Саясат

АКШнын санкциялары Кремлди бутага алды

16-04-2018 16:30 91

АКШ президенти Дональд Трамптын адаттан тыш “Россия даярдан, менин ракеталарым учуп баратат” - деген билдирүүлөрү, ага удаа эле АКШ, Франция, Улуу Британиянын Сирияга карата атылган учуучу ракеталары дүйнө коомчулугун бир дүрбөтүп алды. Бул көрүнүштү дүйнөнүн саясый сахнасында АКШ өзүн негизги оюнчу катары коомчулукка көргөзүүгө жасаган далалаты катары сыпаттасак да болот. Акыркы учурларда күндө күнгө курчуп бараткан эл аралык абал бир жолу чыңалып барып, кайра төмөн кулагандай таасир калтырды. Дональд Трамп Сирия чабуулунан кийин Россия, Иран менен кайрадан мамиле түзүлүп калышы, же түзүлбөй калышы мүмкүндүгүн айтып, АКШ дүйнөдө экономикалык жактан эң кубаттуу мамлекет экендигин дагы бир жолу эскертип, Россияны теңине албагандай да таасир калтырды. Орус саясат талдоочулары бул кол салууларды АКШ өздөрүн жөн гана көрсөткүлөрү келишкендеги аракети катары сыпатташты.

АКШнын “мен билемдигинин” да негизги себеби бар. АКШнын башкы артыкчылыгы -экономикалык жактан эң кубаттуу мамлекет. Аскерий жагынан алганда да ядролук өлкө. Россияга салыштырмалуу жана башка артыкчылыктары огеле көп. Анын баарына токтолуунун зарылчылыгы жок.  

Россиянын негизги таянганы эле кубаттуу аскердик курал - жарактары жана ядролук өлкө экендиги. Экономикалык жактан АКШга караганда өтө эле чабал. АКШнын бир штатына барабар экономикасы бар. Ошону менен катар эле 1990 - жылдардан кийинки бир топ ички саясий, экономикалык кризистерден улам эми араңдан башын көтөрүп, сырткы саясатта бир топ аксап калгандыгы анык.  

Кыргызча айтканда, АКШнын Рооссияны бутунан чалып жыгууга болгон аракети 2014 –жылы Украина окуясынан улам башталды десек жаңылышпайбыз. Тактап айтканда, АКШ Европа менен биргелешип, Россияга карата киргизилген экономикалык санкциялары нефтинин баасынын арзандоолоруна алып келди. Рублдин наркы төмөндөдү. Көптөгөн нефтини кайра иштетүүчү Батыш өлкөлөрү менен биргелешкен компаниялар ишин токтотууга аргасыз болду. Мындай көрүнүш азыркы күнгө чейин уланып келатат. Россиянын негизги экономикалык таянычы болгон нефти өндүрүшүнө карата жасалган аракеттердин зыяны орчундуу. Бул тармакка чет өлкөлүк инвестициялардын агымы токтогонго аргасыз болду. “Газпром нефт” нефти өндүрүүдө финансылык өз күчүнө гана таянууга аргасыз.  

2017 - жылы нефти өндүрүүчү технологияларды Европадан Россияга экспортоого тыюу салынды. Дүйнөнүн заманбап нефтини өндүрүүчү технологияларын алып келип пайдалануусуна чек коюлгандыктан, өздөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жетишсиздикти жаратып келет. Айрыкча, деңиздин алдынан нефтини иштетүүгө чоң тоскоолдуктар жаралды.  

Ошону менен катар эле Россиянын Батыш өлкөлөрүнө болгон чийки заттарды экспорттоо көлөмү азайтылды.  

АКШнын экономикалык санкцияларынан “кылыбыз кыйшайбайт” деген Россия бара - бара бир топ зыян тартууларга дуушар боло тургансып туру. 2014- жылдагы кризисттен чыгууга камылгалар көрүлүп жатканда, бир аз мурдагы эле Кремлге жакын 50 россиялык миллиардерлерге карата АКШ тарабынан киргизилген экономикалык санкция бир күндүн ичинде аларга 11,7 млрд. доллар зыян алып келди. Бул да экономиканын өсүүсүнө терс таасирин тийгизбей койбойт. Улуттук валюта наркы төмөндөдү. Коомчулукта инфляциянын чыңалуусун жаратты. Россия өкмөтү жабыр тартышкан миллардерлерге канчалык финансылык көмөк көрсөтө алат, ал да суроо жаратып турат.  

Албетте, Кремль да АКШнын экономикалык санкцияларына карата чараларды колдонууну максат кылып жаткандыгы айкын. Биринчиден, АКШнын айрым бир товарларына өздөрүнүн рыногуна кирүүсүнө чек коюу мүмкүнчүлүктөрү бар. АКШ, Европадан келүүчү айыл чарба продукцияларына спирт ичимдиктери, тамеки, тамак - аш азыктары, айрым чийки продукциялар, дары -дармектер жана авия курулуш тармактарынан кызматташууну токтотуу. Америкалык айрым бир компаниялардын өндүрүштүк активдерин тоңдуруууга болот. 

АКШнын айрым бир атуулдарынын Россияга кирүүсүнө тыюу салууну мамлекеттик Думада каралып башталды. Мындай демилгени ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский көтөрүп чыкты.  

Ал эми статистикалык маалыматтарга таянсак, Россия дүйнөнүн экономикалык кубаттуу мамлекети болгон АКШга атайын сакцияларды киргизүү менен таасир эте албашы байкалат. Өткөн жылы АКШ Россияга 7 млрд. долларлык товарларын экспорттогон. Бул жалпы сыртка кеткен экспорттун 0,2 пайызын гана түзөт экен. Албетте, бул көрсөткүч өтө аз. Россия АКШга бир жыл ичинде 17 млрд. доларга товар экспорттоп, жалпы экспорттун 4,7 пайызын гана түзгөн.  

Учурда АКШнын Каржы министрлигинин Кошмо Штаттардын Орусияга каршы жаңы санкциялары жарыяланышы күтүлүүдө. АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман Россиянын Башар Асадды колдогондугу үчүн Кремлдин айланасына жакын айрым бир ири компанияларга каршы жаңы санкциялар даярдалып жатканын айтып чыкты. 

Эми мунун баары Кремлди тизе бүктүрүү үчүн жасалып жаткан аракеттер. Президент Путин дүйнөдө эрки бекем лидер катары эч качан андайга барбайт, бул бирден бир белгилүү. Орус эли “биздин ата бабалар тарыхта багынган эмес, багынбайбыз”, - дешет.  


Назаркул Жоошбаев, журналист, саясат талдоочу

Булак: NewTV  

.


Бардык укуктары корголгон.2018
ОсОО «2 канал» © NewTV.