Коом

Депутаттарга көрүнбөй, "куса" кылган Алина Шаикова

16-04-2018 16:50 67

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин депутаттары Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын үстүнөн арыздануу ниетинде турушат. Алар аталган кызматтын жетекчисинин комитеттин жыйынына келбей жатканына нааразы болушууда. 

Аталган комитеттин төрагасы  Айтмамат Назаровдун айтымында, депутаттар МККнын жетекчиси Алина Шаикованын жүзүн көрүшө элек. 

"Эгер ал дагы комитеттин жыйына келбей, тоң моюндук кыла турган болсо, биз премьер-министрге арызданабыз", - дейт депутат. 

Комитеттин бүгүнкү жыйынына чакырылган аткаминерлерден  экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын башчысы Канатбек Муратбеков да келбеди. Муратбековдун  дарыланып жатканы айтылды.  

Бүгүнкү жыйында премьер-министрдин 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн баяндаган отчету каралмак. 


Булак: NewTV 

 

Бардык укуктары корголгон.2018
ОсОО «2 канал» © NewTV.