Коом

Ленин районунун 200дөн ашуун тургуну Бишкектин деталдуу планына каршы

16-04-2018 13:35 7

Ленин районунун жашоочулары борбор калаанын деталдуу планына каршылык билдирип, 200дөн ашуун кол чогутушкан. 

Бул тууралуу калаанын деталдуу планынын  коомдук талкуусунда белгилүү болду. 

Каршы чыккандардын айтымына караганда, план боюнча эски имараттар түрттүрүлөт. Ошондуктан, алар өз турак-жайлары үчүн  коркуп жатышат. 

 Алар турак-жайдын акыбалы кандай талаптар менен аныкталаарына кызыгышты. Курулганына көп убакыт болгон үйлөр эскилиги жеткен деп түрттүрүлөбү деген суроо коюшту. 

Ал эми архитекторлордун айтымында, бул алардын жумушу эмес. Мындай талап менен тийиштүү кызматтарга кайрылуу керек. 


Булак: NewTV 

Бардык укуктары корголгон.2018
ОсОО «2 канал» © NewTV.