюнча милицияга кабар берген.

Эске салсак, 12-апрель күнү Кант шаарында 12 жаштагы окуучу баланы жолдон белгисиз жарандар уурдап кеткен. Тартип сакчылары дал ошол күнү кылмышкерлерди кармап, баланы ата-энесине тапшырган. Колго түшкөн эки адамдын үстүнөн иш козголуп, камакка алынды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз