Коом

Окуучулардын мектепке телефон көтөрүп келүүсүнө тыюу салган токтом долбоору даярдалды

16-04-2018 12:23 77

Токтом долбоорун депутат Махабат Мавлянова даярдаган. Ал Жогорку Кеңештин социалдык саясат жана билим берүү комитети тарабынан каралат. 

Автордун айтымында, долбоор мектеп окуучуларынын билим алууга ынтызарлыгын күчөтүп, адептүүлүгүн арттыруу максатында сунушталууда. 

"Смартфондор мектеп окуучуларынын дээрлик баарында бар. Ал аркылуу балдар интернеттеги терс таасирлерди сиңирип алып жатышат. Телефонго азгырылып, мектепте сабакка да көңүл кош болушат", - дейт авторлор. 

Ошондой эле бул токтомдо мектеп окуучуларынын ачык кийинүүсүнө салынган тыюу да бар. 

 

Булак: NewTV

Бардык укуктары корголгон.2018
ОсОО «2 канал» © NewTV.