Коом

Фрунзе шаарын түптөгөн мэр Абдыразак Мокенов: Бишкектин "жашыл шаар" статусун сактап калуу керек

14-04-2018 09:59 115

Бишкектин жашыл шаар деген статусун сактап калу керек. Бир мезгилде жапыз үйлөр, саналуу эс алуу жайлары бар, бирок, жапжашыл болгон кичи калаанын жыл өткөн сайын инфраструктурасы кеңейип, өзгөрүп баратат. Фрунзе шаарын өткөн кылымдын 80-85-жылдары башкарган Абдыразак Мокенов борбордун түптөлүүсүнө опол тоодой салым кошкон. Айрыкча, ал азыркы Эркиндик бульварындагы дарактарды кыйып, көп жылдык бак отургузушкандыгын эскерип, эми минтип калаа тургундары эс алуучу чоң бакка айланына кубанганын жашырбайт.   

Абдыразак Мокенов – Бишкек шаарын союз маалында башкарган мэрлердин бири. “1980-85-жылдары ошол мезгилдеги Фрунзеге башчы болгонум жакшы учурга туш болду”, - деген каарманыбыздын үйүнө барганыбызда, ал учурдун аткаминерлери сыяктуу туш тарабы кайтарууда турган, хан сарайлардын биринде эмес, элчилеп эле шаардагы көп кабатуу үйлөрдүн биринде үч бөлмөлүү үйдө тураарына күбө болдук. Муну балким союз маалында алдым-жуттум, байлык топтоо деген адаттын жоктугуна байланыштырсак болот.  

Ак - кара түстөгү сүрөттөрү менен өткөн тарыхты эскерип, Фрунзенин бир мезгилдеги абалын түшүндүрүп берген Абдыразак Мокенов учурда 83 жаштын суусун ичүүдө. Баскан- турганы шагдам, сөзү орундуу аксакал шаарды башкарып турган маалда талап катуу, мамлекет үчүн иштөө аракети күч болгонун белгилейт. Азыркы Бишкек менен чейрек кылымдан ашуун убакыт илгерки шаарды таптакыр салыштырууга мүмкүн эместигин айткан ошол кездеги шаардын аткаруу комитетинин төрагасы: “Ишмердүүлүгүм калаага ири панелдуу үйлөрдү куруу мезгилине туш болду”, - деди.      

Ошондой эле борбордун ортосунан орун алган мурунку Дзержинский, азыркы Эркиндик бульварынын түптөлүүсүнө да Абдыразак Мокенов катышкан. Сейил бакты көрктөндүрүү, өнүктүрүү үчүн бир канча куураган, сапатсыз дарактар кыйылып, анын ордуна эмен дарагын отургузуп чыгышыптыр.  

“Эң башкысы борбор калаа ыңгайлуу жерде жайгашкан. Суусу, абасы таза. Кечкисин мелүүн шамал согуп, климаты салкын тартып турат. Эми шаарды мындан да өөрчүтүп, жолдорду кеңейтуу керек. Баарынан да маанилүүсү жашыл шаар статусун сактап калуу зарыл”, - дейт Бишкектин мурунку жетекчиси Абдыразак Мокенов.  

Карылыкка моюн сунбай өзү түптөгөн сейил бактарын кыдырып жөө басууну жактырган аксакал союздан калган жайлардын жаңыланып бара жатканына кубанып, жетишпестиктерге кейип калаарын айтат.

Булак: NewTV


Бардык укуктары корголгон.2018
ОсОО «2 канал» © NewTV.