Экс-вице-премьер-министр, азыркы Кыргыз Республикасынын элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Токон Мамытов менен Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун ортосундагы чыр эмнеден чыгаар экен дешип кулак түргөн эле эл. Депутат Бахадыр Сулейманов Токон Маматов алган айлыктар тууралуу айтып алып, чындап эми балээге кабыла тургансып калды.

Т. Мамытов канткен күндө да генералдык тактык менен жүргөн киши эмеспи. Бахадыр Сулеймановдун Казак атуулу экендигин ырастаган документтер “менде бар” – деди. Анан дагы ЖК сыяктуу мамлекеттик сыр бар, жогорку бийлик бутагына чет мамлекеттин жаранын жетип, иштеп жаткандыгы өтө коркунучтуу кылмыш экенин айтып чыкты

Т. Мамытов: “Азыр Сулейманов менен ассамблеянын ортосунда соттошуу башталды. Ал бизди сотко берди. Мен процесс убагында анын казак жарандыгын аныктаган документтерди алып барам.

Сулейманов 2010-жылы Казакстандын жарандыгынан чыкканмын деп жатат. Жарандыктан чыгып аткан учурда Казакстандын президентинин жарлыгыны атайын номуру берилет. Кана ошол документ жана жарлыктын номуру ?  Ошондой эле Кыргызстандын президентинин аны жарандыкка кабыл алган жарлыгы кана”- деди?

Канткен күндө да юридиканы, жарандыктын мыйзамдык шарттарын семичкедей чаккан Токон мырза Б. Сулеймановду чөгөлөтпөсө болду.

Эске сала кетсек, буга чейин  2010-жылы  фракция лидери Камчыбек Ташиев менен Бахадыр Сулеймановдун ортосунда жарандык тууралуу уруш чыкканы маалым.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.