Мусулмандар дин башкармалыгында түзүлгөн атайын комиссия былтыр ажылык сапар үчүн чогулган акчаны ийне-жибине чейин эсептеп чыкты. Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиевдин колу коюлуп, Аалымдар кеңешинин “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланган документте чогулган акча кандай которулганы жана ушул тапта анын канчасы кемип турганы кенен жазылган.

2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9526 адам катталган. Мунун ичинен 5519 зыяратчы ар бири муфтияттын банктык эсебине 3350 доллардан төлөшкөн. Натыйжада чогулган жалпы 11 418 200 доллардын 1 894 155 доллары кемип турат. Былтыр пандемиядан улам ажылык үзгүлтүккө учурап, зыяратчылардын акчасы иштетилбей калган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.